19452 232
12.11.2019
Жаңы күндү жаңы жашоодой тосуп алууну үйрөндүм. Жашоо көп эле мени сынады. Чайпады, канча ичимен тызылдатса- ошончо берекесин да унутпады.
Менин ырыскы чөйчөгүмдү ойлоп, бул кандайча ээн эркин каражат коротуп жүрөт дегендерге айтаарым: бала кезден берешенмин. Канча берсем, он эселеп Кудайдан кайтты. Кээде “эртенки күнүм кандай болот ?” - деп ойго түшкөн маалымда, аракетчилдигимди баалагандар аркылуу береке бат эле келип калат. Көбүнчөсү “жарнама”, ооба инстаграм аркылуу бир бизнести катталуучуларыма сунуштоо. Жыл башында беш- алты компанияны катуу жарнамалап, үйүмө ремонт иштерин бүтүрүп, кирип алдым. Кийинчирээк дагы көптөгөн компанияларга менеджер болуп иштеп күнү- түнү бизнестерин калыбына келтирип, дизайнерлер аркылуу оңдоо иштеринде уйкусу жок иштедим. Жүзүм кээде чарчап турса боёп, көздөрүмдүн кызарганын билгизбей, күндө жарнамага тартылуу адат болуп калган. 9жашыман бери чоң кишидей иштегенди билем. Мендеги чыдамкайлык мен билген тааныш, жардамчыларымдын бирөөсүнөн дагы көрө элекмин. Суукта тоңсом да жылмаюуу бала кезден бар. Бир күн жанымда менин режимимде жүргөн айым- үч күн эс алат. Кудайым көп жөндөмдүүлүк бериптир, туура алып кетип жатам. Мени ырчы деп эле ойлосонуздар, андай эмес. Менин коп кесиптериме дагы негизги кесип кошулган. Мен акыркы эки жылда эки өлкөдө “стартапер” болуп иштейм. Кандай бизнес болбосун нөльдөн баштап иштетүүгө, каражат көтөрүүгө жардам берем. Белгилүү компанияларынын көп кыймыл иштери мага таандык. Азыр чынында жакшы сунуштар баракчама чыгып турат. Туруктуу ишкерлер менен кызматташууну жактырам. Алар дароо бир же эки жылга келишим тузушот. Берилип бир жумушту аягына ийгиликтүү чыгара иштейм. Айтор, кээде баракчаман жарнама көрүп калсаныздар колдоп коюңуздар, сиздердин мага болгон белегиңиздер болот.