Айпери Сыдыкова 🎙
@aiperisydykova__
Айпери Сыдыкова 🎙

Подписчики: 227735
Посты: 921
Подписки: 214
Все самое лучшее приходит ко мне ❤️ По всем вопросам 📲 0227-17-88-88
https://www.youtube.com/channel/UCgV0IP7L737Te98XT70P4LQ


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
445   12
13.06.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Жараткан бейиштин торун бизге ыраа коруп берген экен. Тилекке каршы биз аны барктай албай, онуктуро албай жатабыз. Айткандын оозу жаман, ыйлагандын козу жаман. Кыскасы айтсан арман коп, уксан жалган убадалар коп ... Ушундай кооз Кыргызстаныбызды онуктуруп, ушундай бейиште бактылуу жашоого умтулуп жашасак болот. Тилекке каршы , жаратылышты дагы талкалап , наристелерибизди зордуктап, аялдарды кордоп, коррупцияга малынып, коздорубуз кор ( слепой) , кулактарыбыз дулой , озубуз манкурт эле болуп баратабыз. Ушундай кок асманды тиктеп , таза абасын жутуп , булактын суусун ичип жатып алыста мигрант болуп жургон туугандарымды, досторумду, жердештеримди эстегенде ичим ачышып кетет. Алар дагы дем алыш кундору биздей болуп эс алгысы келет эле го... Бул абалга жетип калуубузга куноолуулор коп, бирок аны ондоп тузоого аракет кылгандар жок окшойт. Орусча айтканда бизге окшогон "простой смертныйлар " суйлоп- суйлоп кала беребиз, колубуздан эч нерсе келбейт. Ачыгын айтканда ашыкча суйлогондон коркосун.Нары карап кулуп, бери карап ыйлап жалган умут менен кунумдук тиричилик менен алаксып жашайбыз. Биз го омурубуздун бир болугун эптеп жашап койдук, балдарыбыздын келечеги кандай болот? Балдарыбыз кандай мамлекетте жашайт? Жерибизди талкалап, балдарыбызды майып кылып зордуктап атсак, аялдарды сабап нервден жинди кылып отурсак бизде кайдагы келечек 🤦 Кудайдан тиленээрим , оозу кыйшык болсо да байдын уулдарын эмес, элге кызмат кылчу элдин уулдарын бийликке буйрусунчу 🙏 ____ Ошентесе да жакшылыктардан, жаркын келечегибизден умут узбойм🙏 #13июнь2020
439   11
21.06.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Акыркы учурда коп аялдар куйоосу тараптан кор болуп жатышканын кундо жанылыктардан коруп калдык. Анан кыргыздын эркектери максимум жаман корунуп атат. Ал эми жаш кыздардын турмушка чыгышына да ишеними азайып, сестенип башташты. Эркектин баары жаман эмес. Куноо эки жактан кетет , тагыраагы бизден дагы кетет. Мен деле куйоом менен урушкан учурларым болгон. Озумду айдан аппак сезбейм. Кемчилигимди билем, бир суйлосом токтой албайм калам. Кудай аялдарга тилди берген экен, соогу жок экен тилди башкара албай калат экенбиз. Эркектер колу -бутун башкара албай чаап ийишет экен (менин куйоом чаба элек, чапса жабышып турбай калсам керек😀 ) Ажырашуу башталса мулкторду, балдарды болушуу созсуз башталат. " На войне все средства хороши " - дегендей эки тарап тен утулуп калбаш учун шайтанга жетеленип кетет экен. Ушул учурда эркек аялдан же аялы эркектен оч алганга жетишпей калыш учун мыйзам жакшы иштеш керек, психологдор аралашыш керек. Тытышып аткан эки адамдын ажырашуусун жонго салыш учун же мирным путем бутуруу учун кандайдыр бир даяр программалар болуш керек (мамлекет тараптан) Адамдын журум - туруму, мунозу - ошол учурдагы абалына жараша болуп озгоро берет. Кызуулукка, ачууга алдырып жаткан адамдар менен ишибиз дагы жок. Качан бир тарап катуу жабыркаганда , интернетте жайылганда анан оозубуз ачылып эле жанылыктардан окуп куноолуулорду издеп калабыз. Мамлекет тараптан жакшы чаралар уюштурулбаса, каралбаса анда озубуздун эле ак чачтуу ак сакалдарыбыз бар, созу отумдуу тууган- уругубуз бар. Ошолор деле жакшылап зыян келбегидей кылып аралашса болсо керек. Бизде тескерисинче " кеткен келин жаман " - болуп двойной эффект менен атака ( чабуул) болуп кетет. Ал атакадан баягы эле балдарыбыз жабыркайт! Кудай сактасын , бирок ушундай оор сыноого ар бирибиз кабыл болуп калышыбыз мумкун! Урушканга куюшкан болбой, куулоп кучотпой ,тескерисинче жараштырганга , алдап- салдап сабырдуулукка чакыралы.
Загрузка...