сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
8766     61198
01.01.2020 Crocus City Hall
“Албетте Аллах жана Анын периштелери Пайгамбарга салават-салам айтышат. Оо, ыйман келтиргендер, силер да ага салават айткыла жана толугу менен баш ийген абалда салам айткыла.” (Ахзаб Сүрөсү, 56) "Аллахумма солли ьалаа Мухаммадин набийил уммийи ва аалихи ва саллим" Ас саламу алайкум уа рохматуллохи уа барокатуху! Урматтуу мекендештер! РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНДА ЖАШАП, ЭМГЕКТЕНИП ЖҮРГӨН МЕКЕНДЕШТЕРИБИЗГЕ КУБАНЫЧТУУ КАБАР!!! Жыл сайын бүткүл ааламдын Мырзасы болгон Пайгамбарыбыз Мухаммед (ﷺ)ды жакындан таанытуу максатында МАВЛИД АН-НАБИ кечеси өткөрүлүп келет. Бул жылы да: «ЫРЫС АЛДЫ - ЫНТЫМАК» деген накыл кепке амал кылып, диндеш бир туугандарыбыздын жан-дүйнөсүн азык алып кетүүсүнө ниеттенип, бири- бирибизге болгон ынтымак ырашкерликти бекемдөө максатында КМДБнын РФ-дагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп жаткан "МАВЛИД АН-НАБИ" кечеси болмокчу! Пайгамбарыбыз (ﷺ) тууралуу акыл насаат жана сабак алуучу баяндарды Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгынын Азирети муфтийи Максатбек Ажы Токтомушев жана Кыргызстан аалымдар кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр Ажы Нарматов устаздарыбыз келип эл менен жолугушуп конок болуп кетишет . Ошондой эле Аалымдар кеңешинин мүчөсү, Хадис Академиясынын негиздөөчүсү Чубак ажы Жалилов устазыбыз мекендештерибиздин күнүмдүк турмушка керектүү, көйгөйлүү маселелерине суроо-жооп кылып кеңешин берет, Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгынын Аппарат жетекчиси Садыбакас ажы Доолов мекенден алыста жүргөн мекендештер менен дидарлашмакчы. Жыл сайын салтка айланган салтанаттуу кечени айтылуу акын Идирис Айтбаев алып бармакчы.. Ошондой эле кеченин коноктору бул күндүн эң бактылуу адамына айланышы да ыктымал, анткени умра сапарына жолдомо утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар. Андан сырткары бир канча баалуу буюмдар бактылуу орундардын бактылуу ээлерине тапшырылат. Миң уккандан бир көргөн! Андыктан баарыңыздарды келип ардактуу конок болуп кетүүгө чакырабыз. Билеттер саналуу гана шашылыңыздар. Датасы: 26-01-2020 Башталышы: 13:00 Дареги: м. Мякинино. МКАД 66 км, пав3 Международная, 20, CROCUS CITY HALL Билеттер боюнча байланыш телефондору: +7901 7713616 +7968 8845450 +7925 1231013 +7929 5028014
3190     61122
16.02.2020
Бул видеого сен мен үчүн жаратып берген образдардын жарымын гана батырдым...😇 Чыгармачылыкка кадамым сени менен башталып, сени менен уланып келе жатат.💖 "Кайда"га каякка барам, эмне кием деп көзүм чачырап келгенде, сен ырды бир угуп туруп эле образдарды тартып, тез эле кийимдерди тигип бергенсин. Бул жаатта мага крупно повезло 😇🙏 Ошондон бери клип болобу, сьемкабы, тойбу образдардан эч кам санабайм. Анткени менде сен бар 😇🤗😘 Кудайым буюрса, сен биздин өлкөнү эле эмес, дүйнөнү мода жаатында тейлеген мыкты дизайнер болушуңа ишенимим өтө чоң жана тилек кылам 🤗 Бардык менин чыгармачылыгыма кошкон салымың, колдоолоруң үчүн рахмат, Арзуш🙏🤗 Кызматташуубуз, мамилебиз арта берсин! Бүгүнкү сенин кыялыңдын ишке ашканына 3 жыл толушу менен куттуктайм, Арзушум 🤗💖😘 Бардык жамаатыңды куттуктайм!🤗🤗🤗💝💝💝 @arzubek_vonama 😘
Загрузка...