сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
939   54
02.04.2020
Бул кесипти тандаганда,ушул кесиптин аргымагын мингенде Кудай берген талантымды тартуулап, чыгармачылыгым менен Элге кызмат кылам дегем🇰🇬🇰🇬🇰🇬 Туура "Эл оозунда элек жок"деген жакшы макал бар. Бирок мен Элимдин мактоосуна дагы,жактоосуна да, соккусуна да чыдайм жана көтөрөм дегем.Менин кесибим ушундай.Эл оозунда,Эл көзүндө, Эл сөзүндө дайым жашайм. Менин жүрөгүмдөгү урааным "Элим бар Мен бармын,Элим жок Мен жокмун" деген ураан🇰🇬🇰🇬🇰🇬 Ошол үчүн Элим бай болсун,бейпил жашоодо жашасын,жакшылыгына кызмат кылайын,жазган ырым жакшылыгында жаңырсын,жакшы маанай тартуулаган ыр болсун деп Жараткандан чексиз суранам🙏🙏 Сиздер мага кандай сөз айтсаңыздардагы "Мен сиздерди жакшы көрөм" 🤗🤗🤗#кыргызстан🇰🇬🇰🇬🇰🇬 #кыргызааламы🇰🇬 #жакшысөзжанэргитет😍 #жакындажаңыыр💫✨🌟🎶🎵 #жакшыадамдар🤗🤗 #өмүркеремет🎶🎶💥🔥 #жашоокеремет #жакшылыктар🤩 #бишкек🇰🇬
175   8
01.04.2020 Biskek , Kyrgystan
Талант доско. Арзан жаш эмес алтымыш, Аркаңа жүгүн артыныш. Антсе да досум айтаарым, Ар иште болбо жалкымыш! Кемпирге кылбай салкын иш, Келинге болбой тартымыш, Калыссың досум ар дайым, Кандай да болсо шартыбыз! Унутпай сактап жалпыбыз, Улууну сыйлоо салтыбыз. Ушундай пейилиң бар үчүн, Урматтайт сени калкыбыз! Жаш өткөн сайын - кайтымыш, Жаныңды багып жай тыныш. Жатсам да үйдөн чыга албай, Жазганым куттук айтымыш. Жеткениң болсун жетимиш! Желе албай калган этимиш, Болгун да, бир күн байкатпай, Сексенге жаса секириш! Калса да кандай бекип иш, Болгонуң менен жекимиш, Кеңешин угуп турганга, Кемпирди болбос кетириш? Сексенди жашап темине, Серепчи болуп элиңе, Токсондун баргын белине, Айланбай вирус жемине! Ошентип өмүр күз болсун, Оорубай жашың жүз болсун! Куттуктайм досум аман бол, Кудайдын көзү түз болсун!
Загрузка...