445 12
13.06.2020
Bishkek, Kyrgyzstan
Жараткан бейиштин торун бизге ыраа коруп берген экен. Тилекке каршы биз аны барктай албай, онуктуро албай жатабыз. Айткандын оозу жаман, ыйлагандын козу жаман. Кыскасы айтсан арман коп, уксан жалган убадалар коп ... Ушундай кооз Кыргызстаныбызды онуктуруп, ушундай бейиште бактылуу жашоого умтулуп жашасак болот. Тилекке каршы , жаратылышты дагы талкалап , наристелерибизди зордуктап, аялдарды кордоп, коррупцияга малынып, коздорубуз кор ( слепой) , кулактарыбыз дулой , озубуз манкурт эле болуп баратабыз. Ушундай кок асманды тиктеп , таза абасын жутуп , булактын суусун ичип жатып алыста мигрант болуп жургон туугандарымды, досторумду, жердештеримди эстегенде ичим ачышып кетет. Алар дагы дем алыш кундору биздей болуп эс алгысы келет эле го... Бул абалга жетип калуубузга куноолуулор коп, бирок аны ондоп тузоого аракет кылгандар жок окшойт. Орусча айтканда бизге окшогон "простой смертныйлар " суйлоп- суйлоп кала беребиз, колубуздан эч нерсе келбейт. Ачыгын айтканда ашыкча суйлогондон коркосун.Нары карап кулуп, бери карап ыйлап жалган умут менен кунумдук тиричилик менен алаксып жашайбыз. Биз го омурубуздун бир болугун эптеп жашап койдук, балдарыбыздын келечеги кандай болот? Балдарыбыз кандай мамлекетте жашайт?
Жерибизди талкалап, балдарыбызды майып кылып зордуктап атсак, аялдарды сабап нервден жинди кылып отурсак бизде кайдагы келечек 🤦 Кудайдан тиленээрим , оозу кыйшык болсо да байдын уулдарын эмес, элге кызмат кылчу элдин уулдарын бийликке буйрусунчу 🙏
____ Ошентесе да жакшылыктардан, жаркын келечегибизден умут узбойм🙏
#13июнь2020