9921
28.11.2019
Зомбилэнд😩
Биз билинбей зомби болуп баратабыз
Баш шылкыйып, өзгөрүлүп "осанкабыз"
Кыздар, балдар, эже, байке, апашкабыз
Интернетке жиби жок байланганбыз
Ооруп калсак Googlедан карап иймей
Базардан эмес интернеттен кийим киймей
Баарыбыздын эсибизди ээлеп алган
Керек болсо ошол жактан эрге тиймей
Кожойкелер үңүлүп тамак жасайт
Бүт издеп, кеңеш сурап, бала карайт
Өзү үлгү болуп атып аны билбей
Балдары чукуп атса уруп сабайт
Көчөдө, машинеде, жумушта да
Жолугушуу, жатканда, турушта да
Телефондон баш чыгарып тынчыйбыз го
Эске келип - бирөө жарым урушканда
Интернеттин албетте пайдасы бар
Бир убакта жерде болуп анан айдасыңар
Бирок, өмүр өзү кыска экен
Балким ал өмүрдү жандуу баарлашууга байлайсыңар?!
🥺🥺🥺🥺🥺
Зомбилерди белгилегиле‼️✅