Алтынай Нарбаева
@altynai_narbaevaofficial
Алтынай Нарбаева

Подписчики: 152715
Посты: 259
Подписки: 614
Заслуженная артистка КР🇰🇬🇰🇬🇰🇬 По вопросам выступлений обращаться к администратору📞📞📞+996501932305 +996776826444

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
1378   151
31.12.2019
Кутман кун УЛУУ КЫРГЫЗ ЭЛИМ!! Досторум жана замандаштарым!!!Сиздерге жыл аягында кичине болсо да жетишкен ийгиликтерибизди сиздер менен болушкум келди.2019-жыл мен учун ото жемиштуу жыл болду!!!Онорумду баалап,ун кошкон,кадырлап баалаган куйормандарыма,жалпы ЖУРТУБУЗГА,ЭЛИБИЗГЕ ыраазычылыгым билдирем!!!Талант --корунгонго берилбейт,эрингенге турбайт деп,мени менен ырдагым келет деген жаштарга,жанашып ырдап,суйундум..с.о@roza_alqozha"ОМУР".@mirbek_atabekov "Музыка--экообузду жолуктурсун".@nurjigit.moldoia@ishennazarov "Коштошуу буюрбай калса экен"@ulan_sydykov @rustamattokurov "Апакем".@daniyar_ermatov .Ушул жаш жигиттер менен ырдадым.Жаштын тилегин берет деп,коптогон ийгиликтерге жетиштик, сиздердин колдоонуздар менен!!!Жаштарга кен келечек каалайм,дуйнону багынткыла алтындарым!!!Жыл жыйынтыгында ЮТУБ каналынын ,СОЛО МЕДИА порталынын"МИЛЛИОНДУН ТАНДООСУ," "XXI-кылымдын жылдызы","ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ДУЭТИ","ЛЕГЕНДА ЫРЧЫ АЙЫМ"."МЫКТЫ ЫРЧЫ","МЫКТЫ ЫРЧЫ МЫРЗАСЫ",ж.б.гезит,журналдардын дипломуна ээ болдук!!!Бул сыйлыктар сиздердики урматтуу,онорду баалаган УЛУУ КЫРГЫЗ ЭЛИБИЗ, куйормандарыбыз,замандаштарыбыз!!!Кудайыма мин мерте шугур бизге онор берип,сыноого койгонуна!!!,ЭЛИБИЗГЕ терен таазим,кадырлап, барктаганыныздарга!!!!Биз,сиздер учун ырдап,изденебиз,ЭЛИБИЗДИ данктап,жерибизди мактап,анан ар бир инсандын жан дуйносунун,суйунучун,азабын,туйшугун ,арзуу,суйуусун чагылдырып,ырга салып,обон созуу....кандай бакыт!!! Жаны жылыбыз да жемиштуу жылдардан болсун!!!Тынчтык,ынтымак,биримдик,ийгиликтин жылы болсун!!!Ушинтип,ЭЛ алдында,башты бийик которуп,тике карап,эмгегибиздин отчетун берууго жеткирсин.Рахмаат.😊🎼🎵🎶🎙⛳
931   63   16064
31.12.2019
Кутман тан, КЫРГЫЗ ЭЛИМ,замандаштар,достор!!!Жаны жылга куш тилиндей жылуу,жарык кабар менен журогум суйунду!!!Эмгегин бааланып,кадырын которулуп,эки канат бутуп, бир кубанып,бир суйунучтон коз жаш кылган синдим КЕНЖЕМ,чын журогумдон куттуктаймын!!!Аз уктап, коп ойлонгон,онор кесибине жоопкерчилик менен таза,тунук мамилен,качан болсо кан жолдо,торт донголоктун устундо,омуруно,ден соолугуна кепилдик жок,уй булону,АЛЛАГА аманат деп,аларды сагынып куса болсон да,ЭЛИМ учун кызматым деген журогундон САДАГАБОЛОЮН!!!Сен жер астында,эчак бышып,жетилген вулкандай болгон кучун менен,оргуштап,аралашып,бышып,тунук болуп,бийик атырылып чыгып,бир мен эмес жалпы ЭЛИБИЗДИ кубанттын!!!Бар,бол,ооруган жерине даары,ыза болгон конулуно, издегенин тааап бергенге карангыда жарык,кадырына кадыр кошкон ЭМГЕК СИНИРГЕН ДЕГЕН НААМЫН кут болсун!!! @kenjeduisheeva74
3273   396
27.12.2019
Досторум,менин эн кучтуу АПАМ!!!Кагылайын АПАКЕ,балдарым бактылуу болсо экен деп,канча таман кызытып,чуркадыныз!!! Тун уйкуну корбой,колунуздан иш узулбой бактыныз!!!Ошол кылган мээнеттеринизди,ЭНЕ болгонумда,тагдырдын,турмуштун сыноосунда байкадым!!Сиздин бырыш баскан жузунузго,буурул тарткан чачынызга ,бидин уул,кыздарыныздын,неберелериниздин да куноосу арбын,кооп !!!Биз учун гана жашап,омур кечирдиниз!!!Бир ЭНЕ,баарын багат экен,баары биригип,бир ЭНЕНИН конулун ала албай калыш,толук мумкун экен.Сиздей кучтуу ЭНЕДЕН жаралганыма бактылуумун!!!Мектеп жашымда кундо 20 тыйынсыз кетпечумун.Кокус конок келип калса,унутчусуз.Мен терезеде тиктеп сизди,,шилекейим менен терезеге сурот тартып,тура берчумун... -'---Иий,кара манкам(ушинтип да эркелетчусуз) кете элек турбайбы?Кир деп,колунузду жансайсыз.Менин суйунгонумо чек жок,зымыраган боюнча жаныныздамын.20 тыйынды алып,эмне алаарым,кече эле пландап койгон болом...Ошол мага болгон озгочо бир узум камкордугунузду, балдарыма кундо мен да тыйын берээрде,(зырп этип),эсиме келесиз,сиздей болгум келет!!!Журогунузго,айколдугунузго--'МИН ТААЗИМ!!! Бул,сизди эскергеним, ар бир уул,кыздарыныздын журогундо экенинизди айткым келди.Бул чындык!!!Жакшы адам,,эки жашайт дейт!!!Сиз журогум токтогончо ---ЭСИМДЕСИЗ!!!Бейиште жургон болун АПА,алтын АПАМ!!!🤲🤲🤲😔
1387   569
27.12.2019
16-болук.Эжелерим,женелерим алтындарым тосуп алышат.Оромо жасашат,каймак,майын берет.Бирок окшобойт,АПАМ ДАЙ болбойт.😰.Коп бара албайм.Султанбегим,азаматым,бактын тилейм.Сага суйуном,ичим жылыйт.Ошол конушта жакшы жарга жолук,балалуу бол алтыным.Апамдын суймончугу,менин да суймончугум.Абдымалик агам да отту.Оор болду мен учун.Уч,торт жылда бир туугандардан,АТА-ЭНЕДЕН айрылуу.Бейишин берсин,сурагын женил кылсын,тынч жатышсын.🤲😰 --' АПА,сиз айткан керезди аткаруу ,менин милдетим!!!Омурунуз, ден-соолугунуз ушул бир этек балдарынызга арнап оттунуз.Озунузду аябадыныз,уйку бетин корбодунуз,ар бирибиздин тагдырыбызга кейидиниз.Озунуз айткандай,ак койнок кийип алып,ар бириндин уйунду кыдырып журом деген тилегинизге,ойдогудай болуп жетпединиз.Аябай аяйм,,окуном бир Ысык-Колго да алып келип,эс алдырбаганыма...😰.Унунуз,эркелеткен создорунуз,мээримдуу коздорунуз журогумдо сакталат.Тируунуздо ыраазычылыгынызды ала албадым,коштошкум келбеди.Сиз менин журогумдо жашайсыз,бул тируулукто АПА,жаным АПАМ!!!Кундо эртен менен намазымда ыйлап жатып,бата кылам.Жетсин сизге...Сиздин кайраттуулугунуз,таамай создорунуз,чыдамкайлыгыныз,ожорлугунуз,таза,пакизалыгыныз калды кыздарынызда!!!Мен сыймыктанам,ушундай кучтуу ЭНЕНИН кызы болгонума!!! Жаткан жериниз бейиш болсун алтын АПАМ!!!🤲🤲🤲. Бул эскеруу оной жазылбады.Журок тилинди.😰😥Ар бир инсандын оз эрки деп ойлойм,эскерип,чиймелегени.Менин ырчы,же мугалим катары эмес,бир жопжоной КЫРГЫЗДЫН кызы катары жаздым.Кимдир бироолорго сабак болоор.А мен женилдедим.Бул подписчик кобойтуу учун эмес,эки адам окуса да кубанам.Чексиз ыраазымын сиздерге,апаларынар бар болсун!!!Сыйлагыла,кабар алгыла,эркелегиле,жыттагыла!!!Мен деле силердей эле сагынам,куса болом...бирок ЖОК.😰.Силер бактылуусунар!!!Силердин апага кылган мамиленерди коруп,мен СУЙУНОЮН!!!😘😘😘😘 😊. (Бутту,аягы).
Загрузка...
689   111
27.12.2019
15-болук.Врачтан сурадым. --Тизесине чейин шишик болсо,аз калыптыр,бир,эки кун.😰.Самолетко билет алып,жеттим.Козумдун жашы кол,жолдо деле,эч ким козумо корунгон да жок.Уят десем деле,жан дуйном баш бербеди,козумдон жашым тыйылбайт,жеттим. ---Эмне келдин,ишинден калып,кыздар карап жатат.Мен жакшы элемин.Бир суюк тамак кылчы оз колун менен деди апам.😰.Тамакты аз эле ичти...Мен болсо,жаздын эрте куну,шагыл токтурдум,даараткананы жанылап,койчу деги.. Ыйлаганча,иш кылып журом.Баягы жарака кеткен жерлерди, ак материал менен кагып чыктым.😥.Баарына даярдык бутту,эки кун отту.Шишик ичине жетти😰. ---Молдо чакыргыла деди апам.Молдо келип,дем салды,тердеп,тердеп кетти молдо.Анан аягында бата кылганда,апам да арыык колдорун чыгарып,бата кылды...😭.Молдо кетти. ---Менин кунум бугун оор деп,каттуу ушкурду...😭 апам.Шишик кечке кокурокко келди,😭апам суйлобой калды...😭.Анан кырылдаган ун башталды:Эжелерим баары уйулушуп..😭. ---АПА,ыраазы болун,деп аттарын айтышты,мен чуркап верандагы чыктым да,😭бутумду тактайга ура бериптирмин,согончогум эртеси бастырбайт.Кирбейсинби?дейт эжем. ----Мен айта албайм,коштошкум келбейт😭😭😭.Ундору угулуп эле жатты,жиниме тийишип,каттуу,каттуу суйлошот,Алижан Россияда,аны да аташты,апам байкуш,башын гана ийкейт,акырында,мен Алтынаймын,ыраазы болунуз АПА,деди эжем,менин атымдан,мен жер тепкилеп 😭турам....😭😭😭 ----Минден,мин.....деп,суйлоп,калганына тили келбей,узулду.😭😭😭😭😭😭😭 Апам,кагылайын апам,бизди таштап кетти....😭. Мен барганда ар дайым оз колу менен каймакка оромо жасап берээр эле,чакага куруч салып,ичине жумуртка тыгып,устуно сары май,каймагын салып берээр эле...😰.Келгенимде уктабай ,суйунуп кутоор эле,ошон учун кутуп кыйналбасын деп,айтпай бараар элем.Анан кетээримди ойлосом,журогум сыздайт.Эртен кетем дегенде эле ыйлап баштайт,жолго чыгып узатып,кол булгаап,батасын кайра,кайра берип,ыйлап калат эле.😭. Кудайдын берген ырыскысы,элимдин чакырыгы менен топтогон акчама,озумо эмес биринчи ата-энемдин уйун салып бердим,уч этаж,бутту.Ордобуз болсун деп...😰.Кухня,аткана,малкана,койкана баары буткон.Апамдын керези менен Султанбек калды Бутпогонун озу бутурду.Бирок,барганда,😭 .Куран окуйбуз,башка арга жок.(ул бар)
551   29
27.12.2019
14-болук.Кундордун биринде мен каттуу ооруп,больницага туштум,бир ай жаттым.Учунчу куну апам жетип келди. ----Сага келген мээнетти алып кетейин деп келдим деп,мени уч жолу айланып жиберди.Мен аран басам,бетим танылган,коридорго чыкканымда.Бир нерселерди айтып эле жатты,колунан кармап ултурбойм,алым жок.😥.Мени Данакан (эжем)атын эле айтам,канча жаш чон болсо деле.Апамдын ону жакшы эмес,сары,биздин уйго кетти.Эжеме айттым: ---Врачтарды тааныйм,баарыбир мен айыкканча кетпейт,жаткырып коелу больницага,курс лечение алып алсын.Жаткырдык,апам жолдун аркы бетинде,мен берки бетинде.Данакан кечке чарчайт,экообузго..Ыраазымын сага.... Айылга кетишти.Кайра апам ооруп келди,операция болуп,отун алдырды.Эжелерим,Алижан эшикте олтурабыз,ыйлап алганбыз.Жерде эле,чоптун устундо.... ----Апама,бычак тийгизбегиле,алып келип койгула,сексенден ашты которо албайт,бир нерсе болсун,корсотом баарынарга коргулукту деп,Абдымалик акем чалды.Тооба,бир уйго пайдасы жок,эч нерседен кабары жок,балдары оюна да келбейт,учунчу аялдын устуно кирип жашап,кыздуу болуп калган....Озу кучтуу болбосо да,созу кучтуу..... Аябай коркконума,дагы коркунуч пайда болду....Баары жакшы болду,кайра айылга кетишти. ---Алоо, торт кундон бери Эрлан менен дагы бир эжемдин баласын айтты,(14-15теги балдар экоо тен)жок,издеп эч жерден таппай жатабыз.Уйдон 25 000с жоголду.Акча олуп кетсин,оздору эмне болду экен?😰жок жардам бер деди, апамУчуп бардым,милицияларга кайрылдым,кечинде Оштогу бир уйдун подьездинен табылды.Ондору боз,устулору кир,колдорунда бирден телефон,анан бирден велосипед....Мына ата-энеси бирге тарбиялабаган балдар.😥.Уйго алып келдик.Тилдеп,тилдеп кайра учуп кеттим.Капаландым,аябай зээним кейиди.Оз ата-энелери бирге болсо,ушул жетпегенин жеткирет эле да...Апам кары,угушпайт.Оздору менен оздору....Бир гана Султанбек мыкты чыкты деп,эч оозунан тушурбойт апам.Мага куйумдуу,кучтуу бир аттын жугун которот.Кокус ,мен олсом ушул Султанбегим калсын ушул уйдо деп,мага кайра,кайра эскертти....Садага болоюн апам,.озу ону бир алда...😥. Ошол окуядан кийин,апам ооруп эле туруп алды.Тошоко жатты,узаак.Эжелерим,женем кезектешип карашат.Мен памперс,кийим,кече,даары дармек....😥.Барып коруп келдим.(уланд.бар)
600   29
27.12.2019
13-болук.Мен туура кыламбы,куноолумунбу,акмынбы,апам учун таптазамын.Болушканы болушкан.Эже,акелерим,далай таяк жешти го мен учун.😊. --Сен кызым,аябай башкарганды эле жакшы коросун,жок дегенде 15 адамга кожоюн болсон экен,дей берчу😊.Шугур кудайыма мин жолу шугур.Жетекчи болбосом да,бала окутуп,ыр ырдап,оз куйормандарымды таптым...Апама аздыр коптур акча жонотом,бел болсун деп,мен эмес кудайымдын берген ырыскысынан.Озу апам жаш кезинен эле,тыйынды жакшы бекитчу.Корсо камдуу эне экен.Жайында себетке акчаларын жайып,кургатып салып койчу.Айылыбыз бир метр казсан суу чыгат,сыз.Анан сандыктын ичинде коктоп кетпесин дейт да.Менмин дегендер деле,апама келчу,акча сурап...Анан апамдын дагы бир касиети,таштан толго салчу.Жоготкондун баары эле биздин уйдо,туура чыкчу.Таап алышып,чай,чамегин которуп келгендери да коп...😊Жаным апам,ошол элдердин эсиндесиз!!! Мен,концерт берем жылына,2009-жылы"Эмгек синирген артисти".Султан Раев агайым келип тапшырды,апам залда.Карасам ордунан туруп алыптыр,кубанып турат. ----Менин апам,деп элге мактандым.Меники эмес,бул сыйлык,сыймык апамдыкы деп,апамды сахнага чакырдым.Элдин кол чабуусунан ,башым тегеренет. ----Рахмаат сиздерге"Кызымды адам катары коруп келгениниздерге!!!"деди апам,эл дуу деп,кулушту.😀👍.Кагылайын апам,кутпогон жерден чыгып,ичинде ыраазы болуп,коп элдин келгенине,суйунуп отурганын айтты.Таазим этем деп,сахнадан кеткенче ,бекем кучактап,кызыл китепти берип,колунан оптум.😥.Эл шатырата кол чапты.....Ошондо апам,ооруп,тошоктон туруп эле келиптир,ону саргыч болчу,бирок эч айтпады....Коноктоп баарын узаттык.Ар дайым бир туугандарым,азыркы кунго чейин келип,концертимде бир эс алышып,чер жазып кетишет.Бактымсынар силер менин,алтын бир туугандарым,сагынып журом азыр.Апрелде ар жылы концерт.(уландысы бар) ---
604   34
27.12.2019
12-болук.---Жол жок,айылдын аягына чейин барып,эптеп келе жатсак,кооп эркектер корунду,чуркадым....😥😭. -----Атааааа,кагылып кетейин атааааа😭.Кишилер токтоп калышты,атам жаткан жыгач замбилди кармап,колдорум карышып,кечир ата корбой калдым,созун укпай калдым акыркы,жузунузду корбой калдым,атаааа деп,😭.Колум,сыдырылып калып калдым,😭.Кар менин боюмдай отуруп калдым...Атаа,айланып кетейин атаа,садаган болоюн атаа,кантип жан бердиниз экен?Эмнелерди айттыныз экен?😭.Алижан Россияда,келалбаганын билем.Абдымалик агам да келалбаптыр,жакын жерден.....😭😭😭😭.Себеби кучактап алайын десем корунбоду бир туугандарым,кандай гана арман...😭.Ичим куйуп,куйуп,карда отурганым деле билинбеди...😭😥 Атам,мени "мама кызым деп эркелетчу.Ар дайым тизесине башым коюп жаткырып,аркаларым кашып берээр эле.Колу щетка,кечке мал карап,оло жакчу..Согушту эле айта берчу,корсо кан кечип жургон кундору,ташка тамга баскандай журогуно тема болгон экен....😥.Жакшылык,жамандыкка барса,белинде ар дайым муштумдай эт,баарыбызга болуп берет.Чонтогундо 1таттуу болсо,ал мага.😥.Качан болсо,10л.фляга бар болчу,ошого май, бир колунда эт,анан ар дайым,жузум менен коон алып келээр эле...Корсо атам,коон менен жузумду жакшы корот экен......Ошентип,атам да бизди таштап кетти........😔 Апама,Султанбек,Эрлан эрмек.Алар да баардык ишти жасашат.Учоо,баягыл эле турмуш,уй эскирген,мандайда жайкы кухня жарака кеткен..Кундордун биринде,апам огород тазалап,жалбырактарды орттойт.Аралаштырып жатып бир чок койногуно илешип,байкабай(синтетика)койнок куйот ,апам чечкенге улгурбой куйуп калат.....😥. ---Апам тошокто,кезектешип карап жатабыз....эжем чалды.😥Жетип келдим,апам байкуш тошокто кичине болуп жатат,куйгон жерлерин ачып коюптур,😭.Онтойт,чыдап туруу кыйын....Алтыным апам,коро элек сыноолор коп экен да али....😥.Кеттим,иштен 2 кунго эле сурангам.Айтып турушту эжелерим.Озум шаарда,жан дуйном апамдын жанында....😭.Айыгып турду,жакшы болуп кетти.Апам,мага озгочо конул болуп,озгочо мээрим токкон,кичинемден. ---Атырым деп,эркелетээр эле.Башымдан жыттап,жыттап,ото эле жыттуу да десе,мен ишенип,ушунчалык анкып турган жыттуу сезчимун.Жинине тийсем "кир самын"болуп кеттин дечу.Алтыным апам..😥(уланд.бар)
540   25
27.12.2019
11-болук.Эжелерим келип,кол кабыш кылат апама,баягыл торт эркекке.Ий баса мурунку экоосу чонойду,иштей баштады.Апам,ошолорго болгон кучун,мен болсо кийим,кече,мектеп ,тамак ашын жонотуп турам.Элдияр Россиялап кетти,атам,апам,керек болсо оз атасына да келбеди.😥.Кат,кабар да жок.Бишкекте кийин апасы менен табышып дешти,угабыз корбойбуз......Женем да отуптур.(бейишин берсин).Кийинкиси Жандарбек,ал озунчо тема.Чач желкеден,колдо дермантинден жасалган билериктер,койкондойтБалдардын баарын нан жапканга,камыр,тамак жасоо баарына уйроткон апам.Бирок,билим,ата-эненин,оз апа-атасынын таалим,тарбиясын корбоду.😔.Жандарбек,апам,берки садагаболоюнум Султанбегим😔(кийинки аялдан чону) экоо араан жыйнаган,семечкасын,жугорусун,жангагын,11 кап,туну менен жамырып кетиптир....😥.Анда телефон чыккан,биз Бишкекке кайра кочуп келген убак. --'Алоо,Султанбек экообуз,аран жыйнап,кургатып койгон.....жок,уурдап кетиптир.....😥 деп,уну кырылдар чалды апам.Султанбек да ыза болуп.... ---Мен учуп бардым,атам,эжелерим ,садагаболоюн эжелерим,женем,(Аким акемдин жубайы)кандай жакшы кором силерди..Бактым тоо,силер менен.Издеп баштадык,кошуна айылдан таап келдим. ---Алганым чын,жангакты кошуна келинге эле сатыптыр арзан,ал келин базарда ошолорду сатат.😔.Калганын деле откоруптур....😔.Тан калдым,кошуна туруп,кемпирдин эмгегине кылган мамилени кара?😥.Тушунук кат жаздырдым иниме,жуз ката жазганында,сабадым,колум ооруганча,ото ыза болдум,апамды аяп😥😭.Кетти,кооп уйлонуптур,азыр Россияда,эжелерим менен байланышы бар.Билимсиздик,тарбия жок,тируулой жетим.Апам кемпир,тоготушпайт.😭.Мына окурмандар,сиздерге сабак болсун деп,😥жазып жатам.Чындык,капты,шибеге баары бир тешип чыккандай да.Балдарды эч кимге таштабагыла....силердин ордунар ТОО ,бала учун...😔. Анан атам ооруп,тошокко жатып узаак кыйналды.Эжелерим,женем тамак жасап келип,апама жардам кылышат.Мен болсо 😥жетпейм,памперс,кийим,кече,тыйын салам.Ошол жылы ото коп кар жаап,машиналар журбой калган...ошол куну атам отту....😭😭😭.Машинага керектерди салып,жолдошум менен жонодук,самолетко билет жок....Жолдо,эки жолу машина айланды,муз,суук.Жеттик,мени куто беришиптир,акыры жаназа окулуп,карда жоо атамды алып жоношуптур 😭.(уланд.бар)
529   17
27.12.2019
10-болук.Апам,апам,аяганым апам...Оорусу кучоду.Ыйлаак апам,анансайын...Бирок апам,бизди эч кимден кем кылбай билимдуу болушубузга болгон кучун жумшады.Окугула,эркин болгула.Бийик болгула деп башка энелердей эле.Баарбызды эч нерседен калтырбай жонотоор эле.Вечер,той,туулган кун.Бар,11ге чейин келип кал.Башка кыздардай болуп,эшиктен,терезеден,тешиктен чыкпадык.Рахмат апа!!!Ойногула,кулгуло,эсинер менен болгула.Эки колду кудайым,эки жерин сакта деп,берген.Акылынарга таянгыла,мен ичпе,чекпе десем,анан сайын кызык болушу мумкун?Баары бир жасайсынар,эркинер башкара билгиле?Суйлойм деп эле суйлой бербе,созуно туз салып,даамдуу суйло,доодуроп кетпей...Кагып салчу,эгер чанжырап суйлосок.Жигиттер,кыздар менен суйлошсонор,жол ачык,озунор тандагыла,мен колдойм."Аргымактын жанында эшек жатат,кызыл гулдун жанында тезек жатат","Гулду,гулго кошуш керек".Адашпагыла тандоодо,омур бою жашоого бел байлоодо.Мактабайм,жамандабайм да,озунорду да,бир кузгу алып карагыла э?"Мен киммин деп?.Ото соогун кайнап чыгаар создорду айтып,тамекисин булатып,отуруп калат.Дегеним,мен корбогон,жетпеген ,энсеген,жетпей калган,ЭРКИНДИККЕ силер жеткиле.Кол котортпогонго аракет озунордон,бир тийдиби?болду,ал жонокой эле иш жасагандай эле адат болот.Коруп жатасынар....озубуздон эле.... Абдымалик агам центрде иштейт,экинчи алган аялы кетти.Математик.Азыр ойлосом,женелериме аял катары конул бурулбаптыр.😔.Кутмой,жок,эртеси да жок,балдарга деле камкордук жок,апам менен гана кун кечирмей болгон экен.Келсе да,бир кун тунойт...дагы.....😔. ---Кана носким?.....ошол учун деле женелерим,.....кызыл чеке...чоон проблема,жанжал.Кыскасы,агам жолдо мыкты,шайыр,тегереги кыз,келиндер...Уйго келсе эле....баары начар,таза эмес,конулундогудой эмес....Иштен куну,туну бошобойт,керек болсо ,жол киреси жок деле келбей калат...😔.Толук кандуу жашоо жок.Ишинен,жолдон корсом,ар дайым мас да эмес,соо да эмес.😔.Уйго келсе,огород жака эле бара берет.Корсо,ичээрин ошол жака катып,тынбай....Тамактын баарын жасайт,кыраатын келтирип,ырдайт,бийлейт,колунан келбеген иш жок....Акыры ал аялы да кетти,дагы эки эркек...3 жаш,1жаш.Апам,кургур апам,карыганда дагы туйшук...😥.Женелерим,азаматтар экен ...(уланд.бар)
889  
27.12.2019
9- болук.Ошентип Жамшит акем,дуйно салды,9 баласы калды женем менен.😔.Апам озун таштап жиберди.....Жылдыгы отту акемдин..😔.2жыл отпой,сууга балык тутам деп барып Аким акем чогуп кетти...😭Денеси табылбай эки кундо,айыл боюнча издеп табышыптыр...😭.Мен турмушта,эки балалуумун. --'Терезе тык,тык дейт туну учто.... --тез кеттик,атан каттуу ооруп жатат деди жездем. Жеткенче журогум кысылып,батпайм денеме....Уйго барбай эле акемдин уйуно бурулдук... Уйго кирдим,жабылып турган денени ачып жиберишти. ---Аким акеееее ...(супсулуу агам,копкок,козунон кичине кан чыгып турат,мурдону биринчи жолу корушум).жыгылдым.Суу чачышып,аран....медсестра ошол жерде экен...укол салып....Апам,жаным апам чочоюп,отурат,кара кок.....😭😭.Эжелерим,агаларым,женем.....катаар....😭.Сыртта атам,букчуйуп....😭отурат.... Аким акем,Тамара женем экоо тен Ташкенттен билим алган.Кудайга шугур эле жашашчу.Гитарада,комузда,аккардеондо мыкты ойноп,ырдачу агам.Женем да сонун ырдайт,экоо ырдаганда,керемет дуэт болчу.Женемдин колунан китеп тушпочу,элестетсем да китеби менен келет.Аким акем болсо,баардык ишти майын чыгара жасачу,омуру кыска экен 41 жашыньда кетти....😭 ..Атам да апамда оздорун таштап жиберди....Чыдабашка айла жок....Улаж.бар)
647   47
26.12.2019
8-болук.Апам,кагылайын апам,мен торогонго чейин аллергия болуп,кулак,муруну аябай кычышып,доктурдан айыкпай,элдик даарыгер тамеки тарт,ошондо басылат деп,тамеки тартып калыптыр...Жыты бир башкача апамдын,элдин апасы атыр жыттанса,менин апам озгочо....😪.Ошол жытынызды сагынам.Сыгылып,кайгырса эле ,озу орто бойлуу арык кемпир да,дубалга суйонуп олтуруп чегип калат..Апам чегип жатса,маанайы жакшы деп,журогум суйунот.Суйлогондо макалдаштырып,элестетип,тура калып,унун да,кыймылын да келиштире туурап калаар эле...😀👍.Созго ото маани берип,кырааты менен суйлоп,кичинебизде жомокторду коркуно чыгарып айтаар эле.Манас китебин оку дейт,окуп берем.Курманбек,Эртоштук баатырлар жонундо окутаар эле мени.Анан патифондон,пластинкаларды угат "Манас,Курманбек..ж.б.Ото берилип угуп,ыйлай турган жеринде,ыйлап,....кубуронуп, душмандарга наалатын айтып,суйлонуп,кудуранып....Саринжи Бокойду кой деп,аны угабыз.Бечара деп....ичи ачышаар эле.Жан дуйносун карыганча эле байытты....Ошол жети класстык билими менен кичине иштегенге да улгуруптур,жаш чагында,билим берип.... Уйубуз бутпойт,эки комнатасы буткон,калгандары бутургончо эскирди.Уста сала берет,уйдон уста узулбойт.Анан апам оз колу менен эле тандырды куруп,очок куруп,аткана куруп салчу....Жаным апам....😪. Бир кун келсем жатат.Жаны уйубуз тууган.Торпогун эмиздирейин деп,торпоктун жибин колуна ороп алыптыр.Торпок чычандаган боюнча,апамды суйроп кетиптир....😰. ---'Суйролуп баратам,колумдан чыгара албай койдум жипти.Олот деген ушул экен деп,😪.Бир топ бардым,алмага оролуп калып торпок,жаным калды....😰.Койноктору тытылган,бети башы,колдору,буттары....😰😭 ---Туралбай жаттым балам,1сааттай,эч ким жок,унум да чыкпайт,😰дейт.Апам,журогум менин😪. --'Ушул дуйнонун сулуулугуна тойбой турдум,олгум келбеди.Бул жарыкчылык кандай таттуу,жормолоп жеттим уйго дейт..😪.Ичим ачышып,ыйлап,сыктап,эжелерим да келип,карап жатышты.Айыгып,туруп кетти,бирок коопто.😔.Кайраттуум апам менин. Бир куну эле апам,жок,сурасам Жамшит агам......😭.Эмне болуптур? -Ооруп больницага тушуптур,анан эле кабар келди апам менен эжемдер,авамдар кетишти..деп,Элдияр айтты.😭😭.АПАМ,кантип котороор экенсиз,жаным апам.....😰 Ордумда...(уланд.бар)