Асем Токтобекова_official🌹♌ 💍
@asemblossom
Асем Токтобекова_official🌹♌ 💍

Подписчики: 790875
Посты: 1571
Подписки: 88
Член Союза кинематографистов и экспертной комиссии Департамента кинематографии МКИиТ КР. Актриса театра и кино, певица. 👉 0700000707 Рекламы в direct
https://youtube.com/asemtoktobekova


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
10352  
31.12.2019
2020 каалгабызды каккылап, босогобузду аттаганы турат. Он жылдыкты (десятилетие) карытып, көп сырларга, бүтүндөй бир "өмүргө" күбө болгон эски жылды узатып, "Эмне кылдым?", "Эмнелерди багынттым?", "Кандай ийгиликтерге жетиштим?", "Эмнени кыйраттым?" - деп баш мыкчып, керт башыңыздын алдында эсеп берип отурган чыгаарсыз... Мен да кудум сиздердей болуп, өтмүшкө көз чаптырып, алмаштыргыс ар бир күнүмө саресеп салып жыйынтык чыгарып отурган кербезим. Ак карасы эриш-аркак жүргөн бул жалгандын ОН ЖЫЛДЫГЫ, чындыгында оңойго турган жок. Өйдө-ылдыйы, ийгилиги🏅🏆🎖, кайгысы да кубанычы, айтор баары ичинде... Жашоо ушунусу менен кызык тура... ЖАРАТКАНЫМА ушул күндөрдө айдан аман, күндөн эсен сиздер менен бирге кылганы үчүн ЧЕКСИЗ шүгүрлөр жана мактоолор болсун🙏 Эң башкысы алты саныбыз аман, балдарыбыз кашыбызда, элибиз тынчтык ичинде. Урматтуу мекендештер, достор, бир туугандарым Сиздерди келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм💐 ЧЫЧКАН🐭 табиятынан эмгекчил эмеспи☝️ Эмгекчил болуңуздар! Ден соолугуңуздар бекем, ырыскыңыздар тоодой, телегейиңиздер дайыма тегиз болуп, жакындарыңыз жана бир туугандарыңыз менен ынтымакта жашоо кечириңиздер! Жаңы ОН ЖЫЛДЫКТЫН БАШАТЫ болгон ЧЫЧКАН ЖЫЛЫ токчулуктун, молчулуктун жылы болуп, элибизге бейкуттукту алып келсин 🙏
Загрузка...