2779 94
57995
09.05.2020
Кичинемде шууруга жакын элем. Энем экөөбүз жипке түрдүү кылып тизип алып, анан моюнума, колума тагып коер эле. Арасында көз мончогу да болчу. Түрү суук кызына көз тийчүдөй мончок тагып карачу энем. Кээде чачылып кеткенде "Көз мончокко өтүп кетти" деп коер эле. Энемдин колунан эзели түшпөгөн билериги, күмүш шакектери боло турган. Кээде колу шишип кеткенде самындап атып араң чыгарчу. Анан күмүштөрүн кийизге сүртүп, жалтыратып алат эле. Чоңойгону тагынгым келбей калды. Жалтырак - жултурактан качып, минимализмге ыктайм. Үй бүлөлүү учурдан калган алтын -күмүштөрүмдү көргүм жок. Эски энергия калып калгандай жаа бою качам. Күмүштөрүм да карарып кетти негедир. Жаңы жашоомдун урматына жаңы энергия мн алтын - күмүштөргө кызыгып карап калчу болдум. Алтын, күмүштөн сырткары жөнөкөйүн тагынсам, денемди аллергия басып кетет. Көңүлүм бир жай болуп, сакайып кетсем, өзүмө өзүм белек кылып, ырымдап алгым бар.