395
07.01.2020
7-болук.Уйубуздун алдында менден бир жаш кичуу Бактыкан,мандайыбызда Гулу деген кыздар менен ойнойм,кундо кун алыс.Жолдор азыркыдай эмес,топурак.Ошол топурактан баарын жасайбыз,койчу нандан баштап,чоон,чоон уйлор....😊.Бактыкан ак конул кыз болчу,Гулу бир аз мунозу татаал эле.Кечке эле ошол Гулунун козун карайбыз,баары ошол айткандай болот.Кеч тараарыбызда эле,Бактыкан качып кетет,мен байкуш Гулуго жем.😀.Оло урат,анан созсуз бетинди же колунду тытып,анан кетет уйуно.Уйго кирем,же козум тегереги,же оозумдун тегереги,тытылып канаган,жини менен аймайт да,азыр деле козумо корунуп кетип жатат,😀.Тиштенип,кара коздору мени жек коруп,урганына алымсынбай бир эки тытып,анан чуркап да кетпейт,жай эле уйуно кетет.Мен болсо,ыйлаган боюнча калам кочодо,аны узатыып......Апам болушуп,Гулунун апасы менен кундо уруш.Минавар эже,созулган сулуу аял.Коопту торогон,эмнегедир тамакты кеч 11лерде баштачу,бизге угулат да....Апам,"жызз" дегенде..
--Минавар казанга пиязын салды эми дечу.Бизди апам 5ке жакын эле ,тамагын даярдап жедирип койчу....Эртен менен каша,эч зерикпечу апам...кагылайын апам менин.Апам барса,созулуп:
-'---Аймаса ойнобосун,келбесин,Гулуну да келтирбегиле ...деп коет.Эч жаман суйлобочу...Аман болунуз,уул,кыздардын урматына болоно бериниз.Баатыр эне!!!Тырмактын издери кетпейт экен,каршы,терши болуп кала берет экен....😀. Уйубуздун артында Маматкасымдар жашайт.Арзыбай атабыз,Зарбу апабыз.Улгулуу уй було болчу.Уйлору таптаза,короолору таптаза.Очоко чай болсо деле,чайнектери жалтырайт.Тапчандарында отуруп суйлошсо,бизге баары угулат,шандуу отурушат,кулку,куйкум создор.Кириш,чыгыш тосмо жок.Зарбу апабыз нан жапканда 1,2 самса,1,2 нанды пияз менен жасачу.Ал нандын жыты туура биздин уйго жетет.200го салып,чуркап жетем,баягы самсанын ээси мен болушум керек.Ошол тандырдын башында эле тынчытам мен,башкалар деле ошол.Апам нан жапса да,тандырдын алдында майрам,чоон чарага жаны тартылган каймак,ысык нанды туурап,мыжыкма жасап берчу,Маматкасымдар уй булосу менен баарыбызга жетчу.Эки уй було ушундай жашайт элек.Арзыбай ата,мени ар дайым башымдан жыттап,атыр,атыр деп,бешенемден ооп койчу.Мен ойлочумун,чын эле ото жыттуу окшойм деп....😀.Анан бийле десе оло бийлейм...(ул.бар)