421 4
15.06.2020
Кең Саз жайлоосу. Кезинде Темирин кытайларга каздырбай койгон элдин жайлоосу! Сатып пайда көрөм дегендер мекендин сыртында саргайып жүргөн болсо, Темир чыккан аска зоолордо буркан шаркан булак чыгып, дайра болуп, балыктар эркин сүзүп, Карагайлар колун төшүнө алган ак сакалдай ырахматын айтып, сыдырым жел тентек баладай, эч нерсе менен иши жок чуркап ойноп, табият сакталып калды.
Төрүңө кудук каспасын
Төбөңө камчы чаппасын
Шайлоодо тандап алганың,
Шашабашка кылып жатпасын.
Төбөгө мүйүз чыккан жок
Кумтөрдүн алып акчасын.
Өзгөдөн анча зыян жок,
Өкмөттөн кудай сактасын!