Алтынай Нарбаева
@altynai_narbaevaofficial
Алтынай Нарбаева

Подписчики: 152715
Посты: 259
Подписки: 614
Заслуженная артистка КР🇰🇬🇰🇬🇰🇬 По вопросам выступлений обращаться к администратору📞📞📞+996501932305 +996776826444

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
333  
13.01.2020
14-болум.Баарыбыз кыздар ынтымактуубуз.Талаадагы ата-энебиздин эккен эгиндерин,ашар сыяктуу чогуу барып бутуробуз.Абдан кызык,кечке шарактап кулуп,кандай иш бутконун билбейбиз. Ошондой кундордун биринде,мен биринчи партада,мугалимдин тушунда отурчумун.Жаны окуу жайды бутуп,физкультура сабагынан Жандарбек деген агай келди бизге.Агай бойлуу,кара торунун сулуусу,чачтары капкара,кийингени да озуно ото жарашыктуу.Велосипеди менен келчу.Бизге велосипеди да жакшы корунот.Орус тилинде окуп бутконбу,айтор кыргызча суйлогондо,бир жагымдуу суйлойт да. Райондук,областтык соревнованиелерге барабыз,волейбол,баскетбол,чуркоо,узундукка секируу...ж.б.Агай бизге билимин,билгенин кооп жумшады.Ошон учун мен да волейболду жакшы ойнойм.Азыркы кунго чейин мектепте мугалимдер ойнойбуз.Ошол мезгилде узундукка секируу боюнча Дилбар экообузду даярдап,мектепте кумга секире берип,секире берип,эртеси соревнования эмес,мектепке келе албай калганбыз.....😀 Анан пахтага барабыз,баарыбыз катар жоокторго тушобуз.Чарчап отурсан эле,эже,агайлар тургузат.Белин ооруйт,тырмактарындын асты тытылат,канайт,колдорун тытылат,жарылат азап......Ошол кундору да Жандарбек агай дайым биз менен.Агайлар корунгондо теримиш болобуз,колдорубуз безилдейт.Анан эле карасак,качан болбосун,менин жоогумдун аягында агай,жардам берип пахталарды узуп,узуп,бизге карап келет.Анан эле кыздар,баштайт.Кандай бактылуусун,кана менин жоогумо тушкону,кундо сага жардам берет деп....Агайдын чатыраш костюму бар эле,озуно оло жарашчу....Бирок эч кимибизге деле соз айтпады,кыздардын баары жакшы корчубуз.Маданияттуу,интелигент,ото тыкан агай журогубуздо кетти баарыбыздын.Анан мен бир агамдын баласынын атын Жандарбек койгула деп,атын койгом .Ошол агайдай болсун деп...Баарыбыз кийин окуп,билимдуу болсок,ушул Жандарбек агайдай жигит жолукса деп,тилээр элек.Сиз бизге жигиттердин идеалы,улгусу катары калдыныз.Кийин биз окуу жайларга отуп,айылга келсек,агай уйлонуптур.Кыздар чогулуп,"Кайгылуу Какей "болдук дегенбиз.Ойлоптурбуз биздин кыздардан эле,биздин айылдан уйлонот деп,жанылыптырбыз...Эч корбодум,кийин агайыбызды.Бактылуу болсун,бул биздин балалыктагы ак,таза сезимдер болчу.Жашообуздун картасындагы бир жакшы кундорду эскеруу ...
642  
21.12.2019
7-болук.---Саламатчылык.Жузунон нуру тамып,бир мээримдуу.Силер ким?Ата-энелерденсинерби? ----Жоок,мен жаны кирип,ушул жерге 3,4ай болуп калды.Тарбия завуч.Атым Алтынай. ---Аа жакшы,мен ошол сен жонундо уккам,ошол чогулушка барбай калгам.Мен башталгыч класста иштейм.Сайра эжен болом.Анан бош болгондо кел,суйлошобуз,кучугум деди. Бир башкача сезим,апамды коргондой,бир тууганымды коргондой,мени коргоп алаар жакынымды тапкандай ото кубанып кеттим.Ошол куну эле жанына барып,суйлошкум келди,бирок тартындым... Эртеси Сайра эжем,коридордон кезигип калдык,учурашып,кучактап койду эле.Кыйналганым айтып,ыйлап алсам женилдейт элем.Бир жылуу маанайда мага конул бурган ушул эжем болду.Бир болсо ,азыр барам деп,сурай койдум,качан бош болоорун. Иш кунубуз бутту.Сайра эжеме жеттим.Мектептин жанында экен уйу. ---Журу уйго эле,деди.Уялып туруп,ким эле уйуно чакырып жатыптыр деп.. ---Макул.Бир нерсе алып алайын эже десем. ---Жоок,кучугум десе,баары бар,жур деди. Чогуу уйуно кирдик,3 болмолуу уй экен.Жасалгасы заманбап,Санта Барбара.😃👍.Баары орду менен,буюмдары,идиш,аяктары да формалары башкача....оозум ачылып,ичимен(Кудайым аай,кинодогу эле уй го,жашоодо да бар экен да,ото озгочо эже экен,мен да аракет кылам,иштеп,жакшыларга тенелем деп,жибердим.) ---Олтур,алтынкыз чай даяр.Бир жомоктогу эле периште. -- Мм.деп,отурдум.Создон,соз чыгып,ото ынак болуп,сырдашып кеттик.Корсо эжем деле келгенине 1 эле жыл болуптур.Кундо иштен кийин чогуу,эжемдин уйуно кирип,чай ичуу адатка айланды. ---Алтышка,бир пальто алып,кийип албайсынбы?Азыркы чыккан. ---Ий эжоов,кийгим келет,бирок акчам аз.Балдарга толомой,тамак аш.Мени жупуну болбой,жаркырап журушумду каалады да. ----Мен берип турам.Кордунбу мугалимдерди,баары жакшы,зынкыйышып,биринен,бири отот.Кийим деле адамдын абалын корсотот.Ал пальто,эртеге деп,акча берди. ----Мындай сумманы кантип толоп бутом. --'Ала бер,акырындан кутуласын.Алсан эле алынат,албасан кала берет.Ал кучугум,сени ото бааладым.Ото таланттуу экенсин,эми баары жакшы болот.Акырындаан.Анекдотту да катыра айтат,ырды ото мыкты аткарат.Ото ынак болуп кеттик. Анан жаны жылдык кече болду.Ресторанда.Эжем,анан мен ырдадым.(уланд.бар)
412  
21.12.2019
6-болук.Окуубузду буттук.Экинчи уулубуз торолду.Уйлуу,жайлуу болдук.Анан кайра атабыз банкрот болуп,квартирага чыктык.Анан Ошко кеттик,ал жактан менин ден соолугума байланыштуу,кайра Бишкекке кайттык.Бир мектепке кирип,библиотекасында жашадык, 6 айдай.Бош болмо,озунчо эшик.Бирок маскит деген тытып эле салат.Эртен менен турсан,ар жерин чагып балдардым,,болток,болток...Бакчага жеткирип,сабакка кетем.Рахматымды айтам.Анан эле азыркы иштеген мектептин директору мени ишке чакырды.Терен ыраазычылыгымды омур бою айтам.Башка мектепте деле тарбия завуч элем,бул мектепке деле ошол ишим менен орноштум.Келсем бир башка аура.Директор кабыл алып,муз.студия деп аталган здания бар экен,менден сырткары дагы 2 мугалим жашайт экен.Чогуу,эшиктерибиз эле башка болбосо биргебиз.Жолдошум уйдо,балдар менен,бакчага орнотуш керек,атабызга иш издеш керек.Азырынча мен эле иштеп жаттым. ---Мектеп таптаза,окуучулар окшош кийинген,полдору 11 жолу суртулот экен.Мугалимдер болсо,офисте иштегендей баары сулуу,баары тыкан,мыктылар экен.Бир кемчилиги эч ким,эч ким менен иши жок.Ар бири озунун гана ишин бутурмой.Кийин андай деле эмес экен.Ошол мектепте жудоп,эч кимди тааныбайм.Балдарды садикке орноштурдум.Атабыз ишке орношту.Мугалимдердин кенешинде директорубуз: ---Бизге жаны мугалим келди,"Спортсменка,комсомолка,анан крассавица"-деп,тааныштырды.Денем дурулдоп,кызарып кеттим.Андай созду кутпогом.Али кулагыма жанырат.Рахмаат сизге,чексиз ыраазымын.🙇‍♀️. Дагы деле кыйналам,эч кимди тааныбай.Жаны келинмин,баштан аяк сыдыра тиктегендери да болду.Орус,кыргыз тилинде окуй турган мектеп экен.Бир еврей улутундагы башкы завуч бар,ошого эле эч жакпайм.Келип,мени эле текшерип ,маанайымды тушурот.Анын иши менден башталат.Журогум сыгылат,артка жол жок.Чыдаш керек.Журогум ооруп,жылына эки жолудан кордиологияга жатып калуу онокот болду.😔.3-4ай иштеп калгандан кийин,ашканага бара жатсам,бир ото келишкен сулуу,бойлуу,чачтары капкара туйулгон,ак жуумал эже отуп бара жатат,окуучулары менен.Оо кудайым ай сулуулуктун чеги жок экен го чиркин,художник да мынчалык сулуу тарталбаса керек.Узуун койнок,сыртынан накидка ону ач жашыл,азыр да коз алдымда.Озуно жарашыктуу кийингени дагы. --Саламатсызбы? (Уланд. бар)
435  
21.12.2019
5-болук.Ошентип,эптеп бутуштун айласы,кээде кызымды которуп алам,эмизип уктатып,артка отуруп алам,уктатып,болбосо жатаканадагы кыздарга таштайм.Хорго кирем кызым менен,эжейлер тилдесе,анан кантем эми?😥деп.... Стипендия жогоркусун алам,жакшы окуйм,кызыбызга пособие,жолдошум да жогоркусун алат.Кенен жетет.Кошумча да иштей койчу атабыз.Рахмаат деп калам азыр.Кундордун биринде: ---Сен окубай эле кой,же академический ал,баары бир мен багам да дейт.😡 ----Мен биринчиден Фрунзеге турмушка чыгам деп келбегем.Жогорку билим алам деп келгем.Албайм академ.таштабайм окуумду.😡 ---Анда кызды айылга берип туралы.Акыры кондурду.😥😥Билетке жоо ,кызым колумда 3 айлык,жыты бир сонун,коздору бир чоон,озу кичине торолду 2,500гр.Ичим туз куйгандай ачышат. ----Кантип,кантип???😘😘🐣Кантип чыдайм,ыйласам козум жашы мойнумдан отуп,кызыма тамчылайт,оозума киргени да бар,туз эле....😥😰.Кокус карай албай,оорутуп коюшсачы???😥.Анан дагы кокус.....😭😭😭Жоок бере албайм дедим.Билет албайбыз.Окуумду да таштабайм.😥😰Сага экинчи айтпайм кал деп...😡.Кеттик артка...😡 ----Жоок,сенин тилин эле сайрайт.Эртеге дагы эле ушул.Эркелигинди мага корсотпо?Которгондорго корсот,жетет.Мушташып кеткенден да тайбайт экенсин.Ишенбейм сага😡.Алабыз билет.Менин уйумо десем,жок дейсин.Эжелерине берип туралы...😡 ---Эжем,кантип карайт экен?Кокус....😥😰.Балееге калам да,сенин эжен деп...😥 Билетти алдык,кайра артка жоо...Эми андан бешпетер ыйлап баштадым,кызымдын алдында бир чоон куноолумун,ооп,ооп коем.Жашым,баягыдан эки эсе,баспай калдым.😭 Ошол убакта суротчу алдыбыздан чыга калып,суротко туштук.Менин козум корунбойт,шишик,манаттай кызылмын.🐣😘😘😘😘😥 Жатаканага жеттик,5,-этаж.Араан басып чыктым.Атабыз Иван Грозный.,кабакты туйуп.... ----Абже..абже..деген ун кулагыма шак эте тушту...Карасам эжем ананайын эжем,кызын бойго жеткен,аккардеонумду берип жибериптир,бир аппак костюм кызыма.Мен келип,эшигинерди такылдатсам,эч ким ачпайт... Ошентип,мен кайрадан торолуп,кызым ак костюмду кийип,бузук аккардеондун ордуна жакшысы келип,билетти откоруп,жомоктогудай жашап калдык.Эжеме,синдиме чексиз ыраазымын.Бирок журогум баары бир таштай алмак эмесмин.Менин журогум бордон жасалган болуш керек.(Уландысы бар)
612  
21.12.2019
4-болук.Уйго маанайым жок келем.Апамдарга айта албайм,акча сурады деп.Менин энсоом,максатым"Жогорку билим".Иштеп журдум,маяна алганга келгенде эле,ыза болом.Ошолордой эле кечке иштейм,муз.тарбиячы.Анан машинканы уйронуп алып,жетекчибизге кечке жардам берем.Алар эки эсе коп,мен 65с.😊. Бирок аябай жакшы бактылуу кундор ошол бала бакчада отту.Мен оромону оло сонун,жупжука жасайм.Сабагым эрте эле бутот.Ашканага кирип,сары май,эт менен кун алыс оромо.Жетекчи,мен,методист,мед айым,завхоз чогуу тамактанабыз.Ошондон баштап толо баштадым,болбосо 48кг.болчумун.😃.Анан Кемпирабад суу сактагычы жакын,оромонун жарымын алабыз,чай,пайларын алабыз,коллектив жаштар,жалан кыздар.Сууга чомулобуз,ырдайбыз .👍😊.Машинаны кундо заказ кылабыз,уй уйубузго жеткирет.Менин айылыма 15 мунот,акырында мен жетем.Жаштыгымдагы жакшы кундорум.Апам чыныга тамак салып,термостко чай демдеп койгон болот.Озу уйкуда.Жебейм жатам,эртен менен кайра кетем.Бир да урушпайт,эмне кеч келдин?деп,корсо апам,жетимчиликтин азабын коп тартыптыр,эркиндик болгон эмес....😥.Куйоого да 14 жашында зордоп беришиптир...😔.Азапты,тагдырдын ташы ото оор болгон деп,кооп ыйлаар эле,ыйлаганда козунун астына ак сызык пайда болуп калат,ошонусуну караап,кошо кооп ыйладым....😥😰 ---Кызым,мен сага ишенем.Сен бизди багып,эшикке чыгып эркек,уйго кирип аял ишин жасап жатасын.Мен корбогонду кор,ойно,кул,бирок эки колду кудайым ,жаап жур деп берген...(эки жерди)😃.Бул улуу соз.Сенин окууга отпой калганына ото суйуном.Отпой калсын деп эле айта берем.😃Жанымдан кетиргим келбейт,сен жок болсон чолокмун.Канча жерден келди,окуйм деп,болбойсун.Барыбир максатына жетесин,айтканынды ыйлап болсо да кылдырасын...Мейли эми баарыбир кетесин,эми ак батамды беремин.Фрунзеге тапшыр озун айткандай,Ош болбоду.Бешененди ачсын,багынды ачсын .....деп...калды. ----Фрунзеге келдим,окууга оттум.Староста болдум.Айыл,чарба иштерине алып кетти.Кубанычыма чек жок.Айылга манкайып барам,окууга оттум деп.Чындык борбордо бар экен деп,мурда эле келе бербей деп,окунуп да коем. Буттум,диплом алдым.Экинчи курстан турмушка чыктым,ал дагы староста.Кийинки 3-курста кыздуу болдук.Экообуз тен очный.Урушубуз сен кал,мен кал.Откондо .(уландысы бар)
Загрузка...
419  
21.12.2019
3-болук.Кооп жигиттер ашыктык каттарын жазды.Чогуу окуган старостабыз дагы.Сабак туштон кийин окуйбуз,сабак бутсо эле жолум тосуп,откорбойт.Ото шайыр,гитара менен ырдаган жигит эле.(Бейиште болсун)кийин уксам,Москвадан улантыптыр,келип иштеп,уй було кутуптур.Анан ооруп,дуйно салыптыр.😔.Окуткан мугалим агайыбызды баардык студент кыздар суйчу,шылтоолоп эле бара берчубуз.Уйлоно элек,кычыраган,ото таланттуу агай эле.Биз кыштын куну буттук.Аппак кар,кечебиз башталды.Столдорго болуп коюшуптур,агай эжейлер менен,бизде баягыл агайдын аты турат.😊.Журогубуз тукулдоп башталды кече,агай жок.Бир мезгилде эшик чоон ачылып,кун киргендей баарыбыз кыйкырдык,агайдын атын атап....😃. Усту,башы кар,ошол деле жарашып турат,колунда роза гулу 5 даана,ото кооз,кыпкызыл,усту кар... Биздин столго деп,балдарыбыз корсотту.Гул кимге???Баарыбыз кутуп жатабыз.Туура келип эле,мага сунса,буттарым мени которо албай,жыгылып кетемби?деп,оло боюм тузодум.Болбойт,бетим болсо,манаттай кызарды,кулагымда зуулдаган ун,коз эч нерсени корбойт,бетимен да ооп улгурду....Куттуктайм,окууну бутушун менен......Эч кимге гул келген эмес,бир эле мага.....Ызы,чуу,.....Оо,оо деген эле ундор.Менин жашоомдогу эн бактылуу минуталар....Журогум азыр жарылгыдай..... Дипломду алдык.Мени педагогикалык училищага мугалимдике сунуш алдым.Айылга барып,ата-энеме айтсам. -Болбойт,биз карыдык,жаныбызда эле бол,ушул жерге эле иште.Анан экинчи агам (бейишин берсин). --'Барбайсын.Соз бутту.Укпасан,менден бирди коросун.Себеби апам билет эле,ушул агамдан коркоорумду,дайындап коюптур.😊. Келдим,бала бакчага орноштум.3 жылдай иштедим,жигиттер кат жазат,уйго келишет.Жолдон эле ушул агам,урушуп,укпаса ур,тепкиге алып,кайтарат экен.....😊. 3 жыл Ошко пединститутка тапшырдым.Спецтен отом,экинчисинен кулайм.Таанып да калышты. --Ай кыз,бери келчи.3000с барбы?Отосун. ----Эжеке,мен пенсионерлердин кызымын.Болгону 65сом алам.Ата-энемди багам.Андай акча жок. ----Ии,анда отпойсун.Барыбир.....
665  
21.12.2019
2-болук. --Анан кашайып менин бактыма,апамдын жанында тамеки тизген темир ийне туруптур.Чаба берди,туш келген жериме,тура бердим.Качсам,баары бир жетет апам,ото чыйрак болчу.Акыры токтоду.Озу бир нерселерди айтып эле ыйлап баштады,унум чыгарып ыйлаганга,бирин уксам,бирин укпайм,эмнени айтып жатканын тушунбодум....😭.(кана азыр тируу болсо,мындан да каттуу чапса,опмокмун,сагынам сизди апа....😰). Сабагым даярдадым.Баардык жерим ооруйт,ачышат.Карасам каршы,терши издер,колум да,бутум да..😔....Ыссыктын кунуно карабай,жени узун кофта,колготки кийип жонодум.Дуйном карангы.Мектепке барсам,тез эле тараптыр кат,кабар.Кыздар эмес,балдар кошо шылдындашты....😥.Ошол учун ойлойм менин журогум бала чактан жабыр тартып,темам мундуу болуп калганбы?деп....😔. Каникул,уйдо тамеки,жугору,куруч,кызылча,анан огород.Ошентип,кыскасы онунчуну буттум.Ташкентке театралдык институтка чон агам алып жоноду.Отподум,себеби ал жактын талабы озбек адабияттан тапшырышым керек экен.Хамза Хакимзода Ниезийдин "Хиккоялари"деп,тема келди.Билбейм.Кайттык.Агам ошол Ташкентте окуган учун,мени да ошол жакта окуса деп тилек кылган экен.(Ыраазвмын акем,бейиште жургон болун.😰).Огородтогу нокотун сатып,балдарынын ырыскысын мага жумшаган.Журогумдо баары.😔. Эртен Ташкентке учабыз деген куну,мектепте орус тилден берген Рафик деген агайым уйго келиптир. ---Кызыныз аябай тырышчаак,таланттуу,жакшы окуду.Ишенем,кудайым буюрса,мыкты адис чыгат деп,апам менен чай ичип ,тилегин айтып кетти.Чексиз ыраазымын агайыма,ото жогорку тарбияны,билимди берди.Корсо Казань шаарынан бутуп келип,жаны иштеп,ото кучтуу тажырыйбасын,билимин бизге арнаптыр.Эч унутпайм,сиз менин журогумдо,ыйык устат катары жашайсыз.Бир передачадан "Айылга кат" деген беруудо.Мен сизге кат жолдогом,себеби ,менин мугалим болушума,Эл кызы болушума салымыныз чон.Айыл дегенде,сиз кошо келесиз эсиме.Рахмаат,омурлуу болунуз,сыймыктанам. Окууга отпой,айылга баруу,мен учун ото оор болду.Аким акеме айттым,барбайм,иштейм окууга отпосом дедим. --'Анда Жалал-Абадка баралы.Маданият техникумга,угушума караганда,дагы деле кабыл алып жатыптыр.Оттум,окудум.Уйломо аспаптар болумун бутурдум.Аябай жакшы,жаштык кундорум ошол шаарда болду.(уландысы бар)
657  
14.12.2019
4-болук.Сени ....деди эле,коз жашымолт,молт,деп кокурогунон ылдый тамчылап эле жатты.😥.Ичим туз куйгандай ачышты.Жооп айта албадым.Жакшы барыныз,агамдын жини чукул,келип калбасын..Кетти. Апам,кирсем,ото жакшы жигит экен.Сенден козун эч албайт,жутуп жиберчудой.Кичинеси болсо,уй жайы силерге калат,бир баласы болсо эч нерсе эмес деп.Анан нары сооп болот,тагдыр да бул деп эле суйлоп жатты.Менин ичимде тогуз кайрык.Уктайлы деп жаттык,дептерин ачсам,арзуу ыроары,сагынуу,окунуу.ж.б.Анан 2-3кун отпой дагы келди.Эч нерсе жооп айтпадым.Кетти.... Ошол мезгилде союз кулап,айлык жок,татаалдашты жашоо.Анан курбу кызым Россияда соода кылчу.Бирге кетууну чечтим.Кеттим.Турмушка чыктым,шугур.Жашоом жаман эмес,дагв деле соодадамын.Бирок ошол Медер акемди эстейм.Жакында уксам,баласы уйлонуптур.Небере коруптур.Уйлонбоптур,жалгыз эле журуп,дуйно салыптыр.Оло ичим ачышып,оксуп,оксуп ыйлап алдым.Эми бул тагдыр экен да.Зуура эжемди кордум кийин,ошол эле боюнча,жезде да ошондой эле экен.Куран окуп,дуба кылдык.Эч кимибиз эч нерсе айтпадык,коздорубуз менен коштошуп,сапар тарттым Россияга.Бул жашоо ар кандай сыноолору менен курчутат турбайбы?деп,Зуура эжеге караап (ичимден суйлоп койдум).(Аягы,бутту).
662  
14.12.2019
2-болук.Анча,мынчада эле эриндерин майлап койбосо,тубаса сулуу. Кундордун биринде баягыл кайниси чыкты больницадан.Силерге жалган,мага чын .Сурот.Кашы,кирпиги тогулгон,коздору капкара,кулуп турат экен.Айыл-чарба институтун бутуруп,'агроном",экен.Талаада коп журуп,уйго кеч келип,келинчеги кызганып,чыры коп экен.Ошондо да баласын таштап,турмушка чыгам деп,кетип калыптыр... Киргенде эле,мени карады,мен козумду ала качтым....бир жагы аядым...баласы жанында турат,дивандын башында гитарасы турат.... -Келгиле жене,апам азыр эшикке чыкты эле корунбодубу?Атам иште.Гуля жок,билесиз да , бир айдай болду окшойт,ооруканадан эле кеткен... ---Ий бала,чыдап койсон болмок,эми момунтип баспай турганында..жардамы керек эле..Апам кыйналат да... -Ээ жене,куп чыдадым,ун чвгарбай.Ошол жерде ийне сайган медайымдардан да кызганат.Тилин билесиз го.Анысы аз келгенсип,менин ушундайлыгымдан пайдаланып,жаактарыма чаап,аябай уяткарды.Кетем деди,уруксат бердим.Нары мен эч баспашымды да врачтан билиптир.... -Кой эми,сабыр кылалы,капаланба?Чай ичели.Бул кыз Алина,жаны эле 2-3ай болду окшойт,бизге которулуп келди.Физик. -Мен Медер атым.Ушундай. болбодубу кырсыктап.Трактор менен тоодогу эгиндерди коруп келебиз деп,жамгырда тайып,айдоочу секирип кетти,мен калып калдым.Томолонуп барып трактор,жардан кулап,дагы тируулугумо суйуном,ичээр суум бар экен э балам? ,деп уулун ооп койду.Квпчылып,жулунум жанчылыптыр деди... Чай ичкендей деле болбодум,бирде аялын жек коруп,бирде караапМедер акени аяп,бомпоюп атасын кайра кайра опкон 3жаштардагы баласын аяп,ичимде революция...Эх...деп. -Келиниз жене,Алинага ырдап берели.Бирде орусча,бирде кыргызча укмуш ырдап жатышты.Ыр деген кандай арбайт.Озу жонундо эле ырлары,таарыныч,арман,коштошуу...Бир уч сааттай олтурдук.Баласы Эрмек,мага келип,оюнчуктарын берип,экообуз ойнодук.Кетээрде мени ээрчип,кетем Алина менен десе болобу? Менчи,менчи дейт Медер аке...Аран таштадык.Чын журоктон ыйлаганы,апасына болгон кусалылыгыбы,ачуу кыйкырып...калды.Журогум ачышкан боюнча кеттик жумушка...Ойлогонум эле,баягы кичинекей наристе Эрмек.Кантип кубантсам,оюнчук,таттуу алып барып берсемби?Бизди окуп жургондо,психология,педагогика,эстетика .(уландысы бар)
1434  
14.12.2019
Кутман кун досторум!!!Мага жакшы каалоо,тилектерди жазырсыздар,кубандым!!!Арасында маанайым тушту деп,капалангандар да бар экен.Эми тагдыр,болумушту озгорто албайбыз да..Жазганымды куткон досторума аябай ыраазы болдум.Апасын куткон баладай,куттунор.Шаштым...уйго жеткенче....🙏😊🙇‍♀️.Дагы баштайын эми...😊.Бироонун созу угуу чоон талант,эстеп эстеп жазып жатам.Менин журогумдун темасы ушундай болгон учун,ырларым да туйшуктуу болсо керек .Мен кооп кырдуу тагдырларды уктум,анан жазып коюну туура кордум.😊.Мен деле кооп кыздар катары билимдуу болсом деп,ото энсеп,тапшырам отпойм,3 жыл катары....Анан Фрунзеге барып тапшырып короюн деп чечтим.Келдим да,эптеп таап,документим тапшырып,анан отуп,тизмеден озумду коруп,эч ишенбейм.Суйунучум болушоор да эч ким жок.Эл катары буттум."Физика мугалими"адистигине ээ болдум.Ата-энем карып калган,бир туугандарым озу менен озу.Менин айылга келуумду отунушту.Барып кошуна айылдагы мектепте иштеп калдым.Айылдан да,тааныш билиштер да колум сурап баштады.Мектептин директору аял киши болчу,анын иниси орус тили мугалими.Дагы бир совхоздун жетекчисин ташыган жигит(ата-энеси жок)баары аяган жигит.Анан дагы бир тиш доктур жигит.Башым ман,эч кимисин озумо ыраа корбойм.Боюм узун,чачым узун,кудайыма шугур элемин.Анан эле кундордун биринде РайОНОго,бул биздин жетекчилерибиз иштеген билим мекемеси.Адис болуп которулдум.Анан айылга алыс,чогуу иштеген бир Зуура эжекем менен жакшы болуп,кеч калып калсам туноп калам.Аябай жайдары эже,жакшы турушат,балдары учоо,бир кыз эки уул.Мени тез эле эже деп,конуп алышты.Сагынып калам кадимкидей.Кундордун биринде Зуура эжекем айтты,кайним авария болуптур тоодон.Больницада жатат,жубайы жакшы эмес,бир кызы бар.Келгенден кеткени коп...Эми ошол келип жанында экен,мени чакырып жатышат,балдарга коз салып тур...Кайненемдер карып калышты,болгону эки эркек булар.. .Эжекемдин жолдошу дукончу.Кабагы ачылбайт,жемелеп эле,майдалана берет..Журогум сыгылып кетет,угуп олтуруп.Эмне айтып, сунуштаса "жок"дегенден башка жооп жок.Бирок эжем тарсылдап,озу билет,баарын орду менен бутурот.Ырдаганы,суйлогону,чачы меникинен да узун,капкара.Эч боенбойт,озу эле сулуу.(уландысы бар)
577  
13.12.2019
4-болук.(уландысы).Кыскасы,мени очурду.Биздейге тен эмес,ошол учун Жанардын ата-энесине барбай журобуз.Биз деген тиги Алыкулдун кызы мединститутту бутургон,врач шаарда ошону алып бермекпиз.Айылда журо албай калдым,уялам деди.Алыкулду коргондо качам,алганынарды кордум дейт да.. Чын эле,мен боюм орто,чачым да суюк,арыкмын,жай кыймылдайм,бирок тазаа жасайм.Башкалар бир аттаган жерди,мен эки аттайм.Озумду сулуу деп ойлобосом да,оюм озум жонундо бийик болчу.Билимим бар,ата-энем бар ,тарбиям жакшы,уруксатсыз баспагам,ушак суйлобойм,жалган суйлобойм,таза кармайм боюмду,жарашыктуу кийинем,ойлонуп суйлоп,ырдап,конкурстарда биздин группа канча жолу женди.Ошол кичинекей боюмду билгизбей, бийик така кийем,бир сонун..Ушул турмушка чыктым,озгордум,менден мокочо жасап алышты. Соз бутту,Камчы кеткенче шашты.Тез кийинип,шаарга кетти.Мурдагыдай кучактабай,конул деле бурбай кетти.... Ойлонуп,комнатамда олтурсам. --Жанар!!!деген ачуу кыйкырык.Ушул унду укканда желкем которулуп,букуроюп,буттарымдын астынан зырылдаган ток журуп кетет.Анан баары тиктеп,туруп алса,колумдан чайнеги деле ыргыйт,чынысы деле,тарелкасы деле ыргыйт,сынат..Мени ушул идиш,,аяк да суйбой жатат деп,ыйлайм...😌😥 --Оов,апа десем.Ичимде тарыныч,кемсинуу,аран чыкты унум. --Эжендердин баары келишет.Атан кой сойгон.Ичегисин тиги Батма артат,сен жасаганча тун болот.Анан тамак салгыла,сен эптей албайсын,атан жардам берет.Тушто тамак жегенден кийин,мен эжелерин менен баняга адаттагыдай эле.Ар жума,баардык кыздары куйоодо,бирок келишет,мен тамак берем,баняга кетишет.Кечинде тарашат уй,уйлоруно.Мен байкуш ата- энемди корбогонумо 3 ай толук болду.Угушума караганда, атам тарыныптыр.Акыры бир келип кетишпейби?Алдыбызга тушуп,урук,туугандын алдында жер каратпай.Айттыр Жанарага деп...А мен шордуу кайсыл абалда жургонум билишпейт да... Эх,деп ушкурунуп алдым ичимде.Дайындалган иштер баары бутту.Кыздары менен шаракташып чай ичишти,мен кирсем соз токтойт.Чыгаарым менен кулку... -Термостко чай,лимону менен. -Макул,шарак деп колумдан тушуп,сынып калды...😥 -Айтпадымбы? Эжелерим баары бирдей эле тилдеп,нааразы бодушту...кетишти баары баняга... Озумо суроо бердим.Сен кимсин бул уйдо.Камчы озгоргон..(уландысы бар)