Алтынай Нарбаева
@altynai_narbaevaofficial
Алтынай Нарбаева

Подписчики: 152715
Посты: 259
Подписки: 614
Заслуженная артистка КР🇰🇬🇰🇬🇰🇬 По вопросам выступлений обращаться к администратору📞📞📞+996501932305 +996776826444

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
363  
13.01.2020
15-болук.Ошентип,айылдан алыстап,Жалал -Абад маданият техникумуна уйломо аспаптар оркестри болумуно тапшырып,окуп калдым.Бизди отушубуз менен эле,жузумго алып кетти.Жузумдун турун теребиз,томолок,дамский пальчик,кишмиш...ж.б.Мен омурумдо корбогом, жузумдун катар тигип,эккенин.Старостабыз Туташ деген аке болду,жашы бизден бир топ улуу,ото тамашокой,комуз менен ырдайт.,Эки,экиден болунуп,терет экенбиз.Туташ аке мени тандап ,сен экообуз иштейбиз деди.Экообуз,элден мурун жетебиз саптын аягына,себеби ,Туташ акем ушугчалык тез терет экен жузумду.Мурун терип жургон окшойт.Бир куну эле,кийинки саптагы балдар биздин жаныбызга келди,бири бирибизди жакшы деле тааныбайбыз.Анан баары олтурду чоптун эле устуно.Чоптор орулган,сапсары каттуу ийнедей,андан жоон,Туташ аке колумдан тартып эле отур деп,тартты эле ,козумо от чагыла тушту,баягы ийнелерге отуруп калдым.....😥.Кийгеним трикотаж спорт костюму болчу жука,козумдон молт,молт жаш тамды.... --Эмне болду сага ?-дейт баары. ---Эч нерсе деп,эле ыйлай бердим....😥.Баягы терен сайылган чоптор, оло оорутуп жатты.Балдар кеткенден кийин турдум,кээ бирлери жоон да,канап кетиптир.Маанайым тушту аябай,устумдогу костюмумду белиме байлап,жумуш бутуп кайттык. Бир, эки кун отпой эле тамекиге иштедик.Отуруп алып,сыз жерде тамеки тизебиз.Бир мезгилде эле лукулдатып,оло чоп сайылган жерим ооруду,чыдап журо бердим.Бир жума болгондо баспай калдым,ишке барбадым.Медайым келип,шаарга поликлиникага жонотту.Ошол арада эле бир группалаш жигит,гитара ойноп,ото каттуу ырдайт экен.Завхоз,тамак,аштын баары ошол Исмадиярдын колунда экен.Анан мени ошол Исмадияр машина менен поликлиникага алып барды.Ооруган жерим же айталбайм,анан врачка айттым.Денемдин табы жогору,корсо баягы чоптордун бир,экоосу сайылган боюнча калып калыптыр.Сызда отурганда,сууктап,ириндеп,шишип кеткен...Врачтар кесип,чопторду колума берди.Баягыл сары чоптор,жапжашыл болуп,осуптур менин денемде...Узундугу ийнеден эле бир аз кыска.... Исмадияр,ошол кундон баштап эле,мага тамактын эттуусун,таттуулардын мыктысын алып келип,бир группада окуйт экенбиз деп,мени бага баштады.Бир жумадай чыкпадым.Биз он жети бала,беш эле кызбыз. Бир ай журдук ошол мезгилде жузумдо.....
349   45
07.01.2020
6-болук.Кара эшегин жайдак минип Омурбек акем келе жатат,биздин уйдун алдынан отот да ,(эч кандай тосмо жок,пейилди карагыла кенендигин,азырчы,апам айткандай оздорун,оздору эле камап алышты,дээр эле ...). --'Омурбек чалым!!!-дедим,мени карап эле эшегин чаап,чаап,каналга кетти.Мен артынан калбай баягыл созду,кайра кайра кайталайм.(Акеме рахмат,тилдебейт дагы,ундобой эле...кете берет.).Эшегинен чыгарат жинин,уруп,чапкылап...Же эмне деген соз экенин мен тушунсом.....🤭.Отпой калды короодон,эжемдер максатына жетти.А мен болсо,кундо Омурбек акемди кутом....11лерде суугарат да...Кочонун аягы менен барса алыс,айланып барат да,биздин короодон жапжакын болчу.Эшеги менен чыгаарын кутуп,жол жакта ойнойм....Чыгат,чуркайм... -'----Омурбек чалым деп,жолдор чан,эшек менен тен эле чуркайм,суйлогонум баягы...🤭.Ошентип,далай жолу эшек суугарышкамын.Омурбек акем Фрунзеден универстетти тарых факультетин бутуруп барып,айылда мугалим,анан мектептин директору болуп узаак иштеди.Женем мыкты,балдары жакшы,этаж уйлорду салышып,жакшы турушат.Омурбек акем жеке ишкер,женем мугалим.Барган сайын айылга,созсуз айтылат,кулушот Оло уялам,урушпай тилдебей,кичине деп,аяганынызга рахмат аке... .Омурбек акеме бактылуулук каалайм,эми менин балалык таза кундорумдун бир суртуму го...😊.
336   14   8057
19.12.2019
Кутман тан досторум!!!"Ыр --'алтын,Соз-'кумуш деп".Кечээки куну "Алтын -Казына"ресторанынын жалпы жааматы,Сагын Ниязалиева,алып баруучу Асылбек Озубеков баштаган,"АТА-ЭНЕГЕ ТААЗИМ" аттуу чоон концерт болду.Ушундай искусствонун корифейлери менен бир столдо олтурганыма чексиз шугур дедим.Ата-энени урматтап,ушул кечеге алып келген уул,кыздарга рахмат айтам.Кучтуу айымдан,мыкты балдар жаралат деп,аябай суйунуп ,кубандым.Баарыбыз аралаш олтуруп,бийлеп,каалоо,тилек,кучакташып суротко тушууго да улгурдук.Гульмайрам Момушева,Керим Турапов ж.б.улуу онор инсандары...болду,ото сонун кече!!!.Ким келбесе,арманда калды...Менин журогум,эс алып,экрандан ушул КОРИФЕЙЛЕРДИН жаш мезгилиндеги сьемкалары,сахнада оздору ырдап,караап,угуп олтуруп ,козумдон чолок жаштар тамды,суйунучтон.Кутман,Замир,Кубаныч,Талант эрке бала,Кундуз,Абидин аке,дагв коптогон жаш ырчылар.Кыскасы ордубуздан тура калып,браво,браво деп....колдор кол чабуудан ....ысыды.Анан Эл артисттерибиз бизге бата бергени толкундантты,Кайыркул Сартбаева эжекем,"журогун менен ырдайсын,бул чанда Алтынай деп,колунда конфеттерин мага узатып"Эл артисти бол...деп узатты.эле....журогум кабынан чыгып кете жаздады.Рахмаат деп,колунан оптум....Мен учун сыймык!!!Бактылуу омур болбойт,бактылуу минуталар....дегенге ынанып,суйунуп,жашоодо кандай кутпогон суйунучтор бар деп...уйго келдим...Чексиз ыраазычылык уюштуруучуларга,,келип эс алып кеткен ата-энелер да мендей абалда болду деп ишенем. Мыкты кече болду.Жаны жыл куттуу болсун!!!👍👍👍😊👏👏👏👏👏🎼🎵🎹🎙⛳
333  
13.01.2020
14-болум.Баарыбыз кыздар ынтымактуубуз.Талаадагы ата-энебиздин эккен эгиндерин,ашар сыяктуу чогуу барып бутуробуз.Абдан кызык,кечке шарактап кулуп,кандай иш бутконун билбейбиз. Ошондой кундордун биринде,мен биринчи партада,мугалимдин тушунда отурчумун.Жаны окуу жайды бутуп,физкультура сабагынан Жандарбек деген агай келди бизге.Агай бойлуу,кара торунун сулуусу,чачтары капкара,кийингени да озуно ото жарашыктуу.Велосипеди менен келчу.Бизге велосипеди да жакшы корунот.Орус тилинде окуп бутконбу,айтор кыргызча суйлогондо,бир жагымдуу суйлойт да. Райондук,областтык соревнованиелерге барабыз,волейбол,баскетбол,чуркоо,узундукка секируу...ж.б.Агай бизге билимин,билгенин кооп жумшады.Ошон учун мен да волейболду жакшы ойнойм.Азыркы кунго чейин мектепте мугалимдер ойнойбуз.Ошол мезгилде узундукка секируу боюнча Дилбар экообузду даярдап,мектепте кумга секире берип,секире берип,эртеси соревнования эмес,мектепке келе албай калганбыз.....😀 Анан пахтага барабыз,баарыбыз катар жоокторго тушобуз.Чарчап отурсан эле,эже,агайлар тургузат.Белин ооруйт,тырмактарындын асты тытылат,канайт,колдорун тытылат,жарылат азап......Ошол кундору да Жандарбек агай дайым биз менен.Агайлар корунгондо теримиш болобуз,колдорубуз безилдейт.Анан эле карасак,качан болбосун,менин жоогумдун аягында агай,жардам берип пахталарды узуп,узуп,бизге карап келет.Анан эле кыздар,баштайт.Кандай бактылуусун,кана менин жоогумо тушкону,кундо сага жардам берет деп....Агайдын чатыраш костюму бар эле,озуно оло жарашчу....Бирок эч кимибизге деле соз айтпады,кыздардын баары жакшы корчубуз.Маданияттуу,интелигент,ото тыкан агай журогубуздо кетти баарыбыздын.Анан мен бир агамдын баласынын атын Жандарбек койгула деп,атын койгом .Ошол агайдай болсун деп...Баарыбыз кийин окуп,билимдуу болсок,ушул Жандарбек агайдай жигит жолукса деп,тилээр элек.Сиз бизге жигиттердин идеалы,улгусу катары калдыныз.Кийин биз окуу жайларга отуп,айылга келсек,агай уйлонуптур.Кыздар чогулуп,"Кайгылуу Какей "болдук дегенбиз.Ойлоптурбуз биздин кыздардан эле,биздин айылдан уйлонот деп,жанылыптырбыз...Эч корбодум,кийин агайыбызды.Бактылуу болсун,бул биздин балалыктагы ак,таза сезимдер болчу.Жашообуздун картасындагы бир жакшы кундорду эскеруу ...
319   30
13.01.2020
13-болук.Ошентип,аккардеондуу болдум,жакшы окудум.Мектепте да алдынкы активдуу окуучу.Чопко,пахтага алып барчу бизди.Ошондо мен ойноп берем,мектептин окуучулары баары бийлешчу.Айрыкча,чопко барганда тоо да,свет жок.Катар эле тоолордо ар айылдын окуучулары,анан ,62-кесиптик училища,алар жалан балдар.Кеч киргенде эле,биздин короодо.Мен бийлей албайм,ойногон эч ким жок.Кыздарыбыз жигиттер менен таанышат,алды улгуруп,таштап ,башкасын табышат.Мени эч ким корбойт дагы,таанышпайт дагы.Айылга кайтканда дагы келишет жигиттер,ал озунчо майрам.Шыбырашып кыздар,кымындашып,келиптир деп,мен болсо аларды тааныбайм. 8-класска кочкондо,Данакан эжем турмушка чыкты центрге.Мен барып,тамекисине жардам берем.Анан ошолорго кошуна Асан деген мени менен тен жигит бар.Ал биздин дос кызыбыз менен да кичине мамиле кылган.Уксак кооп эле кыздар менен журуптур.Асан сабактан кандай экенин билбейм,бирок бою узун,кара тору,сулуу,коздору жанып турган,чопко,пахтага барганда бийди эч кимди алдыга салбаган бала болчу.Биринчи эле ошол Асанды таанышат баары.Асан,Асан дешип.... Эжемдин уйуно жардамга барсам,кат жибериптир.Айылдан башка жигиттер деле кат жазат,аларга жооп деле жазылбай калат.Себеби,ал убакта окшош каттар жашачу.Анан эле Асандын каты мага жакты....Ал убакта эмне,ото таза,таза барактай сезим.Айылга келдим,анан ыр жазчумун.Озумчо,озгочо жооп бергим келсе керек да,ырларым жазсам,барака батпай,лентадай кылып ,ал,жак,бул жагына ттолтуруп,эжемдин кайнисинен Тайырбектен берип жибердим.Эртеси муз.мектепке барып,айылга кайтсам,ошолордун мектеби жугору чаап жатышыптыр. ‐-Асан,жанында классташ кыздары,анан досум Максат деген кыз, кийин балдар бакчасында чогуу иштедик.Капа болгонум айткам. --'Ээй бир метр кат,бир метр кат..деп,кыйкырышты.Ошондогу маанайым тушкондугун,соз менен жеткире албайм.Ал ырлар оз калемимден жаралган эле.Суйуу деле эмес,балалыктын бир суртумдорун жазгам....😔😔.Суйлошконго деле улгурбогонбуз,Асан мени уяткарып,кыздарга мактанып.....ой,ой, ошол кун азыр болгондой эсимде..... Мага сабак болду.Бактылуудур азыр,билбейм... Анан биз бой тузоп,акылыбызга кирип,чачтарды жасап,туфлинин такасы барын кийип калган убакта...(уланд.бар)
Загрузка...
312   26
13.01.2020
12-болук.Кара-Суудан эн аз жол кире алган автобуска отурдук.Жарым сааттык жолго,эки саатта жетесин.Аккардеонду автобустун боорундагы жук салгычка салдык,апам мени терезе жагына отургузуп койду(подборный автобус), озу жанымда.Эл жык,жыгыла кетейин деп,туртушуп,урушкан эле создор.... ---Эже,кызынызды алдыма алып,мен да отурсам болобу?-деп,улуу эле апа кайрылды. --Жоок,болбойт.Кызымдын буту оорйт.(апам жалган эле айтып койду🤔).Менин ан сезимим жетип калган,мектепте деле кулагына куят."Улууларды сыйлаш керек,орун бошотуш керек,жардам бериш керек....ж.б".Апам экоо кайым айтыша берет.Мен болсо,олтурам терезеден сыртты карап,уялганыман тер да кетет,мурдум да шырылдап баштайт.Тура албайм,апамдан коркуп,же жетпейбиз,тысс,тысс деп,беш мунот сайын токтойт.Эшик ачылганда шарак этип,чан кирет,эл тушкону да,чыкканы да коп....Автобустун ичи,дем алууга мумкун эмес.Тердеген адамдар,талаада иштеп,жуунгандары да бар,жуунбагандары да бар,анан алар тердегенде,андай жытты салыштырууга да болбойт,мынабул жытка окшош деп...😊.Мен да кун тийип,тердеп,кошумчамды кошуп жатам.Сыртта таштар,талаа,суу анча,мынча тал,терек,.ичимдеги уятым,"сенин уятын жок,жамансын,улуулар турат,сен уялбай отурасын? "деген создор жеп эле салды.Аны бир озум билем.Жетээр,жеткенче ар ким менен айтышып,улам жанысы,улам башкасы менен апам урушушуп кете беришет.Мага кылым... Экинчи апамды ээрчибейм,мага болушам деп,канчасы менен....Тез эле унутам,кайра эле баягы....(ото баласаак экен да озу апам). Центрден туштук.Мага майрам.Мени баары таанып калгансып,бир эркиндикке чыгам.Аккардеонду чемоданынан чыгарып,апам белиндеги эки жоолугун чечти.Карасанар ,апаларды,туйунчок кылганга ар дайым белинде даяр.😊.Жоолук менен аккардеонду аркама байлап берди,баягы жол... Бутум асфальтта кетип жаткандай ,(шагыл тогулгон эле жол),эки колум ,периштенин эле эки канаты....Баягыл "Березканын"жытына мен учуп журом.Оордугу деле билинбейт,эл корсо экен деп,суйуном.Жалгыз талга келип,чечип жоолукту,бир аз дем алдык.Сурагандарга,апамдын уну октом чыгып,озуно ыраазы болуп айтып жатты.Тал,биздин суйунучко кубо болуп,кошо суйунгондой эле болду,менин кыялымда...Ошентип,бактылуулардын бирин да,озумо теней албадым ошол куну!!! (Ул.бар)
312   37
13.01.2020
11-болук.Зоя-биздин уйдогу жалгыз майын да берген,сутун да берген,нары ото жоош уй було мучосундой эле болуп калган да.😥.Карасам,коздору сулуу,аялуу,апам айткандай бир аз арык. --Мени эмне саттынар,мен силердин баарынарды жакшы кором,сагынам мен эмне куноом учун,башка айла жок беле?,Алып кеткиле мени азыр эле жетелеп,деген эле коз... 😥.Бизде огород кенен,бош эле журчу да,азыркы ээси чоон,узуун казык менен байлап,тегерегинде чоп деле жок,ыссык, суусаган да болуш керек деп,апам экообуз жалгыз талдын астына жетелеп,суугарып,кайра чоптуу жерге казыгын апам какты,чоон таш таап,каккан сайын,тарс,тарс деген ун,менин эле башыма чапкандай болду...😥. Кайра,баардык инсандын сырын,ырын,таарынычын,суйунучун,суйуусун каткан,суукта жылуу,ыссыкта,колоко,жамгырда башпаанек,шамал болсо,озун тоскон---сырдакана ЖАЛГЫЗ ТАЛГА келип,андан нары уйго келдик.Зоя,бир аялуу,журокту тилген боюнча ал да калды.... Бир жумада эки барам музыкалык мектепке.Асан агайым,бою узуун,озу да кен далылуу,колдору чоон,эмнегедир азыр эле самындап жуугандай,колдору кургак,бир аз тулоп турчу,мага уйроткондо баягыл кургак манжаларынан жагымдуу бир жыт келип турчу.(балким кургагынан крем сыйпайбы билбейм.)😊. ----Алтынай келдинби?деп,ошондой чоон,калдайган болсо да,мунозу сылык,жумшак,созулган агай болчу.Ар дайым мени атайын куткону корунчу мага.Коздорун чоон ачып,жылмайып кабыл алат. ---Аккардеон алдынарбы? ---Жоок,акча жок болуп жатат.Чыгарманы ойнойбуз,агайым экообуз.Айгуль,Анара,Зина,Мойдун,Бектемир деген,бир курактагы балдар,кыздар чогуу окуйбуз.Баары центрлик,айылдан бир мен.Арасында орус мектепте окугандары да бар,орусча суйлошот.Аларга мени корсото берет агайым,силердей бул байкуштун аккардеону жок,ошондо да силерден жакшы окуйт.Сабак бутоору менен,мени жетелеп,биздин айылга келет Асан агайым. -'--'Эже,бир нерсе кылып,айласын тапкыла эми.Кызда талант бар.Картон кагазга чийип бергениме деле 2ай болду,качанкыга чейин картон кагазда ойнойт....Жини чукул агайым,мени таштап кетет кайра центрге.Азыр аябай ыраазы болом агайыма,ара чородо барып калам.Рахмаат Асан агайым,сизге омур,ден соолук тилейм!!! Апам экообуз Кара-Сууга бардык.Жапжашыл"Березка"деген аккардеон сатып берди,150сомго.
310  
07.01.2020
5-болук.Бироонун оозу малина,бироонуку сабиздин ону экен карасам.Урушканы мен. --Туз отур койкоюп,бетин ачылбасын,башыбызды кармаба(отургучум кыйшык,бир жагына ооп,бойлору ар кандай да)😀.Мага деле кыйын,мойнумда турдуу,тумон мончоктор,узун,кыска...😀.Анан которо албай жатышса,анан бир жагыма оогон отургуч...😀.Бетим жабык,ырларынын арасында,мени эле урушушат..Унун чыгарып ыйла,келин ыйлап кетет....😀🤭.Жетпейбиз....жийденин астына.....😀.Же кулакты жарган "ер,ер" бутпойт.Жарым жолго жетпей,колдору узулуп кетет,мен "топ "этип,жерге кулайм,чындап анан ыйлайм...😥.Бети башым чан,топурак,краскалар коздун жашы менен топурак аралашканда эми элестетсенер....😀.Анан алдап,салдап,дагы баягы абал,эки эжем,ийрелендеп,ырдаганча арасында экоо да келишпей урушуп алышат....Себеби келин ото оор....😀😀🤭.Жетебиз кудай жалгап жийдеге.... Маматкасымдын абалы деле мендей, аран эле баткан уйдо,эн негизгиси эшиги бар...😀. Ичинде тердеп,тепчип,кысылып отурат....😀. ----Ким бар уйдо?Чыккыла,келин келди.... ---Аа жакшы экен деп,дагы бироо кутуп алат.Анан баягы менин уйумдон да тар,уйго мени киргизишет.Отурам,куйоо баладан чон,семиз....😀.Ал менден бир жаш улуу,бирок колому менден кичине....🤭. ---Алгыла тамактан дешет.Баягы жапжашыл жийдени экообуз тен жейбиз,жебесек урушушат.Оозубуз тырышкан,ичи кургак,даамы жок....дагы жегиле,дагы жейбиз....😀. --'Жакшы эле келдинерби?Кыйналбадынарбы?Кудаа тарап сурайт. ----Жоок жакшы эле келдик дешет.(жолдо эмне болгонун унутушуп)...😀.Ий баса итиниз байлануубу?деген соз,ар бир уйго барганда кайталанат....😀.Ошол мезгилде (кабаган иттер ото коп болоор эле).Ошентип 365 кун болсо бир жылда,кун алыс ушул оюн кайталанчу.....😀.Айылга барып калсам,ушуну эле айта беришет.😀.Маматкасым уй було кутуп,кооп балалуу болгон.Женебиз да тын экен,балдары ишкер.Алар да угууп,кулушот.Бактылуу болгула...Маматкасым,бул эми, балалыктын бир таптаза барагы го?😊 Анан 5жашка чыксам керек.Кошуна Омурбек деген агабыз бар,менден 11 жаш чон экен,азыр санасам.Биздин короодон эшегин суугарганы отот,себеби алар тарапта суу жок,канал биздин чектин аягында.Мага баягыл арык,торук эжелерим уйротту,эшеги менен откондо эле"Омурбек чалым деп",артынан чурка дешти. ---