Алтынай Нарбаева
@altynai_narbaevaofficial
Алтынай Нарбаева

Подписчики: 152715
Посты: 259
Подписки: 614
Заслуженная артистка КР🇰🇬🇰🇬🇰🇬 По вопросам выступлений обращаться к администратору📞📞📞+996501932305 +996776826444

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
435  
21.12.2019
5-болук.Ошентип,эптеп бутуштун айласы,кээде кызымды которуп алам,эмизип уктатып,артка отуруп алам,уктатып,болбосо жатаканадагы кыздарга таштайм.Хорго кирем кызым менен,эжейлер тилдесе,анан кантем эми?😥деп.... Стипендия жогоркусун алам,жакшы окуйм,кызыбызга пособие,жолдошум да жогоркусун алат.Кенен жетет.Кошумча да иштей койчу атабыз.Рахмаат деп калам азыр.Кундордун биринде: ---Сен окубай эле кой,же академический ал,баары бир мен багам да дейт.😡 ----Мен биринчиден Фрунзеге турмушка чыгам деп келбегем.Жогорку билим алам деп келгем.Албайм академ.таштабайм окуумду.😡 ---Анда кызды айылга берип туралы.Акыры кондурду.😥😥Билетке жоо ,кызым колумда 3 айлык,жыты бир сонун,коздору бир чоон,озу кичине торолду 2,500гр.Ичим туз куйгандай ачышат. ----Кантип,кантип???😘😘🐣Кантип чыдайм,ыйласам козум жашы мойнумдан отуп,кызыма тамчылайт,оозума киргени да бар,туз эле....😥😰.Кокус карай албай,оорутуп коюшсачы???😥.Анан дагы кокус.....😭😭😭Жоок бере албайм дедим.Билет албайбыз.Окуумду да таштабайм.😥😰Сага экинчи айтпайм кал деп...😡.Кеттик артка...😡 ----Жоок,сенин тилин эле сайрайт.Эртеге дагы эле ушул.Эркелигинди мага корсотпо?Которгондорго корсот,жетет.Мушташып кеткенден да тайбайт экенсин.Ишенбейм сага😡.Алабыз билет.Менин уйумо десем,жок дейсин.Эжелерине берип туралы...😡 ---Эжем,кантип карайт экен?Кокус....😥😰.Балееге калам да,сенин эжен деп...😥 Билетти алдык,кайра артка жоо...Эми андан бешпетер ыйлап баштадым,кызымдын алдында бир чоон куноолумун,ооп,ооп коем.Жашым,баягыдан эки эсе,баспай калдым.😭 Ошол убакта суротчу алдыбыздан чыга калып,суротко туштук.Менин козум корунбойт,шишик,манаттай кызылмын.🐣😘😘😘😘😥 Жатаканага жеттик,5,-этаж.Араан басып чыктым.Атабыз Иван Грозный.,кабакты туйуп.... ----Абже..абже..деген ун кулагыма шак эте тушту...Карасам эжем ананайын эжем,кызын бойго жеткен,аккардеонумду берип жибериптир,бир аппак костюм кызыма.Мен келип,эшигинерди такылдатсам,эч ким ачпайт... Ошентип,мен кайрадан торолуп,кызым ак костюмду кийип,бузук аккардеондун ордуна жакшысы келип,билетти откоруп,жомоктогудай жашап калдык.Эжеме,синдиме чексиз ыраазымын.Бирок журогум баары бир таштай алмак эмесмин.Менин журогум бордон жасалган болуш керек.(Уландысы бар)
434   61
13.01.2020
10-болук.Ошол центрден биздин айылга кеткен жолдо,бир туп тал бар.Эки айылдын ортосу болуп калат,жол жургондор ошол талдын колокосуно отуруп,которгондо колду кыйган сумкаларын коюп,талдын астынан арык отот,арыкка бети,колду жууп,улгургону бутун да салат....Ал "Жалгыз тал" деген эл койгон аты бар.Жетип,биз да олтурдук.Апам,канча жугу болсо деле,эч автобус кутпочу,ушундай чыйрак апам,кагылайыным,башына да коет,эки колунда да жук,жоо журчу ар дайым.Апамды эле карайм,маанайы суз деп.Бир мезгилде,жымжырттыкты бузуп,апам: ‐Эми кызым,он бирге чыгыпсын.Эптеп окутам дечи беш сомунан качпайм.Бирок,аккардеонун журогум оорутту,сен дагы акча жокто,барып адеп кармалап,термелейсин,уят кылып адамды.Магазинде мен кандай абалда болдум билдинби? деп,апам коздорунон катар,катар жашы тогулуп кетти....😔.Мен деле алып берип,сени суйундургум келет,козун коруп,аган уйлонуп,жалгыз уйду саттык.Сатпасак болбойт эле,эл журттан кем кылбайын дегенде,эки козум торт...дагы эле жашы токтободу.....😥Тээтиги деп,талаада байланып турган кызыл уйду корсотту.... -Тааныдынбы?ошол биздин жоош Зояда,суту коп болбосо да,майлуу эле....Ыссыкта,тердеген апам,коз жашыбы,же териби билбейм,мени кучактап опту эле,туз эле даамданды...😌. ‐Журу,барып,Зояны кашылап,кашылап коеюн деди.Зояга барганда,апам,садагаболоюн апам: ‐Зоя,кичине арыктай тушупсун,биздин айылдагыдай чоп жок да, жаныбарым.Апамды коргон Зоя жиби узуун экен,апамды утурлап басып жатпайбы?таанып....Журогум ушунчалык бошоп кетти,ага чейин озумду кармагам болушунча....😪.Ал уйду ар дайым бадага кошуп,кечинде тосуп барып,канча жолу балдар,кыздар менен ойночубуз.Уйга жоногондо эле шапалактай нанга каймак сыйпап,алмадан салып чонтокко.Анан уйлар келгенде,биздин уй артында калчу.Мен намыстанып,куйругун бурап журуп,чуркатчумун,топурак жолдор,уйдун жыты,кээде булгап да жиберет,анысына да карабайм,анан чан, биринчи келишим керек кочобуз боюнча.Уйго жетем биринчи,бирок менин онум билинбейт,чачым бопбоз,каш,кирпик чан баскан,тизеден топпурак,чан кийимдерден бери.Бала экенбиз да....Суйунуп журосун биринчи келдим деп,устун эсине деле келбейт....😊.Ошол кундорду да сагынып,бадага барбай калганыма окунуп,эчкирип,эчкирип 😭 ыйлап алдым...
419  
21.12.2019
3-болук.Кооп жигиттер ашыктык каттарын жазды.Чогуу окуган старостабыз дагы.Сабак туштон кийин окуйбуз,сабак бутсо эле жолум тосуп,откорбойт.Ото шайыр,гитара менен ырдаган жигит эле.(Бейиште болсун)кийин уксам,Москвадан улантыптыр,келип иштеп,уй було кутуптур.Анан ооруп,дуйно салыптыр.😔.Окуткан мугалим агайыбызды баардык студент кыздар суйчу,шылтоолоп эле бара берчубуз.Уйлоно элек,кычыраган,ото таланттуу агай эле.Биз кыштын куну буттук.Аппак кар,кечебиз башталды.Столдорго болуп коюшуптур,агай эжейлер менен,бизде баягыл агайдын аты турат.😊.Журогубуз тукулдоп башталды кече,агай жок.Бир мезгилде эшик чоон ачылып,кун киргендей баарыбыз кыйкырдык,агайдын атын атап....😃. Усту,башы кар,ошол деле жарашып турат,колунда роза гулу 5 даана,ото кооз,кыпкызыл,усту кар... Биздин столго деп,балдарыбыз корсотту.Гул кимге???Баарыбыз кутуп жатабыз.Туура келип эле,мага сунса,буттарым мени которо албай,жыгылып кетемби?деп,оло боюм тузодум.Болбойт,бетим болсо,манаттай кызарды,кулагымда зуулдаган ун,коз эч нерсени корбойт,бетимен да ооп улгурду....Куттуктайм,окууну бутушун менен......Эч кимге гул келген эмес,бир эле мага.....Ызы,чуу,.....Оо,оо деген эле ундор.Менин жашоомдогу эн бактылуу минуталар....Журогум азыр жарылгыдай..... Дипломду алдык.Мени педагогикалык училищага мугалимдике сунуш алдым.Айылга барып,ата-энеме айтсам. -Болбойт,биз карыдык,жаныбызда эле бол,ушул жерге эле иште.Анан экинчи агам (бейишин берсин). --'Барбайсын.Соз бутту.Укпасан,менден бирди коросун.Себеби апам билет эле,ушул агамдан коркоорумду,дайындап коюптур.😊. Келдим,бала бакчага орноштум.3 жылдай иштедим,жигиттер кат жазат,уйго келишет.Жолдон эле ушул агам,урушуп,укпаса ур,тепкиге алып,кайтарат экен.....😊. 3 жыл Ошко пединститутка тапшырдым.Спецтен отом,экинчисинен кулайм.Таанып да калышты. --Ай кыз,бери келчи.3000с барбы?Отосун. ----Эжеке,мен пенсионерлердин кызымын.Болгону 65сом алам.Ата-энемди багам.Андай акча жок. ----Ии,анда отпойсун.Барыбир.....
412  
21.12.2019
6-болук.Окуубузду буттук.Экинчи уулубуз торолду.Уйлуу,жайлуу болдук.Анан кайра атабыз банкрот болуп,квартирага чыктык.Анан Ошко кеттик,ал жактан менин ден соолугума байланыштуу,кайра Бишкекке кайттык.Бир мектепке кирип,библиотекасында жашадык, 6 айдай.Бош болмо,озунчо эшик.Бирок маскит деген тытып эле салат.Эртен менен турсан,ар жерин чагып балдардым,,болток,болток...Бакчага жеткирип,сабакка кетем.Рахматымды айтам.Анан эле азыркы иштеген мектептин директору мени ишке чакырды.Терен ыраазычылыгымды омур бою айтам.Башка мектепте деле тарбия завуч элем,бул мектепке деле ошол ишим менен орноштум.Келсем бир башка аура.Директор кабыл алып,муз.студия деп аталган здания бар экен,менден сырткары дагы 2 мугалим жашайт экен.Чогуу,эшиктерибиз эле башка болбосо биргебиз.Жолдошум уйдо,балдар менен,бакчага орнотуш керек,атабызга иш издеш керек.Азырынча мен эле иштеп жаттым. ---Мектеп таптаза,окуучулар окшош кийинген,полдору 11 жолу суртулот экен.Мугалимдер болсо,офисте иштегендей баары сулуу,баары тыкан,мыктылар экен.Бир кемчилиги эч ким,эч ким менен иши жок.Ар бири озунун гана ишин бутурмой.Кийин андай деле эмес экен.Ошол мектепте жудоп,эч кимди тааныбайм.Балдарды садикке орноштурдум.Атабыз ишке орношту.Мугалимдердин кенешинде директорубуз: ---Бизге жаны мугалим келди,"Спортсменка,комсомолка,анан крассавица"-деп,тааныштырды.Денем дурулдоп,кызарып кеттим.Андай созду кутпогом.Али кулагыма жанырат.Рахмаат сизге,чексиз ыраазымын.🙇‍♀️. Дагы деле кыйналам,эч кимди тааныбай.Жаны келинмин,баштан аяк сыдыра тиктегендери да болду.Орус,кыргыз тилинде окуй турган мектеп экен.Бир еврей улутундагы башкы завуч бар,ошого эле эч жакпайм.Келип,мени эле текшерип ,маанайымды тушурот.Анын иши менден башталат.Журогум сыгылат,артка жол жок.Чыдаш керек.Журогум ооруп,жылына эки жолудан кордиологияга жатып калуу онокот болду.😔.3-4ай иштеп калгандан кийин,ашканага бара жатсам,бир ото келишкен сулуу,бойлуу,чачтары капкара туйулгон,ак жуумал эже отуп бара жатат,окуучулары менен.Оо кудайым ай сулуулуктун чеги жок экен го чиркин,художник да мынчалык сулуу тарталбаса керек.Узуун койнок,сыртынан накидка ону ач жашыл,азыр да коз алдымда.Озуно жарашыктуу кийингени дагы. --Саламатсызбы? (Уланд. бар)
402   50
07.01.2020
4-болук. Эжелерибиз,меники Данакан,ак жуумал,кой коз,арыык,орто бойлуу,Макыш,кара тору,кара коз,ал Данакандан да арык,бою узун.Мен болсо,капкара,бетим тептегерек,боюм орто,топтомолок семизмин,(денем дын).Экоолоп,мени жасашат,чачым майдалап орушот,бети башыма тур карандаштар менен жукса,жукпаса,коздорумду ойо койгудай оорутушат,кашым болсо,куштун канаты,ооз болсо оймоктой,карандаштын эн кызылы.Кузгуну карап,озунду тааныбайсын деле...😀.Бирок кайылсын, себеби эн башкы каарманмын "Кыз узатууда".Анан апамдын жукараак,капрон жоолуктарынан табышат, бир бурчун бырыштырып байлап,башыма кийгизишет. --Бетинди жап,эч ким корбош керек.Ысыыкта аба кирбейт жоолуктан ,отурасын тердеп,бышып....анан баягы ар дайым салынып жургон жоолуктун жыты?(майлуу чачтын,тердин )чыдап отурасын суйунуп,куйоого кетем деп...😀🤭. Оздору да таанылгыс озгорот.Узуун гулдуу койноктор,баштарында жоолук,буттарында созсуз чоон эжелеримдин такасы бийик туфлилери.Буттары эки размерге кичине,бирок ошону кийуу керек...😀.Беттери таанылгыс,ооздору сабиздин эле цвети...карандаш..🤭.Маанайлары беш.Божурашып,акылдашып,аягына чыгышпайт....Кээде бир пикирге келбей ,урушуп да кетишет...Анан мен тарапка келишип....Ий баса,алмалардын арасында ,бир жатып оскон чоон алма бар.Ошол жерде ар дайым менин уйум.Тегереги жыгач,картон кагаз,гулдуу клиенка менен курчалган.Эн башкысы эшиги бар,жоолуктан,аны ачып,жапкан озунчо эле кызык....😀.Эшикти жап,ачпа,адеп эле ача бересинби,ал жакта келин да....деген эле тарынган,башкачараак чыккан ундор.Мен ошол уйдун ичинде отурам,озум да тердеп,баягыл жыттарга кошумча болуп.....😀🤭 ----Чык,кочуробуз сени.!!!!Чыксам,экоо менден арык.Ичке,ичке колдорун(озундун сол колун менен ,он колундун билегин кармайсын.Он колун менен,жанындагы кыздын,сол колунун билегин кармайсын,ал дагы сол колу менен озунун он колунун билегин кармайт,он колу менен сенин сол билегинди кармайт.)Даяр отургуч мага..Койноктору чатышкыдай узуун,жоолуктары да чоон,буттары болсо баягы така менен....ийрелендеп..😀 ---Отур эми.Экоонун отургучуна (сегиз форма болот),эки бутумду салам.Араан которушот,100м жерге которуп,дагы ырдаш керек Келин кочту..ер,ер...деп....😀. Беттери помидор...(уланд.бар) ----
Загрузка...
399     8579
07.11.2019
Кутман кеч досторум!!!Майрамыбызга кош майрам!!!Ар бир окуган,коргон досторум 90 го жеткиле!!!САЛКЫН АПАБЫЗГА --'90!!!Ото толкундоо,кубануу менен Роза Алкожонун "ОМУР"ырын аткарып алып кирдим.Небере,чоборолору 90 ак гул даярдашыптыр,керемет!!!Уул,кыздары---академик, профессор,илимий кызматкерлер экен.АПАБЫЗ татыктуу мээрим тогуп,билимдуу,илимдуу КЫРГЫЗДЫН чыгаан уул,кыздарын тарбиялап,остуруптур.Мамлекеттин ардактуу,улгу ИНСАНДАРЫ экен.90гулду бирден небере,чоборолору куттуктап берип жатышты.Биз корунбой калдык АПАМ экообуз....👍😊.САЛКЫН АПАБЫЗ--'аппак,жузунон нур тамган,козунон мээрими тогулуп,ар бирибизди бетибизден ооп,алкап,батасын берди.😊.Аппак апама,жараштырып аппак кийимдерди кийиндирип алып келишти.Супсулуу.Мыкты ЭНЕДЕН жаралган балдар,кыздары кучтуу, себеби АПАБЫЗ кайраттуу ИНСАН экен!!!100 го жетиниз!!! 😊😘😘👨‍👩‍👧‍👦 👏👏👏👏👏👏⛳
399   37
19.01.2020
5-болук.Анан,ушул кары короздун айынан бутумду ооруттум,жаш короз жабыркады деп,жиним менен тутайын деп,кубаладым.Башка уйубузго болоюн,бир торт эле тоок менен.Огородтун аягы малина,бери жакты калиткасын жаптым..Кууп журом,колума келген кесектер менен урам,эч жеткирбейт,малинага киребиз,кайра уй жака,кээде короздон мурда жетем малинага....😀 .Акыры чарчадык,тутуп,4 эле тоок менен болдум.Баягы аты бар тоокторду албадым,момун тоокторду алып,аркы уйго жеткирдим.Коп,азына кайыл бол,мени чолондоттун деп,урушуп коем,ал мени уккан деле жок ,гареми менен алек.😀.Кайра берки уйго келсем,жаш короз окумдар,башы,козу кан жалаганын деле унутуп,бактылуунун бактылуусу.😀👍.Кечинде тойго чакырылганбыз,жайдын куну эле.Балам келди,алып барып келгенге,айтпай эле коеюн,дагы суйлонот,озунузду кыйнап эле.....Аябайт экенсиз да озунузду деп.🤔 Бети,колду жуусам,тызылдайт,беттерим дагы...😀.Баягы малинага 100 кирип,чыкканмын да,корозду тутам деп....Эптеп боеп бетти,жени узуун койноктон кийдим,буттар деле колдон кем эмес ачышып.....Шаарга жетейин дегенде,эми духимден себинип алайын деп,сепсем 😳 Жарага туз сепкендей эле болду,🤣козумдон жаш токтобойт,мойнуларым да каршы,терши малинанын тытканы....Кайрадан боенуп,анан тойго кирдим.😀. Эртеси,жем берип,бери жака келдим,кары короз башкарып,чакан бир уй було...😀.Огородко суу коюп,тооктордун бироосу арты шалтактап,бир жудоо,озу ону ак.Ушуну бир сууга артын жууп,дарылап коеюнчу деп,тоокканага кирдим.Ак тоокту кармасам,тиги кары короз мени жыгыта теппедиби?Мен кутпогом да,отурган жеримен,кулап калдым.😀.Кары короз ото кызганат экен да,коркконуман эшигин ачып салдым,дагы теппесин деп,колумда ак тоокту кармап турам.Чыкпайт,акырын ак тоок менен мен чыктым.Баягыл ак тоокту жууп,дарылап,барпайтып киргиздим,жакшы болуп калды.Уйго келсем кокурогум оло ооруду,бул короз жаман мени туйшукко салды.Болуп ,бактылуу болуп жашашсын десем,дагы тепти деп,ызаланып келдим уйго.Баягы тырмагынын изи,денемде калыптыр....Кайра барып,тоокторду бул уйго алып келип, корозду сойгула дедим.Казанга тушту,бышканда эч кимиси жегиси келбейт.Жакшы короз болчу,уну каттуу,чоон болчу....Озум да жебедим.Агам келип калып,ошолор жеп,батасын берип кетишти....😊
395   48
07.01.2020
8-болук.Анан болок,салак болуп бийлейм,озум эле оозумда музыка чыгарып,себеби 5тыйын берет.Ал сапсары чоон болоор эле...10тыйын болсо,вафли келет,расчетту алам да....😀.Рахмаат бейишин берсин,экоо тен кийин дуйно салды.😔🤲. А биздин уйдо,кичине башкача,кеч кирейин дегенде эле апамдын маанайы суз тартат.Иш коп....тынбайбыз.Анан эле атам келет,серп этип... ---Ии дагы ангалбай болуп келдинби? Апам,балким ундобой койсо,тынч болобу эле...билбейм. -----Сенин акчана ичип жатамбы? Атам,апамды коздору чыгып кетчудой болуп,тиктейт,андай эмоциядан кийин....башталат.Мен 200го салып Маматкасымдардын уйуно качып кетем,корком...😔🤭.Ошол жакта туноп калган кундорум ото эле коп болду.Озумду эле ойлочу экенмин.Кун алыс эле,ушул соз,жообу да ушул соз...😔.Чынын айтсам азыр деле мастардан оло корком. Анан эн чон эжем,эки кочо ары жашайт.Жездем мектеп директору,эжем библиотекарь.Ошол жака баргым келет.Жолдо Тажы кемпир апабыздын капкара кабанаак ити бар,андан отуш тозок!!!Каздары бар ,беш алтоо,алар озунчо коркутат.Алардан отуп,бир суйуном эрдик кылгансып...😊.Анан эжемдердин короосу чоон,темселееп кирип баратсам эле,эжем утурлап чыгат алдыман.Учурашпай туруп эле: --Карачы устунду,койногун кир,бетин кир,чачын кара апсайып,бир самындасан чыгат деп....Киргизбей кетирип жиберет😔.Андай далай жолу кайталанды.Анан кайра кайтканда дагы баягы ит,каздар....Араан келем....капа болуп,экинчи барбайм дейм,качан барып калганым билбей калам...😔🤭.Уйдо эн сулуусу,эн жыттуусу мен болсом,ушул эжеме эле жакпайм...жек коруп кетем.Озумо эч нерсем билинбейт сыртым кир болгону менен таптаза бала журок менен сагынып барам.....😔. . Ошентип,кундор отту,1-кл.бардым,аны апамда жазганмын.(окудунар болуш керек).Биздин уй булонун жашоосу коопторго кызык эле.Мен баламын да,азыр ойлосом,балалык кылып,баарын айтып берчумун,сурагандар азыр деле бар,коргондо ичим бир жаман болуп кетет.Ушунча да бироонун жеке жашоосу...???Анан мектептен келе жатып,баягы ит,каздан коркуп,кубаласа,ити уруп кубаласа,резиновый отук кийчубуз,кончу чоон,эшиктен кире албаай,мууздак,....отугум ичи да суу...корккондон .... ---Дагы жайлаптыр,апа мунунуз деп,Дилбар эжем.Нары бери жууп,мени жууп,печканын алдына отургузуп.....
395  
07.01.2020
7-болук.Уйубуздун алдында менден бир жаш кичуу Бактыкан,мандайыбызда Гулу деген кыздар менен ойнойм,кундо кун алыс.Жолдор азыркыдай эмес,топурак.Ошол топурактан баарын жасайбыз,койчу нандан баштап,чоон,чоон уйлор....😊.Бактыкан ак конул кыз болчу,Гулу бир аз мунозу татаал эле.Кечке эле ошол Гулунун козун карайбыз,баары ошол айткандай болот.Кеч тараарыбызда эле,Бактыкан качып кетет,мен байкуш Гулуго жем.😀.Оло урат,анан созсуз бетинди же колунду тытып,анан кетет уйуно.Уйго кирем,же козум тегереги,же оозумдун тегереги,тытылып канаган,жини менен аймайт да,азыр деле козумо корунуп кетип жатат,😀.Тиштенип,кара коздору мени жек коруп,урганына алымсынбай бир эки тытып,анан чуркап да кетпейт,жай эле уйуно кетет.Мен болсо,ыйлаган боюнча калам кочодо,аны узатыып......Апам болушуп,Гулунун апасы менен кундо уруш.Минавар эже,созулган сулуу аял.Коопту торогон,эмнегедир тамакты кеч 11лерде баштачу,бизге угулат да....Апам,"жызз" дегенде.. --Минавар казанга пиязын салды эми дечу.Бизди апам 5ке жакын эле ,тамагын даярдап жедирип койчу....Эртен менен каша,эч зерикпечу апам...кагылайын апам менин.Апам барса,созулуп: -'---Аймаса ойнобосун,келбесин,Гулуну да келтирбегиле ...деп коет.Эч жаман суйлобочу...Аман болунуз,уул,кыздардын урматына болоно бериниз.Баатыр эне!!!Тырмактын издери кетпейт экен,каршы,терши болуп кала берет экен....😀. Уйубуздун артында Маматкасымдар жашайт.Арзыбай атабыз,Зарбу апабыз.Улгулуу уй було болчу.Уйлору таптаза,короолору таптаза.Очоко чай болсо деле,чайнектери жалтырайт.Тапчандарында отуруп суйлошсо,бизге баары угулат,шандуу отурушат,кулку,куйкум создор.Кириш,чыгыш тосмо жок.Зарбу апабыз нан жапканда 1,2 самса,1,2 нанды пияз менен жасачу.Ал нандын жыты туура биздин уйго жетет.200го салып,чуркап жетем,баягы самсанын ээси мен болушум керек.Ошол тандырдын башында эле тынчытам мен,башкалар деле ошол.Апам нан жапса да,тандырдын алдында майрам,чоон чарага жаны тартылган каймак,ысык нанды туурап,мыжыкма жасап берчу,Маматкасымдар уй булосу менен баарыбызга жетчу.Эки уй було ушундай жашайт элек.Арзыбай ата,мени ар дайым башымдан жыттап,атыр,атыр деп,бешенемден ооп койчу.Мен ойлочумун,чын эле ото жыттуу окшойм деп....😀.Анан бийле десе оло бийлейм...(ул.бар)