сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
1321   54
13.03.2020 Я мзду не беру.За Державу обидно.
Карупсиянедопустимо ыйолкиники... ****** "Бишкекте Ленин районунун үч кызматкери пара алды деп шектелиниптир. Анан тиги башкы салык органы үчөөнү тең бул эмне деген шермендечилик деп жумуштан сразым айдаптыр. ***** Анан анысы аз келгенсип чоң салыкчылар асмандан ылдый түшүп, Ленин райондук салык бөлүмүнүн жамааты менен жолугушушуптур. Жолугушууда чоңдор өмүрү мындай уят болгон эмеспиз, пара кандайча алып калды тигилер деп сурашыптыр. Как так дешипчи? - жамаат болсо биз пара деген эмне экенин билбейбиз, ал эмне өзү деп сурашыптыр тиги чоңдордон. - чоңдор айтышыптыр биз дагы билбейбиз, но карупсиянедопустимо эй! Деп катуу айтышыптыр. - тигилер баары туура туура эй сапсем недопустимо деп жооп беришиптир. Ошо менен жыйын токтоп, паранезнаю но карупсиянедопустимо болуптур достор" - деген илгерки бир жомокту балдарга берилип алып айтып берип жатсам, тартып алышыптыр.
Загрузка...
426   12
30.03.2020
*من جلس في بيته فله اجر شهيد* *"Үйүндө олтурган адамга шейиттин сообу берилет"* Айша энебиз мындай дейт: Мен Алланын элчисинен чума оорусу тууралуу сурадым. Алланын элчиси: "Чума оорусу - азап. Алла Таала аны Өзү каалаган адамга жиберет. Ал ооруну момундарга мээрим катары берет. Кимде-ким чума оорусу жайылып кеткен учурда, сообун Алла Тааладан үмүт кылып, сабырдуулук менен үйүнөн чыкпай олтурса жана Алла Таала тагдырына жазган нерселер гана болоруна ишенсе, анда ага шейит болгон адамга берилчү сооп берилет". (Бухари 3474.) Ибн Хажар Аскаланий деген аалым: "Бул хадистин мааниси, жогоруда айтылган сыпаттар менен сыпатталып, бирок ошол оорунун айынан өлбөсө да, ал адам баары бир шейит болуп өлгөн адамдын сообундай соопко ээ болорун билдирет" - деген. Чынында, бул хадис бир гана чума оорусуна эмес, көпчүлүккө тарап, элдин калың катмарына бат жайыла турган бардык ооруларга тиешелүү. Динде өзүңө жакшы көргөндү башкага да жакшы көр деген эреже бар. Өзүңө эч качан оорууну каалабайсың, өзгөнү да ойло. Жамандыктын артынан жакшылык, кыйынчылыктын артынан жыргалчылык келерине ишен. Алланын тагдырына ишенип, Андан сооп үмүт кыл. Ушул кылганың үчүн шейиттикиндей соопко ээ болосуң. #уйдобол #уйдоолтур #evdekal #посидидома