Алтынай Нарбаева
@altynai_narbaevaofficial
Алтынай Нарбаева

Подписчики: 152715
Посты: 259
Подписки: 614
Заслуженная артистка КР🇰🇬🇰🇬🇰🇬 По вопросам выступлений обращаться к администратору📞📞📞+996501932305 +996776826444

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
604   34
27.12.2019
12-болук.---Жол жок,айылдын аягына чейин барып,эптеп келе жатсак,кооп эркектер корунду,чуркадым....😥😭. -----Атааааа,кагылып кетейин атааааа😭.Кишилер токтоп калышты,атам жаткан жыгач замбилди кармап,колдорум карышып,кечир ата корбой калдым,созун укпай калдым акыркы,жузунузду корбой калдым,атаааа деп,😭.Колум,сыдырылып калып калдым,😭.Кар менин боюмдай отуруп калдым...Атаа,айланып кетейин атаа,садаган болоюн атаа,кантип жан бердиниз экен?Эмнелерди айттыныз экен?😭.Алижан Россияда,келалбаганын билем.Абдымалик агам да келалбаптыр,жакын жерден.....😭😭😭😭.Себеби кучактап алайын десем корунбоду бир туугандарым,кандай гана арман...😭.Ичим куйуп,куйуп,карда отурганым деле билинбеди...😭😥 Атам,мени "мама кызым деп эркелетчу.Ар дайым тизесине башым коюп жаткырып,аркаларым кашып берээр эле.Колу щетка,кечке мал карап,оло жакчу..Согушту эле айта берчу,корсо кан кечип жургон кундору,ташка тамга баскандай журогуно тема болгон экен....😥.Жакшылык,жамандыкка барса,белинде ар дайым муштумдай эт,баарыбызга болуп берет.Чонтогундо 1таттуу болсо,ал мага.😥.Качан болсо,10л.фляга бар болчу,ошого май, бир колунда эт,анан ар дайым,жузум менен коон алып келээр эле...Корсо атам,коон менен жузумду жакшы корот экен......Ошентип,атам да бизди таштап кетти........😔 Апама,Султанбек,Эрлан эрмек.Алар да баардык ишти жасашат.Учоо,баягыл эле турмуш,уй эскирген,мандайда жайкы кухня жарака кеткен..Кундордун биринде,апам огород тазалап,жалбырактарды орттойт.Аралаштырып жатып бир чок койногуно илешип,байкабай(синтетика)койнок куйот ,апам чечкенге улгурбой куйуп калат.....😥. ---Апам тошокто,кезектешип карап жатабыз....эжем чалды.😥Жетип келдим,апам байкуш тошокто кичине болуп жатат,куйгон жерлерин ачып коюптур,😭.Онтойт,чыдап туруу кыйын....Алтыным апам,коро элек сыноолор коп экен да али....😥.Кеттим,иштен 2 кунго эле сурангам.Айтып турушту эжелерим.Озум шаарда,жан дуйном апамдын жанында....😭.Айыгып турду,жакшы болуп кетти.Апам,мага озгочо конул болуп,озгочо мээрим токкон,кичинемден. ---Атырым деп,эркелетээр эле.Башымдан жыттап,жыттап,ото эле жыттуу да десе,мен ишенип,ушунчалык анкып турган жыттуу сезчимун.Жинине тийсем "кир самын"болуп кеттин дечу.Алтыным апам..😥(уланд.бар)
319   30
13.01.2020
13-болук.Ошентип,аккардеондуу болдум,жакшы окудум.Мектепте да алдынкы активдуу окуучу.Чопко,пахтага алып барчу бизди.Ошондо мен ойноп берем,мектептин окуучулары баары бийлешчу.Айрыкча,чопко барганда тоо да,свет жок.Катар эле тоолордо ар айылдын окуучулары,анан ,62-кесиптик училища,алар жалан балдар.Кеч киргенде эле,биздин короодо.Мен бийлей албайм,ойногон эч ким жок.Кыздарыбыз жигиттер менен таанышат,алды улгуруп,таштап ,башкасын табышат.Мени эч ким корбойт дагы,таанышпайт дагы.Айылга кайтканда дагы келишет жигиттер,ал озунчо майрам.Шыбырашып кыздар,кымындашып,келиптир деп,мен болсо аларды тааныбайм. 8-класска кочкондо,Данакан эжем турмушка чыкты центрге.Мен барып,тамекисине жардам берем.Анан ошолорго кошуна Асан деген мени менен тен жигит бар.Ал биздин дос кызыбыз менен да кичине мамиле кылган.Уксак кооп эле кыздар менен журуптур.Асан сабактан кандай экенин билбейм,бирок бою узун,кара тору,сулуу,коздору жанып турган,чопко,пахтага барганда бийди эч кимди алдыга салбаган бала болчу.Биринчи эле ошол Асанды таанышат баары.Асан,Асан дешип.... Эжемдин уйуно жардамга барсам,кат жибериптир.Айылдан башка жигиттер деле кат жазат,аларга жооп деле жазылбай калат.Себеби,ал убакта окшош каттар жашачу.Анан эле Асандын каты мага жакты....Ал убакта эмне,ото таза,таза барактай сезим.Айылга келдим,анан ыр жазчумун.Озумчо,озгочо жооп бергим келсе керек да,ырларым жазсам,барака батпай,лентадай кылып ,ал,жак,бул жагына ттолтуруп,эжемдин кайнисинен Тайырбектен берип жибердим.Эртеси муз.мектепке барып,айылга кайтсам,ошолордун мектеби жугору чаап жатышыптыр. ‐-Асан,жанында классташ кыздары,анан досум Максат деген кыз, кийин балдар бакчасында чогуу иштедик.Капа болгонум айткам. --'Ээй бир метр кат,бир метр кат..деп,кыйкырышты.Ошондогу маанайым тушкондугун,соз менен жеткире албайм.Ал ырлар оз калемимден жаралган эле.Суйуу деле эмес,балалыктын бир суртумдорун жазгам....😔😔.Суйлошконго деле улгурбогонбуз,Асан мени уяткарып,кыздарга мактанып.....ой,ой, ошол кун азыр болгондой эсимде..... Мага сабак болду.Бактылуудур азыр,билбейм... Анан биз бой тузоп,акылыбызга кирип,чачтарды жасап,туфлинин такасы барын кийип калган убакта...(уланд.бар)
551   29
27.12.2019
14-болук.Кундордун биринде мен каттуу ооруп,больницага туштум,бир ай жаттым.Учунчу куну апам жетип келди. ----Сага келген мээнетти алып кетейин деп келдим деп,мени уч жолу айланып жиберди.Мен аран басам,бетим танылган,коридорго чыкканымда.Бир нерселерди айтып эле жатты,колунан кармап ултурбойм,алым жок.😥.Мени Данакан (эжем)атын эле айтам,канча жаш чон болсо деле.Апамдын ону жакшы эмес,сары,биздин уйго кетти.Эжеме айттым: ---Врачтарды тааныйм,баарыбир мен айыкканча кетпейт,жаткырып коелу больницага,курс лечение алып алсын.Жаткырдык,апам жолдун аркы бетинде,мен берки бетинде.Данакан кечке чарчайт,экообузго..Ыраазымын сага.... Айылга кетишти.Кайра апам ооруп келди,операция болуп,отун алдырды.Эжелерим,Алижан эшикте олтурабыз,ыйлап алганбыз.Жерде эле,чоптун устундо.... ----Апама,бычак тийгизбегиле,алып келип койгула,сексенден ашты которо албайт,бир нерсе болсун,корсотом баарынарга коргулукту деп,Абдымалик акем чалды.Тооба,бир уйго пайдасы жок,эч нерседен кабары жок,балдары оюна да келбейт,учунчу аялдын устуно кирип жашап,кыздуу болуп калган....Озу кучтуу болбосо да,созу кучтуу..... Аябай коркконума,дагы коркунуч пайда болду....Баары жакшы болду,кайра айылга кетишти. ---Алоо, торт кундон бери Эрлан менен дагы бир эжемдин баласын айтты,(14-15теги балдар экоо тен)жок,издеп эч жерден таппай жатабыз.Уйдон 25 000с жоголду.Акча олуп кетсин,оздору эмне болду экен?😰жок жардам бер деди, апамУчуп бардым,милицияларга кайрылдым,кечинде Оштогу бир уйдун подьездинен табылды.Ондору боз,устулору кир,колдорунда бирден телефон,анан бирден велосипед....Мына ата-энеси бирге тарбиялабаган балдар.😥.Уйго алып келдик.Тилдеп,тилдеп кайра учуп кеттим.Капаландым,аябай зээним кейиди.Оз ата-энелери бирге болсо,ушул жетпегенин жеткирет эле да...Апам кары,угушпайт.Оздору менен оздору....Бир гана Султанбек мыкты чыкты деп,эч оозунан тушурбойт апам.Мага куйумдуу,кучтуу бир аттын жугун которот.Кокус ,мен олсом ушул Султанбегим калсын ушул уйдо деп,мага кайра,кайра эскертти....Садага болоюн апам,.озу ону бир алда...😥. Ошол окуядан кийин,апам ооруп эле туруп алды.Тошоко жатты,узаак.Эжелерим,женем кезектешип карашат.Мен памперс,кийим,кече,даары дармек....😥.Барып коруп келдим.(уланд.бар)
600   29
27.12.2019
13-болук.Мен туура кыламбы,куноолумунбу,акмынбы,апам учун таптазамын.Болушканы болушкан.Эже,акелерим,далай таяк жешти го мен учун.😊. --Сен кызым,аябай башкарганды эле жакшы коросун,жок дегенде 15 адамга кожоюн болсон экен,дей берчу😊.Шугур кудайыма мин жолу шугур.Жетекчи болбосом да,бала окутуп,ыр ырдап,оз куйормандарымды таптым...Апама аздыр коптур акча жонотом,бел болсун деп,мен эмес кудайымдын берген ырыскысынан.Озу апам жаш кезинен эле,тыйынды жакшы бекитчу.Корсо камдуу эне экен.Жайында себетке акчаларын жайып,кургатып салып койчу.Айылыбыз бир метр казсан суу чыгат,сыз.Анан сандыктын ичинде коктоп кетпесин дейт да.Менмин дегендер деле,апама келчу,акча сурап...Анан апамдын дагы бир касиети,таштан толго салчу.Жоготкондун баары эле биздин уйдо,туура чыкчу.Таап алышып,чай,чамегин которуп келгендери да коп...😊Жаным апам,ошол элдердин эсиндесиз!!! Мен,концерт берем жылына,2009-жылы"Эмгек синирген артисти".Султан Раев агайым келип тапшырды,апам залда.Карасам ордунан туруп алыптыр,кубанып турат. ----Менин апам,деп элге мактандым.Меники эмес,бул сыйлык,сыймык апамдыкы деп,апамды сахнага чакырдым.Элдин кол чабуусунан ,башым тегеренет. ----Рахмаат сиздерге"Кызымды адам катары коруп келгениниздерге!!!"деди апам,эл дуу деп,кулушту.😀👍.Кагылайын апам,кутпогон жерден чыгып,ичинде ыраазы болуп,коп элдин келгенине,суйунуп отурганын айтты.Таазим этем деп,сахнадан кеткенче ,бекем кучактап,кызыл китепти берип,колунан оптум.😥.Эл шатырата кол чапты.....Ошондо апам,ооруп,тошоктон туруп эле келиптир,ону саргыч болчу,бирок эч айтпады....Коноктоп баарын узаттык.Ар дайым бир туугандарым,азыркы кунго чейин келип,концертимде бир эс алышып,чер жазып кетишет.Бактымсынар силер менин,алтын бир туугандарым,сагынып журом азыр.Апрелде ар жылы концерт.(уландысы бар) ---
312   26
13.01.2020
12-болук.Кара-Суудан эн аз жол кире алган автобуска отурдук.Жарым сааттык жолго,эки саатта жетесин.Аккардеонду автобустун боорундагы жук салгычка салдык,апам мени терезе жагына отургузуп койду(подборный автобус), озу жанымда.Эл жык,жыгыла кетейин деп,туртушуп,урушкан эле создор.... ---Эже,кызынызды алдыма алып,мен да отурсам болобу?-деп,улуу эле апа кайрылды. --Жоок,болбойт.Кызымдын буту оорйт.(апам жалган эле айтып койду🤔).Менин ан сезимим жетип калган,мектепте деле кулагына куят."Улууларды сыйлаш керек,орун бошотуш керек,жардам бериш керек....ж.б".Апам экоо кайым айтыша берет.Мен болсо,олтурам терезеден сыртты карап,уялганыман тер да кетет,мурдум да шырылдап баштайт.Тура албайм,апамдан коркуп,же жетпейбиз,тысс,тысс деп,беш мунот сайын токтойт.Эшик ачылганда шарак этип,чан кирет,эл тушкону да,чыкканы да коп....Автобустун ичи,дем алууга мумкун эмес.Тердеген адамдар,талаада иштеп,жуунгандары да бар,жуунбагандары да бар,анан алар тердегенде,андай жытты салыштырууга да болбойт,мынабул жытка окшош деп...😊.Мен да кун тийип,тердеп,кошумчамды кошуп жатам.Сыртта таштар,талаа,суу анча,мынча тал,терек,.ичимдеги уятым,"сенин уятын жок,жамансын,улуулар турат,сен уялбай отурасын? "деген создор жеп эле салды.Аны бир озум билем.Жетээр,жеткенче ар ким менен айтышып,улам жанысы,улам башкасы менен апам урушушуп кете беришет.Мага кылым... Экинчи апамды ээрчибейм,мага болушам деп,канчасы менен....Тез эле унутам,кайра эле баягы....(ото баласаак экен да озу апам). Центрден туштук.Мага майрам.Мени баары таанып калгансып,бир эркиндикке чыгам.Аккардеонду чемоданынан чыгарып,апам белиндеги эки жоолугун чечти.Карасанар ,апаларды,туйунчок кылганга ар дайым белинде даяр.😊.Жоолук менен аккардеонду аркама байлап берди,баягы жол... Бутум асфальтта кетип жаткандай ,(шагыл тогулгон эле жол),эки колум ,периштенин эле эки канаты....Баягыл "Березканын"жытына мен учуп журом.Оордугу деле билинбейт,эл корсо экен деп,суйуном.Жалгыз талга келип,чечип жоолукту,бир аз дем алдык.Сурагандарга,апамдын уну октом чыгып,озуно ыраазы болуп айтып жатты.Тал,биздин суйунучко кубо болуп,кошо суйунгондой эле болду,менин кыялымда...Ошентип,бактылуулардын бирин да,озумо теней албадым ошол куну!!! (Ул.бар)
Загрузка...
540   25
27.12.2019
11-болук.Эжелерим келип,кол кабыш кылат апама,баягыл торт эркекке.Ий баса мурунку экоосу чонойду,иштей баштады.Апам,ошолорго болгон кучун,мен болсо кийим,кече,мектеп ,тамак ашын жонотуп турам.Элдияр Россиялап кетти,атам,апам,керек болсо оз атасына да келбеди.😥.Кат,кабар да жок.Бишкекте кийин апасы менен табышып дешти,угабыз корбойбуз......Женем да отуптур.(бейишин берсин).Кийинкиси Жандарбек,ал озунчо тема.Чач желкеден,колдо дермантинден жасалган билериктер,койкондойтБалдардын баарын нан жапканга,камыр,тамак жасоо баарына уйроткон апам.Бирок,билим,ата-эненин,оз апа-атасынын таалим,тарбиясын корбоду.😔.Жандарбек,апам,берки садагаболоюнум Султанбегим😔(кийинки аялдан чону) экоо араан жыйнаган,семечкасын,жугорусун,жангагын,11 кап,туну менен жамырып кетиптир....😥.Анда телефон чыккан,биз Бишкекке кайра кочуп келген убак. --'Алоо,Султанбек экообуз,аран жыйнап,кургатып койгон.....жок,уурдап кетиптир.....😥 деп,уну кырылдар чалды апам.Султанбек да ыза болуп.... ---Мен учуп бардым,атам,эжелерим ,садагаболоюн эжелерим,женем,(Аким акемдин жубайы)кандай жакшы кором силерди..Бактым тоо,силер менен.Издеп баштадык,кошуна айылдан таап келдим. ---Алганым чын,жангакты кошуна келинге эле сатыптыр арзан,ал келин базарда ошолорду сатат.😔.Калганын деле откоруптур....😔.Тан калдым,кошуна туруп,кемпирдин эмгегине кылган мамилени кара?😥.Тушунук кат жаздырдым иниме,жуз ката жазганында,сабадым,колум ооруганча,ото ыза болдум,апамды аяп😥😭.Кетти,кооп уйлонуптур,азыр Россияда,эжелерим менен байланышы бар.Билимсиздик,тарбия жок,тируулой жетим.Апам кемпир,тоготушпайт.😭.Мына окурмандар,сиздерге сабак болсун деп,😥жазып жатам.Чындык,капты,шибеге баары бир тешип чыккандай да.Балдарды эч кимге таштабагыла....силердин ордунар ТОО ,бала учун...😔. Анан атам ооруп,тошокко жатып узаак кыйналды.Эжелерим,женем тамак жасап келип,апама жардам кылышат.Мен болсо 😥жетпейм,памперс,кийим,кече,тыйын салам.Ошол жылы ото коп кар жаап,машиналар журбой калган...ошол куну атам отту....😭😭😭.Машинага керектерди салып,жолдошум менен жонодук,самолетко билет жок....Жолдо,эки жолу машина айланды,муз,суук.Жеттик,мени куто беришиптир,акыры жаназа окулуп,карда жоо атамды алып жоношуптур 😭.(уланд.бар)
480   20
06.01.2020
2-болук.Магазинден кичинерээк оюнчукка алымсынбайм.Наташа деген озумдой эле куурчактар болоор эле,барып ошону кучактап келип калам....Эч нерсеге конбойм,керек болсо таяктаса деле,алам дедим алам....Кагылайын апам,даарысына деген акчасы жок калат... Анан чий базарга жонойбуз.Себеби,ар бир жумада камыш оруп,кургатып,10чакты чий токуп,ошол базарга эшек араба менен апам,агам менен таштап кетишет.Базаркомго откоруп коюшат,ал киши откон чийдин акчасын берет.Бул биздин уй булодо апам учун, омур бою иш арасындагы эле бир жумуш эле...Эшегибиз да эки арткынкы буттары маймак болчу,лыжадай болуп,аны аралатып туруш керек ай сайын.Кээде осуп кетет,байкуш.Суббота кундору алып бар десе,агам уялат,студент классташ кыздарым келе жатса,мен эшек араба менен....буту да маймак ..деп.Кыскасы барабыз,ал кишини атамды тааныгандай эле тааныйм.Базарда кыйкырып,баарын башкарган киши,бирок аманатка эч качан кыянаттык кылбаган калыс инсан экен,рахмаат!!!Биздин чоон уй булонун бир булагы ушул чий.Акчаны алдык,даарыкандан ото эле кооп даары алдык.Чай,туз,макарон,эт,ширенке,кыскасы чийдин пайдасы чон экен.Анан апам булочка алат эки эле даана....нан саткан дукондун жыты,кандай сонун эле э?...(уланд.бар)