1395 37
27.08.2020
(7) ЖАКШЫ СӨЗ АЙТКЫМ КЕЛЕТ
Замирбек Мукашев.
Өлкөнү оңдош үчүн сөзсүз эле депутат болуш керек эмес экенин, айылда жашап саясатты көзөмөлдөп койууга болоорун бул киши далилдеди. Атка мине албагандар «Мен аттандым»-деп өзүн таанытып жатканда, бул киши эчак эле атка минип, башка өлкөлөргө өзүн эмес өлкөсүн таанытып койгон. Айыл чарбага, маданиятка, агартууга кошкон салымын өзү таптаган жорголору да көтөрө албаса керек. Көлдөн үйрөнгөн көлдөй мүнөзү жандүйнөсүнүн көлдөй терең экенин айтып турат.
Патрон, Барон, Палач сыяктуу жорголорду жолго салып, мээнетин өзү тартып, дөөлөтүн элге тарткан инсан. Аттын баркына жеткен адам элдин баркына жетпей коймок беле? Элиңиз менен эсен болуңуз! Сыймыктанабыз!