7607 97
34803
17.05.2020
Суудай таза, сезимтал назик гүлдөй,
Жүрөк болбос эненин жүрөгүндөй.
Биздер үчүн сүттөй ак, тоодой бийик,
Тилек болбос эненин тилегиндей,
Кетсең дагы дайынсыз кылым күтөр,
Күдөр болбос эненин күдөрүндөй.
Жатам ойлоп, ойлорум убап-чубап,
Жараткандан энеге кайрат сурап.
Жөжөсүнө кол сунсаң башка түгүл,
Сес көрсөтүп тоок деле айбат кылат.
Ойлоп турдум адамдан башка дагы,
Бөлтүрүгүн издеген Акбараны.
Балапанын уядан таппай калып,
Боюн урган бүркүттү аскадагы.
Айланчыктап уясын учкан кушту,
Туш-туш жактан аткылап жатса дагы.
Ойду омкорот, жер тырмайт, кайыр сурайт...
Бергин десең ойлонбой жанын кыят.
Көтөр десең көтөрөр Ала-Тоону,
Керек десең дүйнөнү кезип чыгат.
Кадырына эмне үчүн жете албайбыз?!
Эне байкуш бала үчүн баарын кылат.
Эгер алсаң батасын ушундайсың,
Бак табасың, эч убак утулбайсың.
Он сегиз миң ааламды сурасаң да,
Эненин бир чачынын учундайсың.
Жөө көтөрүп Меккеге алып барсан да,
Ак сүтүнөн бир түндүк кутулбайсың.
Тепсеп өткөн жериңден гүл өнүшү,
Кыйын кайра. Ушуну билеличи.
Гүл сыяктуу көңүлүн энелердин,
Аярлайлы бапестеп жүрөлүчү.
Апалар бар дүйнө өлбөй жашап келет,
Билеличи, ушуну билеличи!
НК