687
8546
17.11.2019
Өзгөчө элбиз, өзгөчө!
*****
Бир жакыныбыз, же биртууганыбыз же досубуз башына иш түшүп, бизге келип ушундай болуп калды, жардам берчи деп келсе өлүп кетсе дагы дароо, унчукпай жардам бербейбиз. Биринчи сөзсүз бир ритуалды ишке ашырышыбыз керек. Ал ритуал бул.
*******
Чү дегенде эле мен ошондой болоорун ошондо эле билгемден баштайбыз. Сенин баштаганың эле башкача болчу. Тим эле кыйратып ийчүдөй болуп баштабадың беле деп ойда бир эзебиз. Тиги жакыныбыз турат үңүрөйүп, а биз ал улам үңүрөйгөн сайын ырахат алабыз тимеле!
*****
Экинчи стадия, ошондо сапсем башкача башташ керек болчуда деп башталат. Эй акмак! Тетигини, тигинтип эле койбойсуңбу? Ошентип койсоң азыр жыргап отурмаксың. Мен ошондо эле айткам, эчкимиңер уккан жоксуңар (качан айтканы, айтпаганы белгисиз), силер кыйынсыңарда, адамча айткан сөздү укпайсыңарда деп улантабыз. Тиги жакыныбыз андан дагы үңүрөйө түшкөн, биз ого бетер кайф алабыз. Ошентип үчүнчү ыстадияга өтөбүз.
******
Үчүнчү ыстадиябыз эми ушинтип отурабер жыргап деп улантылат. Бул вопросительный ыстадия. Мына кыйратып салыптырсың! Жыргадыңбы эми? Так гана ушуну көрмөксүң! Деп дагы ушуга окшогон көп сөздөрдү айтып, тигинин шагын жети-сегиз жолу сындырып, тебелеп, тепсеп туруп аягы эки вариант менен бүтөт: 1. Мен эми кантип жардам берем сага? Өзүм өлөйүн деп араң жүрөм! 2. Ме, карабашымды жегир, өлүп кеткир, кан соргуч, эми мээңди иштет, кайра барып ошол жакга кирип кетпей!
*****
Колдон келсе тебелеп-тепсебей эле жардам берип, колдогонду үйрөнсөк, же колдон келбесе жылуу сөзүбүздү аябай, ооз эки колдоп койсок бир жерибиз түшүп калабы? Бул дагы маданияттын көрсөткүчү. Карамдуу бололу достор.