сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
831     5840
22.11.2019
Өзүңө өзүң ЗАРЯД бер! (психологиялык кеңешим кыйналгандардын эсине) Эгерде көп сыгылсаңыз: 1 Жолдошуңуз менен ынтымакты күчөтүү керек... 2 Ибадатты күчөтүү керек. 5 убак намазга бекем болуңуз... 3 Эне өзүн өзү бактылуу кылмайынча балдары бактылуу боло албайт... 4 Психолог бар болсо жолугунуз, жок болсо айылдагы жакшы адамдар менен көп-көп баарлашыныз, беш даана психологдон жакшыраак... 5 Күчтүү имам дамла менен байланышып 7 жолу дем салдырыныз, үйгө да куран окутуп дем салдырыныз, кой союп курмандык чалуу да жакшы болот, жетим-жесирлерге этинен таратып бересиз... 6 Жүрөгүңүздү көтөртүрүп алыңыз... Үйдө көбүрөөк куран окуңуз... Китеп окуп оюңузду таза кармаңыз... 7 Фалк, нас сүрөлөрүн 100 жолудан окуңуз... 8 Керек болсо эски кийимдериңиздин баарын өрттөп салыңыз... 9 Жакшылык иштерди көбөйтүңүз... Жолдошуңуздун туугандары менен мурдагыдан да жакшы болууну сунуштайм. Айрыкча ата-энени үйгө алып чогуу отурунуз, апа деп койнуна кирип алганга аракет кылыңыз... 10 Дүйнө-байлык менен ишиңиз болбосун. Ден-соолук кымбат экенин унутпаңыз... 11 ҮЙ иштерин аткарып жатып рахат алганга аракет кылыңыз. УФФ эми идиш, эми кир, эми тамак- деп жаман көрбөй сүйүп аткарыныз... 12 Үй-бүлө менен бир жерде камалып отура бербей сейилдеп туруңуздар 13 Ушул дуаны да 5 убак намаздан соң 100 жолудан кайталаныз. Сизди жаман ойдон арылтат: Алохумма иинни аузубика минал хамни вал хазан Ва аузубика минал ажзи вал касал Ва аузубика миналжубни вал бухл Ва аузубика минголабатиддайни ва кохриррижаал.... Аллах сизден ыраазы болсун, көп жашаныз, бир тууганым. Баары жакшы болот буюрса.... 22.11.2019 Идрис акын. Жума майрамыңыздар менен, достор.
Загрузка...
563     5823
09.11.2019
Ары жак менен бери жак... **** Өткөндө Гүлчөдөгү арканы ачуудагы кызыл лентаны кесүү жөнүндө тамаша кеп жазсам депутат байкем жазат мага, сен кыйын болсоң Жумгалга барып арка салбайсыңбы деп. Унчукпадым. Жакында Жалал-Абаддагы арканы оңдоп-түздөөгө 8 миллион кетти деп жаңылык чыкты. Унчукпадым. Ичимен эле бир ойлоп койдум минтип. ***** Жалал-Абаддагы арканы салганга 14 миллион сом кетиптир. Жакында ремонтко 8 миллион. Гүлчөдөгү арканы салганга 9 миллион кетиптир. Бери жагы эле 30 миллион сом эки эле арка үчүн кетти. Ошол аркаларды салып куру намыс, көөдөндөн башка эмне таптык? Турат жаркырап арка бери жакта, ал эми ары жакта кыйналган үй-бүлө, алыста темселеп жүргөн мигрант туугандар, тыңыраак билим алалбай, базарда тачке сүйрөп жүргөн инилер, балдар, бөбөктөр, даваат деп айлап, жылдап кудайдын анан жалгыз эненин кароосуна ташталып калган үй-бүлөлөр, тамтыгы чыккан жолдор, таза суусу жок арыкта эмне гана акпаган кир сууларды ичкен айылдар, ооруп, ооруканага жетпей сыздап жаткан жандар, арык, канал, ирригациялар бузулуп, суу жетпей соолуп калган гектар жерлер...жана башка көптөгөн чечилбей келген маселелер. Бирок бул маселелер ары жакта, бери жакта жаркыраган арка.. ***** А биз жүрөбүз жакшы эле, крутойбуз, аркаларды салып жатабыз кычыратып. Кооз. Эл айтып жатат баягы баланчанын баласы салдырды, депутат, эмки мөөнөткө дагы коём деп жатат дешип. Баталарын берип жатышат. Карачы арка сонун болуп калбадыбы тим эле. Кирип чыкканда башка айылдарга уят болбой, жаркырап.. А көрө албагандар сүйлөй берет былжырап, кыйын болсо Жумгалга салып алсынчы өзү ушундай арка - дешет бери жакта. ***** Жүрөбүз анан ушинтип ары жак менен бери жакта.