Айпери Сыдыкова 🎙
@aiperisydykova__
Айпери Сыдыкова 🎙

Подписчики: 227735
Посты: 921
Подписки: 214
Все самое лучшее приходит ко мне ❤️ По всем вопросам 📲 0227-17-88-88
https://www.youtube.com/channel/UCgV0IP7L737Te98XT70P4LQ


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
521   14
14.12.2019
Хейтерлерди интернет булактарында эмес,реалдуу жашоодо жолуктургунды элестетип корсонор да 😀 Бир хейтерди мисалга алып королу анда... Бироо жанынан отуп баратса, "чачын жарашпай калыптыр "- десе😂 Же бироого "Ото эле семиз экенсин,арыктачы" -деди,элестетип корсонор 😀...Кошунасы келин алса "бул келин деги иш кылабы?Жасанып эле эле журо бербей баланчанын келининен улгу алсан" ,салонго барып тырмак жасатып отуруп,макияж жасаган мастерге "ужас,неге мынча косметикагеы чаптайсын? " -деп,тойго кызмат кылганы келген ырчынын жанына барып "кийимин жарашпай калыптыр,стилист менен иштеш" ,конокко барып алып башка коноктордун бирине "ушул сен мага эч жакпайсын" -жана башка биз окуп жургон комментарийлерди реалдуу жашоодо барып ар кимге айтып тийише берсе 😂 Хейтерлер соц.тармактарда эле баатыр,реалдуу жашоодо жазган комментарийлерин бетке барып суйлосо бир куну болбосо бир куну колу же буту сынып же тили жок калса керек эле...
Загрузка...
445   12
13.06.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Жараткан бейиштин торун бизге ыраа коруп берген экен. Тилекке каршы биз аны барктай албай, онуктуро албай жатабыз. Айткандын оозу жаман, ыйлагандын козу жаман. Кыскасы айтсан арман коп, уксан жалган убадалар коп ... Ушундай кооз Кыргызстаныбызды онуктуруп, ушундай бейиште бактылуу жашоого умтулуп жашасак болот. Тилекке каршы , жаратылышты дагы талкалап , наристелерибизди зордуктап, аялдарды кордоп, коррупцияга малынып, коздорубуз кор ( слепой) , кулактарыбыз дулой , озубуз манкурт эле болуп баратабыз. Ушундай кок асманды тиктеп , таза абасын жутуп , булактын суусун ичип жатып алыста мигрант болуп жургон туугандарымды, досторумду, жердештеримди эстегенде ичим ачышып кетет. Алар дагы дем алыш кундору биздей болуп эс алгысы келет эле го... Бул абалга жетип калуубузга куноолуулор коп, бирок аны ондоп тузоого аракет кылгандар жок окшойт. Орусча айтканда бизге окшогон "простой смертныйлар " суйлоп- суйлоп кала беребиз, колубуздан эч нерсе келбейт. Ачыгын айтканда ашыкча суйлогондон коркосун.Нары карап кулуп, бери карап ыйлап жалган умут менен кунумдук тиричилик менен алаксып жашайбыз. Биз го омурубуздун бир болугун эптеп жашап койдук, балдарыбыздын келечеги кандай болот? Балдарыбыз кандай мамлекетте жашайт? Жерибизди талкалап, балдарыбызды майып кылып зордуктап атсак, аялдарды сабап нервден жинди кылып отурсак бизде кайдагы келечек 🤦 Кудайдан тиленээрим , оозу кыйшык болсо да байдын уулдарын эмес, элге кызмат кылчу элдин уулдарын бийликке буйрусунчу 🙏 ____ Ошентесе да жакшылыктардан, жаркын келечегибизден умут узбойм🙏 #13июнь2020
839   12
21.01.2020
Ооба,эркек аялды башкарыш керек.Бирок коп эркектер башкаруу дегенди такыр башкача тушунушот.Башкаруу десе эле-аялды иштетпей,досторуна кошпой,жасантпай,жакшы соз-мактоолорду айтпай,дос-туугандын козунчо корс тийип местасына койсо башкаруу деп эсептелинет.Озу кочолоп,дейдип же ойнош ойноп журсо да аял билмексен болуш керек.Ызылдаса токмоктош керек.Озу аз келгенсип тууган-уругуна чейин киришип,тилдеп,кемсинтсе да кулагы дүлөй,тили дудук кылып коюш керек.Антпесе подкаблучник болуп калат.Анын тукумун улап аткан аялга рахмат айтпай,башка бироонун балдарына куйумдуу болуп корунушот🤢🤢🤢_________ Уй-було курган эркек-бак тиккен багбандай эле.Момолуу дарактын ашыкча өсүп кеткен бутактарын ойду-келди кыркып бутактасан момосу начар болуп калат.Туура кыркып бутактасан,какшатпай суугарсан,бакты анырайтып ачып коюп тууганындан баштап итине чейин талатып бербесен,момосун жулкуп жерге кагып салбай,абайлап колун менен терип алсан ошол сага момолуу жана суйуктуу дарак.Ошол сага-башкаруу.Туура башкаруу! Бироонун багып,чонойтуп койгон даяр кызын айга тенеп уйлонуп алып,аны кайра жер менен жер кылып басынтып,башынан тарбиялайм десенер адашасынар.Сындырып салышынар мумкун,бирок башкадан тарбиялай албайсынар.Силер менен эптеп эле балдары учун,ошолорду чонойтуп алыш учун эле жашап калышат.Аны коргон кызынар бул дуйнодо жакшы багбандар бар экенин билбей чоноет... Жаман багбан озунун багын сындырып,кууратат.Андан да жаман багбан жакшы багбандын кооз багына коз артып (подкаблучник деп) анын да багын сындырганга аракет кылат...