537
5248
13.11.2019
Өзгөчө элбиз! Өзгөчө! ☝️☝️☝️
*****
Биз кызык элбиз. Тоого чыгып, эс алып, денсоолукту чыңдап, денеңди өзүнө келтирип, спорт менен машыгып, таза аба жутуп, жакшы энергия, күч дем алганды түшүнбөйбүз. Айтабыз "Тетиги тоо-ташты аралап мээси айнып жинди болуп калыптыр. Бул соо эмес кызматтан кеткенден кийин" - деп.
******
А мен тойдо былтыйып, курсакты беш кат кылып бүктөп коюп, чиренип, эки колду көкүрөкгө кайчылаштырып, мыйыгымдан жылмайып, утур утур казы, карта, чучуктан сугунуп коюп, өкмөттү өзүмдүн тим эле эбегейсиз бийиктигимден боктоп коюп отурсам - "Илим келиптир, өңүнө келип, зыңкыйып калыптыр, отурду сый урмат көрүп, мээси иштейт эмеспи, ошону өкмөткө алып барса далай нерсе чечилмек" - деп айтабыз.
*****
Эх кайран! Өзгөчө элбизда негизи, өзгөчө!