3817   165
                                              
            
            
            	
            
            
            
            
            
            21.04.2020
			
            
            
			Элмирбек ага айла жоктон коштошууга аргасызбыз,🥺 жаткан жериң жайлуу болсун.🤲🥺Жаннатың бейиштен болуп,🤲 булбулуңду бейиштен тап🤲.🥺 Мезгилдин  агымында калдактап, 
Мен да,сен да,ал карбаластап.
Агып бара жатабыз кайда,кайда....
Асыл,асыл күндөрдү чаң таштап.
Көр тирлик эй  көргө көр жетеленип,
Көрө албастык,ач көздүк ,теберлик.
Көмкөрүлүп турса да үстүбүздө,
Көрбөй койдук, көрмөксөн кете бердик. 
Жалганынан чындыгын айрый алгыс,
Оо, не деген өмүрсүң? кайрый алгыс.!
Ийинибиз тийишип турган менен,
Ийин сооруп баратат жалгыз,жалгыз.... Пенде экенбиз кантели өлүп-талып,
Периштесин пейилдин көмүп салдык.
Басып жүргөн боюнча өлүп калдык,
Байкабайбыз ошого көнүп калдык.... Алганыбыз көп болду беребизби?
Келген жээкке кетирдик кемебизди.
Күүгүм кирип келетат мен жалгызмын,
Күн чыкканда биз чогуу келебизби?
Ар адамды ар жерде арал кылып.
Арабызды коюлайт караңгылык,
Табыша албай калганча үн каталы.
Таап алалы адамды адам кылып.
ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ.