Аалы Туткучев
@aaly.tutkuchev
Аалы Туткучев

Подписчики: 53029
Посты: 42
Подписки: 41
КР эмгек сиңирген артисти, Ч. Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын ээси, "Эл ырчысы Эстебес" тобунун көркөм жетекчиси, төкмө акын.
Загрузка...
Күйгөндөн чыккан сөз.

Загрузка...
4075   162
22.08.2020
(5) ЖАКШЫ СӨЗ АЙТКЫМ КЕЛЕТ Бирөөгө өтө оор операция жасоо керек болуп Сабыр Жумабековго кайрылышат. Операция оор болгондуктан колдонуучу каражаттары 3000$ турат, алып берсеңер бекер жасап берээрин айтат. Бейтаптын туугандары Кыргыз медицинасынан шекшип, Алматыда 6000$ га эң мыкты жасайт экен, сапаты жакшы үчүн акчасы кымбат ко-дешип, Алматыдан жасатат. Операция ийгиликтүү бүткөнүн угуп, ыраазы болгон туугандары беткапчан чыгып келаткан врачты коридордон тосуп, ырахмат айтышат. Врач кичи пейилдик менен ийилип бет кабын чечсе Сабыр Жумабеков экен. Башка өлкөлөрдүн суранып чакыруусу менен барып операция жасап, лекция окуп тураарын билебиз. Көрсө, биз баркын билбей жаткан бул адам, атанын гана уулу эмес Азиянын, эненин гана уулу эмес Европанын уулу болуптур да. «Басмайылдын кысканын, Ээси билбейт ат билет. Эр жигиттин кадырын, Эли билбейт жат билет»-деген ушул го. Кошунанын коло шакегине кызыкпай, колубуздагы алтынды баалай билели. P.S. Байкенин наамдарын жазсам өтө көп экен, узун текстти жаштар окубай койот-деп жазган жокмун.
2315   60
21.08.2020
(4) ЖАКШЫ СӨЗ АЙТКЫМ КЕЛЕТ Академик, профессор, КР илимге эмгек сиңирген ишмери Мамбет Мамакеев. Бул адам бата алган адам. Апасынын курсагында кезинде Кыдыр аке бата берген экен. Көптөгөн шакирт өстүрүп, 120 дан ашык илимий иштерди ачып, 30,000 ден ашык операция жасап, азыр да 93 жашында күнүнө бештен ашык операция жасаганы “Колуң менен тең кары”-деп элдин берген батасы эмей эмине?.. Орусча бир сөз билбей борборго келип, жалгыз тери шымын отко кактап биттен арылтып, ат көтөргүс азап менен ушул даражага жеткеничи? “Хирургдун кандай экени эки эле күндө билинет, же ары кылат же бери кылат”-дейт бир интервьюсунда. Көп кыймылдап, сергек жашоону кеңеш берет. Курсак байлаганды жактырбайт. Анткени, өз ден-соолугу начар докдур башканын ден-соолугуна кантип кам көрө алмак. Бир накыл кепте “Жаштар өздөрүн акылдуу ойлошот, алардын акмак экенин улуулар дайым билип турат”-дейт. Билимдүү жаштарыбыз көп, бирок, Мамбет атадай тажрыйбасы жок. Аксакалдардын тажрыйбасы менен жаштардын күч кубатын айкалыштырсак келечек биздин элдики. Карысы бардын ырысы бар. Ырысы бардын жылышы бар.
2851   110
21.08.2020
(3) ЖАКШЫ СӨЗ АЙТКЫМ КЕЛЕТ КР эл артистти, Даңк медалынын ээси Бактыбек Мамытов. Эч кимге душмандык кылбасаң да сага душмандык кылуучулар четтен табылат. Бирок, бул кишинин душманы жоктой сезилет. «Адам кумурага окшош, ичине эмне толтурулса оозунан ошол төгүлөт”-дейт. Куттуктоо, каалоо-тилек, ак-бата, жакшы сөздөрдү гана сүйлөгөн адам. Демек, жүрөгү ошол нерселер менен толтурулган. Бир да киши жөнүндө жаман пикир айтканын уккандар болбоптур. Эч кимдин суранычын четке какпаптыр. Жакшылыктын символу болгон Сиздей адамдар кызыл китепке кирип калган заманда жашап жатабыз. Абай Кунанбаев: Жамандар мен жаксы-деп айхайлайды, Жаксылар мен жаксы-деп айталмайды. Жүргеннен соң бауырында күнде көрип, Таулардын бийиктиги байкалмайды-деген эмеспи. Жамандар өзүн же партиясын мактап кыйкырып жатканда, бул киши унчукпай иш жасап жатат. Оорубаңыз, көп жашаңыз! Жакшы адамдар көп болсо экен ылайым.