сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
1618  
04.11.2019
Темирнатор! ****** Бизде ыспорт залда Урмат деген жигит бар. "Байке келиңиз сүрөткө түшөлү, мурда КТРКда иштеп жүргөнүңүздө өлө жаман көрчүмүн, азыр оңолуп баратасыз" - деди. Үн дебей түштүм сүрөткө Урматтын менин башымдай болгон муштуму ошол жаман башка келип ойноп кетпесин деп. Коркконумдан күлөйүн десем, күлкү жок, тыржыйымыш болдум тигинтип. Ошондон бери биздин ыспорт залда мен үчүн эки эле киши бар - бири Олеся, бири Урмат. ***** Олеся жакта оюм өлүп калган болсо, Урмат жакта жүрөгүм өлүп калган! Кээде жолугуп калып "Салом алейкум байке" деп кол сунса жалтаңдап көзүмдү итирейте жумуп барып, шек алдырбай оңдоп кетем. Же залдын аркы бурчунда Урмат колтойгон темирлерди көтөрүп "Аааа..." - деп кыйкырып атса"Ээээй Илим бери кееел нең" деп кыйкырып жаткандай угула берет. ***** Ушундай Темирнатор инилерим бар биздин ыспорт залда! Ийгилик иним! 🙂
541  
17.11.2019
Бир койноктун баяны⤵️ Бир жылдары Бельгияга иш сапар менен баргам. Борбору Брюссельде жашаган Эльнура аттуу патриот кыргыз мекендешибиз тосуп алып, кетер-кеткиче коноктогон эле, марроконец жездем экоо. Жездем кыргыз тилди суудай суйлогон, ыймандуу, меймандос анан крассапчик болчу. Анан Эльнура эже экообуз эже-синди болуп табышып колу ачык жаны, белектин турун берди. Анан каткан жеринен алып чыгып, суроттогу керемет койнокту тапшырды: "Сен койнок баалаган кыздын. Билбеске карматканчакты, сен аздектеп кийээрине ишенем" деп. Ошондон ушу кунго чейин кийип журом. Корсо, турмушка чыкканда араб эли келинге ушундай койнок кийгизип, 2 ай бою эркелетип багат экен келинди. Этеги аябай узун болчу. (Шлейф) Болгон ресторанды этегим менен тазалаганча деп кестирип салгам. P.S.: Койнокко анан шакек-сойколорго жолдуумун.😍 Белек алган да, берген да сонун! #платье #арабское #марокко #умутайабдышова #бельгия #кыргызстан🇰🇬