Айпери Сыдыкова 🎙
@aiperisydykova__
Айпери Сыдыкова 🎙

Подписчики: 227735
Посты: 921
Подписки: 214
Все самое лучшее приходит ко мне ❤️ По всем вопросам 📲 0227-17-88-88
https://www.youtube.com/channel/UCgV0IP7L737Te98XT70P4LQ


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
1950   154   28772
05.03.2020
Бугунку 5-март Ак калпак майрамынзыдар менен куттуктайбыз! Байыркы улуттук ак калпагыбызды ар дайым бийик жана таза жерде гана сактайлы!Белекке берсек дагы калпагыбызды барктай турган адамдарга берели.Бул майрам жакшы денгээлде белгиленип,убакыт откон сайын улуу майрамага айланышына тилектешмин! #5март_аккалпаккуну2020 ______________________________________________ Бул видео-куттуктоону алдын ала 29-февраль куну сиздер учун тартып койгон болчук.Балам чоноюп калган экен,Ак калпак майрамы жонундо кызыгып сурап калыптыр.Кече дагы "мама,эртен видеону инстаграмга жуктогонду унутпаныз " - деп эскертип да койду 😀 .Озунун инста-баракчасын да белгилеп коюшумду суранган эле.Бирок, баракчасы жакындар учун гана белгилуу болуп жана жабык бойдон калса туура болсо керек...Баламдын чын журоктон даярданган куттуктоосун кабыл алып коюнузудар.Дагы бир жолу майрамыныздар менен! ❤️ _________________________________________________ Балам эмне кылса кызым да кайталайт.Балам куттуктап атса кызым деле кошулуп суйунуп алган болчу 😀 .Балам да кызым да камерадан сурдошпойт,течкерисинче жакшы коруп оздорун эркин сезишет.Видео,сурот тартуу биз учун кыйынчылык жаратпайт 😅❤️❤️
1475     26990
09.10.2019 Kara-K\u00f6l
"Жашоо кыйын,мен да оной эмесмин" -деп коюп убакытты эсептеп атып омурубуз ото берет экен.Биздин баш кошконубузга бугун 9 жыл болсо,кимдир бироолор эсептегени бармактарынын саны жетпей чогуу жашап койгон коп жылдарын эскерип майрамдап жатышкандыр.09.10.2010-ушул кундо уйлонгондорду куттуктаймын 🤵👰💕 Биз 2010-жылы уйлонуп,ары-бери которулуп- Ошто жашадык,Ала-Букада жашадык,жолдошум Москвага окууга кетсе экообуз эки жакта жашадык(мен Кара-Кулда жана Ошто балам менен жашадым)андан бери жашообуз Бишкек шаарында.Мындан нары жаратканым кайсы жакка ырыскыбызды чачып,кайсы жактан эмнени буйруганын билбейбиз,бирок дагы деле буйруганын коробуз🙏 Турмушка чыгып жатканымда жолдошум "старший лейтенант" болчу,азыр "подполковник" болуп калды.Ишиндеги ийгиликтери канчалык денгээлде канаттандырат жана жанында колдомуш болуп жургонумдун таасирин бир кудай жана озу билет...Мумкун 9 жылда начар аял болуп жолдошумдун ийгиликтерин бууп салгандырмын,мумкун эн жакшысы азыркысы болуп жаткандыр...Кандай болсом дагы эки баланын апасы болдум😁Чыгармачылыгым аксап калганын озумо коп айтышат.Бирок,жолдошум менен тен жарышып карьера жасасам бугунку кундо эки баланын ата-энеси болуп,мектепке жетелеп барганга жетишет белек же жокпу билбейм...Мумкун эки нерсени чогуу алып кете албаган алсыз аялдырмын...Негизи,жолдошумдун аялы болуш кыйын 😁😁Себеби,военныйдын аялы болуш ото кыйын😁 Офицерлердин аялдары окуп калса мени толук тушунушот😁 .Туболук бакыт жок,бактылуу кундор бар.Бактылуу кундор коп болуш учун коптогон китептерди окуйбуз,изденебиз,улуулардан улгу издейбиз.Бирок,бактылуу кундорду,бактылуу сезимдерди жакындарыбыздын колдоосунан гана таба алат экенбиз.Алардын колдоосу жок болсо,дуйно кыдырган акылмандын кенеши дагы жан дуйнонду дарылай албайт. Суротко тартып же суротко тушконду жакшы коргон жанмын,тынбай сурот тартып журуп аривге коп сактай берген экенмин.Кече коруп отурсам кыйын кундорду жууп кеткен бактылуу кундор коп болгон экен.Балдардын келечеги ата-энеден,ата-эненин келечеги уй-булоодон экен. Ар бир уйдо бактылуу кундор коп болсун,балдардын кулкусу жанырып турсун!Ошондой эле ар бир аялдын ыйлаганына эмес,жылмайгагына жолдошу себепкер болсун.Ушул постту окуп жаткандарга бакыт каалайм🙏💕
Загрузка...
1014   70   19001
06.12.2019
Бул клиптеги кичинекей каармандардын бири @gulshayir_sadybakasova устатыбыздын баласы @erkinsadybakas .Жана @saikal_sadybakasova__ нын иниси Эркин .Андан бери 13 жыл отту 😀 Эркин азыр чоноюп,жогорку окуу жайда окуп жатат.А мен болсо ошол жылдары болгону 20 жашта болчумун 🤩 Клип тартуу учурунда артымда канча кол чатыр болсо (зонтики) ошончо адам кармап айлантып турушкан.Ошончо декорациянын баары филармониянын сахнасында жасалган.Тунку 10-11 ге чейин тартылганы эсимде,копчулуктун салымы эмгеги менен.Кечке кайталанган дублдар учун кечке чейин кайра-кайра бийлеп аябай чарчаганым эсимде.Анан бир сырды айтайын 😝 Бетимдеги татуировканы сулуулук салондо гелевая ручка менен эле тартып беришкен😅 Улам бийлеп атып тердей бергенимден очуп кетпесин деп кыжаалат болгонумчу 🤣 Бул клипти кече ырчы @ilgiz_abdaliev_official ютубдан шилтемесин жиберип "оозунан сутун кете элек кезин экен эле " -деп айтса анан эстеп кетип,ностальгия болуп озумчо болуушуну туура кордум 😊 Ошентип кече "Ак куулардын арманы" ырын жуктоп,бугун ушул ырды болушуп отурам.Азыр чыгармачылыкка баш отум менен кире албаганымдын себеби уй-буломду биринчи орунга коюп алганымда.Албетте чогуу алып кетсе болот,бирок ал нерсе мен учун телефондон суйлошкончо катуу ылдамдыкта машинаны айдаган айдоочудай эле сезилет...Мен учун кандайдыр бир дегеээлде тобокелдике салуу (риск) болуп сезилет...Жай жургонумдун себеби да ушул...Эн негизгиси эч нерсеге окунбойм 💃