4126
20786
17.12.2019
Казань шаарындагы айтылуу Кул-Шариф мечити. Казань кремлинин аймагында жайгашкан. 1552-жылы орус аскерлери Казанга кирип келишкенде, аларга айыгышкан каршылык көрсөткөн татар колунун башында Кул Шариф аттуу адам турган. Албетте, ал жана жөкөрлөрү – баары курман болушкан. Шаар өрттөлгөн, анда жайгашкан чоң мечит да күйүп күлгө айланган. Арадан төрт жарым кылым өткөн соң татарлар мечитти калыбына келтирүү ишин баштап, ушул керемет имарат курулган. 40 миңдей адам демөөрчүлүк кылышкан. Тарых сырдуу, тарых таасирдүү жана табышмактуу... Татарлар тамырын унутпаган акылман калк. Бизге да ушул мечитке зыярат кылуу бактысы насип болгонуна шүгүр...
#Kazan
#Kul_Sharif