3751
56282
01.01.2020
Жаңы жылга жап-жаңы ыр менен 🎁🎼🎤
Көптөн бери камдап жүргөн чыгарма "Бийле, Бийле" 💃💃
Сөзү, Обону: Ташкент кызы Гүл
Аранжировка: Эркин Мээрканов
Өзүмө биринчи укканда эле жагып калган эле. 🎵🎶Ушул күнгө чейин сиздерге угузгум келип зорго чыдадым☺️
Жаңы жылга карай түнү өлкөнүн башкы каналы @ktrk_live @ktrkmuzyka дан сунуш кылуу насип кылган экен.
Анда, ыр ышкыбоздорум, кабыл алып коюңуздар 🤗🤗🤗
Бийлегенче уксаңыздар да болот, сиздерге да жагат деген үмүттөмүн 💃😇
Мен үчүн ар бириңиздердин ой-пикириңиздер маанилүү жана чыгармачыл күч берет. Андыктан күтөм 😇🤗🙏
Жаңы жылыңыздар менен, калайык калкым!🤗
_____________________________________
Сыйкырдуу түндөгү маектешим (алып баруучу) : @sydygaliev11
Чач шөкөттөө: @erlan_mamajanov
Бет ажарлоо:
@studio__aidanstyle
Өзгөчө образ:
@arzubek_vonama
Ар бириңиздерге өзгөчө ыраазычылык ✊✊✊