6128 198
58502
02.10.2019
Айылыма дем алыш күнү барып, элдик ынтымак, биримдикке абдан ыраазы болуп кайттым. Көп жыл күткөн жолубуз планга кирген, иштеп жаткан жолчуларга рахмат деп классташтарым бир козуну жыра тартып, талаада эле боркулдата кайнатып, тарта калышты. Алайдын суугуна чыдаш кыйын деп калың курткалардан бери белек кылдык. Анткени, бул жолдун оңдолушун өтө көп күттүк, 6-7-класста атам минген атка учкашып алып, ашар жолу менен, торпогун, картөшкөсүн сатып трактор жалдап, кетмен-күрөктөп жол чаап жаткан айылдаштарды көрүп калдым. Эл керегине жарасам эле ушул жолду кеңейтип, талаптагыдай кылганга себепкер болом дечүмүн... #janarakaev