3241
24439
27.09.2019
Бекин Сейдакматов деген ким? А Бред Питчи?
Анжелина Жолини тааныйсызбы? Даркүл Күйүкованычы?
Нурлан Абдыкалыковду уктуңуз беле? Майк Тайсондучу?
Усейн Болтко катар Игорь Паклиндин аты эмнеге айтылбайт?
Эмнеге Дубайга, Анталияга баруу - аброй да, Таш-Рабатты, Кара-Койду, Кароол-Чокуну көрүү максат эмес? Аясофияны көрсөк мактанабыз, Буранабызга маани бербейбиз?
Өзүбүзгө үңүлөлү, өзүбүздү тааныйлы! Өзүбүздү билели, үйрөнөлү. Биз ошонубуз менен элбиз, улутпуз...
"Өзүңдү тааны!" долбоору башталды, буюрса.
Биринчи конок - актер Болот Тентимишов болду. Кочкор жергесинде абдан пайдалуу жолугушуу өттү. Эмки конок - жакында эле эл акыны болгон белгилүү калемгер Карбалас Бакиров. Токтогулдун Бел-Алдысында, буюрса, эртең...
Өз каармандарыбыздын аттарын эле эмес заттарын, сыртын эле эмес жан дүйнөсүн аңтарып түшүнүүгө мыкты мүмкүнчүлүк... Жер кыдырып, эл тааныганга ырыстуу ыңгай. Жараткан жар болсун...
#Өзүңдү_тааны