1841
21.10.2019
Instagram HQ
Ура, достор! Менде сонун жаңылык! Кыргызстанда акча табуу маселеси чечилди! Акчадан кыйналып, бушайман болуп атсаң түз эле Элит Хауз курулуш компаниясына бар. Бир эле шарты Элит Хауз деген жазууну бир бош жериңе жазып алышың керек болот экен. Башыңа, чекеңе, колу-бутуңа, айтор бир бош, элге көрсөткөнгө ыңгайлуу жериңди көрсөт. Ал жериңе жазууну жазат экен палчайта, анан оңдолбогон жериңдин баарын ремонттоп, зыңк кылып берет экен! Коркпогула, өмүр бою эмес экен, үч эле жыл жүрөт экенсиң.
******
Керемет эл, керемет жер! 🙂