5231 283
22.03.2020
Молодость
2004-ж. Шазада деген байке болбой жатып, киного кастингке алпарган кез. Портфолиого сүрөткө түшүп кой дегенинен😁 Андайдан түшүнүгүм жок, айлам таппай площадка барып ушинтип түшкөн моода экен, ушинтип түшүптүрмүн. Азыркы кырдаалга байланыштуу бут балдарыбызды айылга таштап келдик, эми болсо мынтип раз на раз үйдүн уборкасы мн алек болуп атып, ушундай сүрөт таап чыктым. Билбейм силерде кандай, бирок биз 80% хламдан кутулдук. Тим эле вирус бизден чыккансып😅 Зато, үй хлорка, адырашман ысырык жыттанып жатып калдык чарчап, мантыны бастырып ого бетер жалпайдык. Элден калбай, тим эле укмуштуудай сүрөт болбосо да, өтүп кетсе да майрамыңыздар менен деп кетүүгө уруксат этиңиздер😉