Асем Токтобекова_official🌹♌ 💍
@asemblossom
Асем Токтобекова_official🌹♌ 💍

Подписчики: 790875
Посты: 1571
Подписки: 88
Член Союза кинематографистов и экспертной комиссии Департамента кинематографии МКИиТ КР. Актриса театра и кино, певица. 👉 0700000707 Рекламы в direct
https://youtube.com/asemtoktobekova


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
6279   283   111516
13.05.2020
Бугун чындап ыйладым, жүрөгүм менен ыйладым😰. Буга чейин жардам сурап жеке кат жазгандарга колдон келишинче көмөк көрсөттүм, бирок, анын баарын жарыялагым келген эмес. Бүгүнкү көрүнүштү жарыялап коюуну туура көрдүм. Элим бири-бирибизди колдойлу, урушпайлы, чырдашпайлы, биригели, өнүгөлү, өсөлү. Таштандылардын арасында жашаган адамдарды көрүп зээним кейиди. Суу жок (көл дешти, топтолгон суу бар экен, ошол жерге жуунабыз дешти) аба жок (таштандылардын бырыксыган жыты каңылжаарды жарат). Өкүнүчтүүсү ал жерде жаш балдар көп экен. Мындай шартта жашаган балдар кантип дени сак чоңоёт? Дени сак болбосо кантип кыргыздын тукумун улайт? Жетиштүү билим жок, кантип коомго пайда алып келет? Суроолор көп... Жооп жок... Баарына жардам бергим келди, бирок, жеткире алган жокмун. Кайрымдуу инсандарды ушул инсандарга көмөк көрсөтүүнү чакырам.
Загрузка...
3347   128   69333
05.02.2020
Даамдуу тамак ар дайым табитти ачып, маанайды кɵтɵрɵт. Мына ушундай тамактардын даамына даам кошуп, жытын арттырган, Кыргызстанда биринчилерден болуп, ɵндүрүлүп чыгарылган ТАТЫМАЛ компаниясынын продукцияларын тамагыңыздарга колдонууну сунуш кылам. Бул татымалдар нукура жыпар жыттуу чɵптɵрдɵн, кулинардык кошулмалардан, кургатылган жашылчалар менен ашкɵктɵрдɵн турган, эң керектүү заттарга бай болгон азыктардын топтомунан турат. Ал эми бул кооз баштыктары, экологиялык жактан таза кутуланып, даам жана жытын узак мɵɵнɵттɵ сактоого ылайыкташтырылган. Татымал компаниясынын продукциялары, ашканаңыздын сырдуу мыкты куралы болуп, тамагыңдын даамын чыгарууга кɵмɵктɵшɵт. Бул татымалдарды, Кыргызстандык баардык аймактарында, региондорунда жана баардык маркеттерден Глобус, Фрунзе Народный жана кɵптɵгɵн дүкɵндɵрдɵн сатып алсаңыздар болот.Татымал менен тамагыбыз дайыма таттуу жана ɵзгɵчɵ даамдуу!!! Жашоого даам кошолу! @tatymal_products