2881
15.10.2019
Beta Stores
Кудайдын көзү түз болсун баарыбызга. Бул жыл мен үчүн өзгөчө жылдардан болду. Боюмда болуп туруп, канчалаган түйшүктү көрдүм. Анын арасында ачуусу да, таттуусу да, бакыты да, кайгысы - күйүтү да, "өртү" да, айтор баарын көрдүк. Эмне дейбиз эми, жашоо деген ушул экен да. Тагдырдын жазмышы экен. Баш ийбеске арга жок. Болгону өзүмдүн жашоомдон алган сабагыман сиздерге айтаар элем, ата-энеңерден башка эч кимге ишенбегиле, ошол😄 Бугун ушунчалык бакытка бөлөнүп, көңүлгө алындым, гүлдөргө, белектерге бөлөндүм. Кыскасы, Жаратканыма миң алкыштар болсун, бардык нерсеге ыраазымын. Бүгүнкү абал мага Баку шаарындагы иш-чараны көз алдыма алып келди. Ошондогу сезимдердерге арбалдым. Төбөм көккө жетип турган учур эле. 2008-жыл жай айлары. "Боз салкын" тасмасында жараткан ролум үчүн "Эң мыкты аялзатынын ролу" наамына татыган эл аралык сыйлыгым. Мен чынында эле, бир гана чет жактарда маданиятка кошкон салымың, сиңирген эмгегиң бааланса керек деп ойлогом, көрсө өлкөбүздө да Замира Акбагышева эжедей баалаган адамдар бар экен. СНГ боюнча лидер айымдардын тизмесине кирүү түшүмө да кирбесе керек эле... Чын.. Аябай ыраазымын. Куттуктоолор үчүн чын ыкласымдан рахмааат айтамын. Маданиятты түшүнө билип, колдой билген бардык инсандарга, тизе бүгүп таазим этемин.🙏