3065 27
17.09.2019
Kiev
Мекенибиздин чек арасында ызы-чуу болуп жаткан убакытта алыста жүрсөң өзгөчө капа болот экенсиң. Чет өлкөдөгү форумда отуруп алып, биздин ак үйдөгүлөрдү вотсап менен жүдөтүп жибердим окшойт.
Соцтармактарда тажиктердин арасындагы комментарийлерди карасам, аларда кыргыздар тажик жерлерин басып алышты деген тескери маалымат кеңири тараптыр. Тажиктердин өз бийлигине унчукпайт деп ачуусу келип, мекенди коргойлу, кыргыздардан куткаралы деген ураандар тарап жатат. Аны окуп алып, ортодо эки элди уруштурган чек ара маселеси ачык согушка жеткирбесин деп тиленип отурган кезим... Баткенге барып, өз көзү менен көрүп келген коллегаларым да маалыматты Жогорку Кеңештен беришет.
Атамды атып кетишип, жоготконума 14 жыл болду, ошондуктан бир да кызыбыз атасын тынч убакытта көмбөсүн дегендерге тилектешмин. Курч мүнөздүү элимди түшүнсөм да, чек аранын үстүндө сүйлөшүүлөрдү улантуу керек дегенге кошуламын- бирок, жергиликтүү элди да аралаштырып, маалыматты чек арадагыларга толук таркатуу керектигин парламенттен айтамын.
Сүрөт бугун Украинанын Киев шаарындагы коррупцияга каршы күрөштү талкуулап, эл аралык конференциядан ой-пикирлер менен алмаштык. Украинадагы саясат менен экономикасындагы окуялары биздикине абдан окшош экен. Мамлекет, парламент тарабынан коррупцияга каршы жасалган кадамдардын эң негизгиси - электрондук ачык форматка өтүүдөгү кадамдар тууралуу айттым. Бирок, керектүү мыйзамдар кабыл алынганы менен, кагазда баардыгы жакшы көрүнүп, чыныгы турмушта болсо көмүскөй экономика, жумушсуздук азайбай келе жатканын докладымда ачык белгилеп кеттим.
Жакында шайланган мамлекет башчысы- президент Владимир Зеленскийге эл арасында талаптар жогору болуп, коррупция менен күрөшөт деген ишеним чоң. Бизге окшоп революцияны башынан өткөргөн калк, мамлекеттин аркасы менен байыгандарды бийликтен кетиребиз деп, парламенттик шайлоонун натыйжаларын сындап жаткан кези. Кыргызстан дагы 2020-жылы парламенттик шайлоодо саясатка жаңы муундардын келишин эңсеп, экономикадагы өзгөрүүлөрдү чыдамсыздык менен күткөндүгүн да сүйлөшкөнү үлгүрдүм. #БарБолгула