Актан Рыскелдиев
@aktan_ryskeldiyev
Актан Рыскелдиев

Подписчики: 996695
Посты: 542
Подписки: 60
📝 @1.1studio 🎤 @1.1events 📺 @koshuna_tv 🎭 #ЭркеСары 🔈 @bloggersmedia.pro Реклама же сунуш болсо: 👉 Direct же 0700299099 _ YouTube каналым👇
https://www.youtube.com/channel/UCxMxPCqeoGEL9wtyTsMBKVQ


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
6653  
20.10.2019
Бир тойдо бардык эмоциялардын баарын жон териң менен сезип чыгасың. Стресске чыдамдуу болуу керек алып баруучулар. Чын! 🥴 Мандраж - Тойдун алдында 🧐 Кызыгуу - Канча белек бар экен, стол кандай экен деп 🤓 Сүйүнүч - Тойду жакшы баштап алганда 😎 Сыймыктануу - Тамашалар өтө баштаганда 🤔 Кабатырлануу - Элдер көпкө тост айтканда 😱 Таң калуу - Бирөө сонун тост айтканда 🤗 Кубаныч - Биринчи антракт 😍 Бир кызык сезим - Сулуу кыз көргөндө 🙃 Беймарал - Элдер жакшы бийлеп жатышса 😉 Күчтүү сезим - Конкурс алдында 🤪 Эйфория - Элдин боорун эзип атканда 😳 Шок - Бирөөнүн өзгөчө өнөрүн көргөндө 😒 Көңүл калуу - Жанагы сулуу кыз кетип калыптыр 😨 Коркуу - Микрофон же аппаратура бир нерсе болгондо 🤔 Санаа тартуу - Той өзүн актайбы ыя? 😜 Жыргализм - Экинчи антракт 😠 Кыжаалат болуу - Эт кечигип атат дегенде ☺️ Жүрөк тынч - Бата алдында 🤩 Уатять - Той ээси мактап атканда 😋 Уялуу - Той ээси слишком мактап атканда 🤤 Ыраазычылык - Расчет кылып атканда
Загрузка...
4802  
03.10.2019
#ЭркеСары💛 Мен негизи жашоодо өтө бат сүйлөйм. Жанымда жүргөндөр билет го. Ал эми дикциям кичинекей кезден эле жаман болчу. Мисалы, азыр деле сүйлөп атканда кээ бир сөздөрдү чайнап салам. Искусство институтуна тапшырып атканда, КТРК алдындагы Академияда окуп атканда, Тамашоудо ойноп жүргөндө дагы алып баруучу болом деп ойлогон эмесмин. Чын! Буюрбасын апей! Эл алдына чыкканда, жаңыдан той алып баштаганда эки адамдын сөздөрү мээмди силкинтип, тилиме, дилиме дем күч берди эле. - Актан, сенин энергетикаң ушунчалык күчтүү, элдин эмне каалап атканын аябай сонун сезесиң, импровизацияң дагы жогорку деңгээлде! Бир проблемаң бар - ДИКЦИЯң. Ошону ирээтке келтирсең сага баа болбойт! Дешчү эле! Ушуларды эки адам тең бирдей айткан. Ойлондум, издендим, машыктым, үйрөндүм. Сүйлөө техникам акырындан жакшырды. Эми өзүм үчүн да. Башкаларга кандай билбейм, мен ичимден өзүмө баа берем. Кылса болот экен. Аракетке берекет экен. Албетте, оңой болгон жок. Бирок, мени оңдоп, түздөп, акыл айтып оңго салганым дагы бар - супер келинчегим! Мен өмүрүмдө алып баруучу болбойм, менин колуман, ой тилимен келбейт деген баламын. Жакында ушул баланын, ушул эрке сарынын өзүнүн жеке телешоусу жарык көрөт. Өлкөнүн башкы телеканалында! Бул долбоорду ишке ашырып жаткан @1.1studio командасына, ар бир адамга ыраазымын. Мага ишенип атышат. Ну ж что ж! Алга Эрке Сары! 🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥 Кс, Кс! Жанагы мага дем күч берген эки адам ким деп атасыңар да ээ?! Алар: Арслан Ибрагимов Урмат Борченов💪🏻