Алтынай Нарбаева
@altynai_narbaevaofficial
Алтынай Нарбаева

Подписчики: 152715
Посты: 259
Подписки: 614
Заслуженная артистка КР🇰🇬🇰🇬🇰🇬 По вопросам выступлений обращаться к администратору📞📞📞+996501932305 +996776826444

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
683  
26.12.2019
7-болук.Кундордун биринде менен чону Алижан да армияга кетип,,келип эле Россиядан билим алганы учуп кетти..Абдымалик агам болсо,уйлонду,бир эмес уч жолу.Апам далай азапты дагы тартты.Бирок эркек балдардан ушул агама кооп таянаар эле...Эки аялдан 4 эркек бала калды.Биринчисинен Эльдияр,Жандарбек,экинчисинен Султанбек,Эрлан.Мен али кунго чейин тушуно албайм,ЭНЕ баласын,кантип,кантип таштап кетишет деп....Мурункусу да чону 3жаш,кичинеси 1 жаш жормологон боюнча калды...😔.Кийинки аялы дагы чону 2,5 жаш,кичинеси 1жаш баса элек....Биз ЭНЕЛЕР ар кандай журок,сезим,мээрим менен жаралат экенбиз..Агам,онор адамы,ырдайт,актер дагы,колунан баары келет,бирок тагдыры дейин десен,озу эле себепчи.....ал башка тема.😔.Кыскасы биринчи аялын алганда мен бармын,чогуубуз.Агам,жини чукул,ошонун айтканындай болот баары... Баягы эки небере,атам,апам,мен,агам..Апам кайрадан жаш эрмек.Баягыл эле иштер,бутпогон тириглик.Мен Жалал-Абадтан маданият техникумун бутуп,мектепте иштейм.Эки бала,мага бала.Кийим,кече,тамагы,,баары менин мойнума отту.Апам,дагы деле кайраттуу,качан келсен огородто жер тырмап.Кээде иштен келсем,колдору ылай боюнча уктап калган болот.Апам менин,алтыным апам.😔😪.Ойготсон жаман корчу,ошол учун акырын ишин жасай бересин.Бир мезгилде озу ойгонуп,кулуп калат,ушуну жууганга куч таппадым,тооба деп.... Дагы бир апамдын баатырлыгы,эски уйду бузуп,ото узундугун узун кылып,ылай кирпичтен эле устага уй баштаткан,ал да бутту.Атамды айтпаганым,алдан тайгандан кийин,малдарды карап коюп эле,центрге барып аксакалдар менен кечке олтуруп келет.Бул омур бою коендой окшош кайталанды.Издесен ошол чайханадан табасын. Мен которулдум райондун борборуна,бир аз иштегенимде эле,апам сарык болуп,больницага тушту.😔.Баягыл эки бала учун кайра айылга келдим.Комур,отун тушуртом да,жалгыз ташыйм...бул ото оор иш,кыз бала учун.Апам чыкты,кооп ызалана турган болуп калды,тарынчаак.Мени эч кетиргиси жок.Окууга тапшырайын десем эле,ызаланып,ыйлайт. ‐ Кетпе,мен кантем,карыдым,жанымда бол,эки бала кичине.Окуба...болот. Иштен кеч келем кээде,ошол убакта политинформация деп окутчу.Туну 11 лерде келем..Тамакты чыныга ороп,тошогумдун жанына коюп коет.Апам,кагылайын апам...😪(уланд.бар)
816   150
21.12.2019
8-болук.Ошентип,мен мектепте баары менен суйлошуп,батышып калдым.Кийинки жылы баягы еврей завуч кочуп кетиптир Израилге.Кундордун биринде Сайра эжем менен бир курбуларынын шеринесине барып,аккардеон менен ырдап бердим.Корсо ал жерде маэстро КРнын Эл Артисти Сардарбек Жумалиев бар экен.Мени жактырып ансамблге ишке алды.Солист болуп "Ыссык-Ата-Арашан"фольклордук,элдик ансамблде ырдап,азыркы кундо да эмгектенем.Терен ыраазычылык эжеме,себепкер болду мага.Концерттерде костюмум жок,акча да жетишпейт.Сайра эжем,колунан коору тогулгон ууз,чебер.Кездемени озу сатып келип,туну менен уктабай,эртен менен даяр которуп келет.😥.Мин рахмаат эжоов.Ошентип,канча койнокторумду тигип берди,саны жок.Анан шеринелери бар экен,ага кошуп алышты.Мен болсо ,завучтукту тапшырдым,себеби жетишпей жаттым.Сабак берем,анан ансамблде.👍.Турмуштагы,жашоодогу,бардык жагынан келишкен "ЭНЦИКЛОПЕДИЯМ"деп,мактанам..Сайра эжем,менин алтын копуро болуп берди онор жолума.Ошондо айтчумун,менин жашоомдо эмне болбосун торумдо СИЗ болосуз деп,айтаар элемСыймыктанам.Сиздей жакшылар бар учун дуйно сакталат.Жашоодо кудайым сиздей жарык инсанга жолуктурганына мин рахмат!!! Ушул омурумдо бардык жакшы сапат,уй кутуу,конул алуу,камкор болуу,кечиримдуу болуу,эмгекчил болуу,мыкты болуу сизден алдым эжем!!Менин ийгилигим сиздин сабактарыныз,кеп,кенешиниз менен жаралды!!!Уйдон уй,ийгиликтен ийгиликтер жаралды.Баары жакшы,шугур.Кудайга чексиз ыраазымын.!!Анан мин алкыш сизге!!!Жакшы адамдын жарыгы-'---ЖАЛПЫГА!!!деп,кыйкырып айткым келет.(Бутту,аягы).
642  
21.12.2019
7-болук.---Саламатчылык.Жузунон нуру тамып,бир мээримдуу.Силер ким?Ата-энелерденсинерби? ----Жоок,мен жаны кирип,ушул жерге 3,4ай болуп калды.Тарбия завуч.Атым Алтынай. ---Аа жакшы,мен ошол сен жонундо уккам,ошол чогулушка барбай калгам.Мен башталгыч класста иштейм.Сайра эжен болом.Анан бош болгондо кел,суйлошобуз,кучугум деди. Бир башкача сезим,апамды коргондой,бир тууганымды коргондой,мени коргоп алаар жакынымды тапкандай ото кубанып кеттим.Ошол куну эле жанына барып,суйлошкум келди,бирок тартындым... Эртеси Сайра эжем,коридордон кезигип калдык,учурашып,кучактап койду эле.Кыйналганым айтып,ыйлап алсам женилдейт элем.Бир жылуу маанайда мага конул бурган ушул эжем болду.Бир болсо ,азыр барам деп,сурай койдум,качан бош болоорун. Иш кунубуз бутту.Сайра эжеме жеттим.Мектептин жанында экен уйу. ---Журу уйго эле,деди.Уялып туруп,ким эле уйуно чакырып жатыптыр деп.. ---Макул.Бир нерсе алып алайын эже десем. ---Жоок,кучугум десе,баары бар,жур деди. Чогуу уйуно кирдик,3 болмолуу уй экен.Жасалгасы заманбап,Санта Барбара.😃👍.Баары орду менен,буюмдары,идиш,аяктары да формалары башкача....оозум ачылып,ичимен(Кудайым аай,кинодогу эле уй го,жашоодо да бар экен да,ото озгочо эже экен,мен да аракет кылам,иштеп,жакшыларга тенелем деп,жибердим.) ---Олтур,алтынкыз чай даяр.Бир жомоктогу эле периште. -- Мм.деп,отурдум.Создон,соз чыгып,ото ынак болуп,сырдашып кеттик.Корсо эжем деле келгенине 1 эле жыл болуптур.Кундо иштен кийин чогуу,эжемдин уйуно кирип,чай ичуу адатка айланды. ---Алтышка,бир пальто алып,кийип албайсынбы?Азыркы чыккан. ---Ий эжоов,кийгим келет,бирок акчам аз.Балдарга толомой,тамак аш.Мени жупуну болбой,жаркырап журушумду каалады да. ----Мен берип турам.Кордунбу мугалимдерди,баары жакшы,зынкыйышып,биринен,бири отот.Кийим деле адамдын абалын корсотот.Ал пальто,эртеге деп,акча берди. ----Мындай сумманы кантип толоп бутом. --'Ала бер,акырындан кутуласын.Алсан эле алынат,албасан кала берет.Ал кучугум,сени ото бааладым.Ото таланттуу экенсин,эми баары жакшы болот.Акырындаан.Анекдотту да катыра айтат,ырды ото мыкты аткарат.Ото ынак болуп кеттик. Анан жаны жылдык кече болду.Ресторанда.Эжем,анан мен ырдадым.(уланд.бар)
412  
21.12.2019
6-болук.Окуубузду буттук.Экинчи уулубуз торолду.Уйлуу,жайлуу болдук.Анан кайра атабыз банкрот болуп,квартирага чыктык.Анан Ошко кеттик,ал жактан менин ден соолугума байланыштуу,кайра Бишкекке кайттык.Бир мектепке кирип,библиотекасында жашадык, 6 айдай.Бош болмо,озунчо эшик.Бирок маскит деген тытып эле салат.Эртен менен турсан,ар жерин чагып балдардым,,болток,болток...Бакчага жеткирип,сабакка кетем.Рахматымды айтам.Анан эле азыркы иштеген мектептин директору мени ишке чакырды.Терен ыраазычылыгымды омур бою айтам.Башка мектепте деле тарбия завуч элем,бул мектепке деле ошол ишим менен орноштум.Келсем бир башка аура.Директор кабыл алып,муз.студия деп аталган здания бар экен,менден сырткары дагы 2 мугалим жашайт экен.Чогуу,эшиктерибиз эле башка болбосо биргебиз.Жолдошум уйдо,балдар менен,бакчага орнотуш керек,атабызга иш издеш керек.Азырынча мен эле иштеп жаттым. ---Мектеп таптаза,окуучулар окшош кийинген,полдору 11 жолу суртулот экен.Мугалимдер болсо,офисте иштегендей баары сулуу,баары тыкан,мыктылар экен.Бир кемчилиги эч ким,эч ким менен иши жок.Ар бири озунун гана ишин бутурмой.Кийин андай деле эмес экен.Ошол мектепте жудоп,эч кимди тааныбайм.Балдарды садикке орноштурдум.Атабыз ишке орношту.Мугалимдердин кенешинде директорубуз: ---Бизге жаны мугалим келди,"Спортсменка,комсомолка,анан крассавица"-деп,тааныштырды.Денем дурулдоп,кызарып кеттим.Андай созду кутпогом.Али кулагыма жанырат.Рахмаат сизге,чексиз ыраазымын.🙇‍♀️. Дагы деле кыйналам,эч кимди тааныбай.Жаны келинмин,баштан аяк сыдыра тиктегендери да болду.Орус,кыргыз тилинде окуй турган мектеп экен.Бир еврей улутундагы башкы завуч бар,ошого эле эч жакпайм.Келип,мени эле текшерип ,маанайымды тушурот.Анын иши менден башталат.Журогум сыгылат,артка жол жок.Чыдаш керек.Журогум ооруп,жылына эки жолудан кордиологияга жатып калуу онокот болду.😔.3-4ай иштеп калгандан кийин,ашканага бара жатсам,бир ото келишкен сулуу,бойлуу,чачтары капкара туйулгон,ак жуумал эже отуп бара жатат,окуучулары менен.Оо кудайым ай сулуулуктун чеги жок экен го чиркин,художник да мынчалык сулуу тарталбаса керек.Узуун койнок,сыртынан накидка ону ач жашыл,азыр да коз алдымда.Озуно жарашыктуу кийингени дагы. --Саламатсызбы? (Уланд. бар)
435  
21.12.2019
5-болук.Ошентип,эптеп бутуштун айласы,кээде кызымды которуп алам,эмизип уктатып,артка отуруп алам,уктатып,болбосо жатаканадагы кыздарга таштайм.Хорго кирем кызым менен,эжейлер тилдесе,анан кантем эми?😥деп.... Стипендия жогоркусун алам,жакшы окуйм,кызыбызга пособие,жолдошум да жогоркусун алат.Кенен жетет.Кошумча да иштей койчу атабыз.Рахмаат деп калам азыр.Кундордун биринде: ---Сен окубай эле кой,же академический ал,баары бир мен багам да дейт.😡 ----Мен биринчиден Фрунзеге турмушка чыгам деп келбегем.Жогорку билим алам деп келгем.Албайм академ.таштабайм окуумду.😡 ---Анда кызды айылга берип туралы.Акыры кондурду.😥😥Билетке жоо ,кызым колумда 3 айлык,жыты бир сонун,коздору бир чоон,озу кичине торолду 2,500гр.Ичим туз куйгандай ачышат. ----Кантип,кантип???😘😘🐣Кантип чыдайм,ыйласам козум жашы мойнумдан отуп,кызыма тамчылайт,оозума киргени да бар,туз эле....😥😰.Кокус карай албай,оорутуп коюшсачы???😥.Анан дагы кокус.....😭😭😭Жоок бере албайм дедим.Билет албайбыз.Окуумду да таштабайм.😥😰Сага экинчи айтпайм кал деп...😡.Кеттик артка...😡 ----Жоок,сенин тилин эле сайрайт.Эртеге дагы эле ушул.Эркелигинди мага корсотпо?Которгондорго корсот,жетет.Мушташып кеткенден да тайбайт экенсин.Ишенбейм сага😡.Алабыз билет.Менин уйумо десем,жок дейсин.Эжелерине берип туралы...😡 ---Эжем,кантип карайт экен?Кокус....😥😰.Балееге калам да,сенин эжен деп...😥 Билетти алдык,кайра артка жоо...Эми андан бешпетер ыйлап баштадым,кызымдын алдында бир чоон куноолумун,ооп,ооп коем.Жашым,баягыдан эки эсе,баспай калдым.😭 Ошол убакта суротчу алдыбыздан чыга калып,суротко туштук.Менин козум корунбойт,шишик,манаттай кызылмын.🐣😘😘😘😘😥 Жатаканага жеттик,5,-этаж.Араан басып чыктым.Атабыз Иван Грозный.,кабакты туйуп.... ----Абже..абже..деген ун кулагыма шак эте тушту...Карасам эжем ананайын эжем,кызын бойго жеткен,аккардеонумду берип жибериптир,бир аппак костюм кызыма.Мен келип,эшигинерди такылдатсам,эч ким ачпайт... Ошентип,мен кайрадан торолуп,кызым ак костюмду кийип,бузук аккардеондун ордуна жакшысы келип,билетти откоруп,жомоктогудай жашап калдык.Эжеме,синдиме чексиз ыраазымын.Бирок журогум баары бир таштай алмак эмесмин.Менин журогум бордон жасалган болуш керек.(Уландысы бар)
612  
21.12.2019
4-болук.Уйго маанайым жок келем.Апамдарга айта албайм,акча сурады деп.Менин энсоом,максатым"Жогорку билим".Иштеп журдум,маяна алганга келгенде эле,ыза болом.Ошолордой эле кечке иштейм,муз.тарбиячы.Анан машинканы уйронуп алып,жетекчибизге кечке жардам берем.Алар эки эсе коп,мен 65с.😊. Бирок аябай жакшы бактылуу кундор ошол бала бакчада отту.Мен оромону оло сонун,жупжука жасайм.Сабагым эрте эле бутот.Ашканага кирип,сары май,эт менен кун алыс оромо.Жетекчи,мен,методист,мед айым,завхоз чогуу тамактанабыз.Ошондон баштап толо баштадым,болбосо 48кг.болчумун.😃.Анан Кемпирабад суу сактагычы жакын,оромонун жарымын алабыз,чай,пайларын алабыз,коллектив жаштар,жалан кыздар.Сууга чомулобуз,ырдайбыз .👍😊.Машинаны кундо заказ кылабыз,уй уйубузго жеткирет.Менин айылыма 15 мунот,акырында мен жетем.Жаштыгымдагы жакшы кундорум.Апам чыныга тамак салып,термостко чай демдеп койгон болот.Озу уйкуда.Жебейм жатам,эртен менен кайра кетем.Бир да урушпайт,эмне кеч келдин?деп,корсо апам,жетимчиликтин азабын коп тартыптыр,эркиндик болгон эмес....😥.Куйоого да 14 жашында зордоп беришиптир...😔.Азапты,тагдырдын ташы ото оор болгон деп,кооп ыйлаар эле,ыйлаганда козунун астына ак сызык пайда болуп калат,ошонусуну караап,кошо кооп ыйладым....😥😰 ---Кызым,мен сага ишенем.Сен бизди багып,эшикке чыгып эркек,уйго кирип аял ишин жасап жатасын.Мен корбогонду кор,ойно,кул,бирок эки колду кудайым ,жаап жур деп берген...(эки жерди)😃.Бул улуу соз.Сенин окууга отпой калганына ото суйуном.Отпой калсын деп эле айта берем.😃Жанымдан кетиргим келбейт,сен жок болсон чолокмун.Канча жерден келди,окуйм деп,болбойсун.Барыбир максатына жетесин,айтканынды ыйлап болсо да кылдырасын...Мейли эми баарыбир кетесин,эми ак батамды беремин.Фрунзеге тапшыр озун айткандай,Ош болбоду.Бешененди ачсын,багынды ачсын .....деп...калды. ----Фрунзеге келдим,окууга оттум.Староста болдум.Айыл,чарба иштерине алып кетти.Кубанычыма чек жок.Айылга манкайып барам,окууга оттум деп.Чындык борбордо бар экен деп,мурда эле келе бербей деп,окунуп да коем. Буттум,диплом алдым.Экинчи курстан турмушка чыктым,ал дагы староста.Кийинки 3-курста кыздуу болдук.Экообуз тен очный.Урушубуз сен кал,мен кал.Откондо .(уландысы бар)
Загрузка...
419  
21.12.2019
3-болук.Кооп жигиттер ашыктык каттарын жазды.Чогуу окуган старостабыз дагы.Сабак туштон кийин окуйбуз,сабак бутсо эле жолум тосуп,откорбойт.Ото шайыр,гитара менен ырдаган жигит эле.(Бейиште болсун)кийин уксам,Москвадан улантыптыр,келип иштеп,уй було кутуптур.Анан ооруп,дуйно салыптыр.😔.Окуткан мугалим агайыбызды баардык студент кыздар суйчу,шылтоолоп эле бара берчубуз.Уйлоно элек,кычыраган,ото таланттуу агай эле.Биз кыштын куну буттук.Аппак кар,кечебиз башталды.Столдорго болуп коюшуптур,агай эжейлер менен,бизде баягыл агайдын аты турат.😊.Журогубуз тукулдоп башталды кече,агай жок.Бир мезгилде эшик чоон ачылып,кун киргендей баарыбыз кыйкырдык,агайдын атын атап....😃. Усту,башы кар,ошол деле жарашып турат,колунда роза гулу 5 даана,ото кооз,кыпкызыл,усту кар... Биздин столго деп,балдарыбыз корсотту.Гул кимге???Баарыбыз кутуп жатабыз.Туура келип эле,мага сунса,буттарым мени которо албай,жыгылып кетемби?деп,оло боюм тузодум.Болбойт,бетим болсо,манаттай кызарды,кулагымда зуулдаган ун,коз эч нерсени корбойт,бетимен да ооп улгурду....Куттуктайм,окууну бутушун менен......Эч кимге гул келген эмес,бир эле мага.....Ызы,чуу,.....Оо,оо деген эле ундор.Менин жашоомдогу эн бактылуу минуталар....Журогум азыр жарылгыдай..... Дипломду алдык.Мени педагогикалык училищага мугалимдике сунуш алдым.Айылга барып,ата-энеме айтсам. -Болбойт,биз карыдык,жаныбызда эле бол,ушул жерге эле иште.Анан экинчи агам (бейишин берсин). --'Барбайсын.Соз бутту.Укпасан,менден бирди коросун.Себеби апам билет эле,ушул агамдан коркоорумду,дайындап коюптур.😊. Келдим,бала бакчага орноштум.3 жылдай иштедим,жигиттер кат жазат,уйго келишет.Жолдон эле ушул агам,урушуп,укпаса ур,тепкиге алып,кайтарат экен.....😊. 3 жыл Ошко пединститутка тапшырдым.Спецтен отом,экинчисинен кулайм.Таанып да калышты. --Ай кыз,бери келчи.3000с барбы?Отосун. ----Эжеке,мен пенсионерлердин кызымын.Болгону 65сом алам.Ата-энемди багам.Андай акча жок. ----Ии,анда отпойсун.Барыбир.....
665  
21.12.2019
2-болук. --Анан кашайып менин бактыма,апамдын жанында тамеки тизген темир ийне туруптур.Чаба берди,туш келген жериме,тура бердим.Качсам,баары бир жетет апам,ото чыйрак болчу.Акыры токтоду.Озу бир нерселерди айтып эле ыйлап баштады,унум чыгарып ыйлаганга,бирин уксам,бирин укпайм,эмнени айтып жатканын тушунбодум....😭.(кана азыр тируу болсо,мындан да каттуу чапса,опмокмун,сагынам сизди апа....😰). Сабагым даярдадым.Баардык жерим ооруйт,ачышат.Карасам каршы,терши издер,колум да,бутум да..😔....Ыссыктын кунуно карабай,жени узун кофта,колготки кийип жонодум.Дуйном карангы.Мектепке барсам,тез эле тараптыр кат,кабар.Кыздар эмес,балдар кошо шылдындашты....😥.Ошол учун ойлойм менин журогум бала чактан жабыр тартып,темам мундуу болуп калганбы?деп....😔. Каникул,уйдо тамеки,жугору,куруч,кызылча,анан огород.Ошентип,кыскасы онунчуну буттум.Ташкентке театралдык институтка чон агам алып жоноду.Отподум,себеби ал жактын талабы озбек адабияттан тапшырышым керек экен.Хамза Хакимзода Ниезийдин "Хиккоялари"деп,тема келди.Билбейм.Кайттык.Агам ошол Ташкентте окуган учун,мени да ошол жакта окуса деп тилек кылган экен.(Ыраазвмын акем,бейиште жургон болун.😰).Огородтогу нокотун сатып,балдарынын ырыскысын мага жумшаган.Журогумдо баары.😔. Эртен Ташкентке учабыз деген куну,мектепте орус тилден берген Рафик деген агайым уйго келиптир. ---Кызыныз аябай тырышчаак,таланттуу,жакшы окуду.Ишенем,кудайым буюрса,мыкты адис чыгат деп,апам менен чай ичип ,тилегин айтып кетти.Чексиз ыраазымын агайыма,ото жогорку тарбияны,билимди берди.Корсо Казань шаарынан бутуп келип,жаны иштеп,ото кучтуу тажырыйбасын,билимин бизге арнаптыр.Эч унутпайм,сиз менин журогумдо,ыйык устат катары жашайсыз.Бир передачадан "Айылга кат" деген беруудо.Мен сизге кат жолдогом,себеби ,менин мугалим болушума,Эл кызы болушума салымыныз чон.Айыл дегенде,сиз кошо келесиз эсиме.Рахмаат,омурлуу болунуз,сыймыктанам. Окууга отпой,айылга баруу,мен учун ото оор болду.Аким акеме айттым,барбайм,иштейм окууга отпосом дедим. --'Анда Жалал-Абадка баралы.Маданият техникумга,угушума караганда,дагы деле кабыл алып жатыптыр.Оттум,окудум.Уйломо аспаптар болумун бутурдум.Аябай жакшы,жаштык кундорум ошол шаарда болду.(уландысы бар)
1068   77
21.12.2019
Кутман тан досторум!!!Жазмакерлигим куткон досторум учун.Мен уй булодо сегиз бир туугандын эн кенжесимин.Чон эже,агайларым мен чонойгончо эле турмуш куруп,болунуп кетишкен.Мен апамдын кырк жашында торогон кызымын.Эжекелерим менен удаа тороп,ото уялыптыр.Торот уйуно деле озу барып,жалаяктарын даярдап,озу эле которуп чыгыптыр.😥.(Бейишин берсин апамдын).Апам жонундо болок озунчо жазам,журогум чыдабай кетти.Баардык кыздар,балдардай мектепке бардым.Жакшы окудум,активдуу кыздардын катарын толуктадым.Бирок журокто кетпес бир так бар.Уйдо эрке чонойдум,таттуунун таттуусу меники,майлуусу да меники...Бирок,мектепке барсам эле,бир лидер кызыбыз бар,болгону,болгон.Эми бала экенмин да,ошол журогум ооруйт,жалгыздык жанга батат.Ортодо создорду айтып келээр кыздар да бар.Анан сайын чунчуйсун.Балалык таза журогум,мектепке бараарда сыгылат,бирок сабакты калтырбай жакшы окуйм.Кошуп калса менден бактылуу бала жок,бирок ал аз эле болоор эле...😔.Кундордун биринде терезе пардоого 20тыйындан чогултабыз деп эжейибиз айтты.Ал убакта мен чогуумун,биргемин.Уйго келип,апамдын паластын астына койгон тыйынын алып,баардык класка толоп койгом.😊.Анан баягыл лидер кызыбыз эжейге айтты. --Каяктан алдын? --Апам берди.(жалган айттым).Ишенимдуу,себеби мен кыздар менен чогуумун.Ал бакыт мен учун,баарынан кымбат.Узакка созулбады суйунучум. Мектептен эжейим уйго кошо келди.😔.Ошондо 10жашта, 4класс.Апама айтты,4 сом уурдап,пардоого толоду деп.Чогуу чай ичишти,кошуна эле турчубуз 4,5уй нары,мен олтурам кунолуу,Мен эмне учун ошол ишти кылганымды алар билбейт да...Ал уурулук экенин деле билбегем,болгону жакшы корунуп,максат,тилегим кыздар менен чогуу болуу...Айыл жеринде акча деле ото керек эмес,баары даяр.Сут,май,жашылча,жемиш огородтон эле чыгат..Апама ыраазымын,эжейим козунчо эч нерсе дебеди,бирок козунон коруп турам,онбой калаарымды.🥺.Кетти эжейим,апама тыйынын кайтарып....Узатып келди да,бери бас деди.Чачым белиме жетчу,коюлугун айт,ар дайым эки чач кылып оруп берчу. ---Мен кандай жанымды эгоолоп журуп,тыйын кылам.Баарынардын устунду,тамагынды ойлоп....озумо бир жоолук албайм деп,бир чымчып алды..Козум жашы кол.Мени уят кылдын,эми баары соз кылышат.,дагы бир чымчыды,.(уландысы бар)
336   14   8057
19.12.2019
Кутман тан досторум!!!"Ыр --'алтын,Соз-'кумуш деп".Кечээки куну "Алтын -Казына"ресторанынын жалпы жааматы,Сагын Ниязалиева,алып баруучу Асылбек Озубеков баштаган,"АТА-ЭНЕГЕ ТААЗИМ" аттуу чоон концерт болду.Ушундай искусствонун корифейлери менен бир столдо олтурганыма чексиз шугур дедим.Ата-энени урматтап,ушул кечеге алып келген уул,кыздарга рахмат айтам.Кучтуу айымдан,мыкты балдар жаралат деп,аябай суйунуп ,кубандым.Баарыбыз аралаш олтуруп,бийлеп,каалоо,тилек,кучакташып суротко тушууго да улгурдук.Гульмайрам Момушева,Керим Турапов ж.б.улуу онор инсандары...болду,ото сонун кече!!!.Ким келбесе,арманда калды...Менин журогум,эс алып,экрандан ушул КОРИФЕЙЛЕРДИН жаш мезгилиндеги сьемкалары,сахнада оздору ырдап,караап,угуп олтуруп ,козумдон чолок жаштар тамды,суйунучтон.Кутман,Замир,Кубаныч,Талант эрке бала,Кундуз,Абидин аке,дагв коптогон жаш ырчылар.Кыскасы ордубуздан тура калып,браво,браво деп....колдор кол чабуудан ....ысыды.Анан Эл артисттерибиз бизге бата бергени толкундантты,Кайыркул Сартбаева эжекем,"журогун менен ырдайсын,бул чанда Алтынай деп,колунда конфеттерин мага узатып"Эл артисти бол...деп узатты.эле....журогум кабынан чыгып кете жаздады.Рахмаат деп,колунан оптум....Мен учун сыймык!!!Бактылуу омур болбойт,бактылуу минуталар....дегенге ынанып,суйунуп,жашоодо кандай кутпогон суйунучтор бар деп...уйго келдим...Чексиз ыраазычылык уюштуруучуларга,,келип эс алып кеткен ата-энелер да мендей абалда болду деп ишенем. Мыкты кече болду.Жаны жыл куттуу болсун!!!👍👍👍😊👏👏👏👏👏🎼🎵🎹🎙⛳