Асем Токтобекова_official🌹♌ 💍
@asemblossom
Асем Токтобекова_official🌹♌ 💍

Подписчики: 790875
Посты: 1571
Подписки: 88
Член Союза кинематографистов и экспертной комиссии Департамента кинематографии МКИиТ КР. Актриса театра и кино, певица. 👉 0700000707 Рекламы в direct
https://youtube.com/asemtoktobekova


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
4504   282
06.03.2020 Банкетный зал AKSARAY GRAND HALL
Жаратканга миң мертебе шүгүр келтирем... Жөнөкөй жашоодо татыктуу тарбия берип, бапестеп, токчулукта чоңойтуп, абийирдин баалуулугун үйрөтүп, келечекке жетелеген апама таазим этсем, чыгармачылык жашоомдо баладай кылып өстүрүп, сыноолорго сынбай сабырдуулук менен жеңгенди үлгү катары көрсөтүп, туура багытты көрсөткөн өмүрлүк жолдошума ыракматымды айтамын. Бардык жетишкендигим бул жолдошумдун эмгеги. Жолдошумдун, ата-энемдин жүзүн жер каратпай, ушул даражалуу сыйлыкты татыктуу алып кетем деп билем. Анткени, мен үчүн менин бул жалганда басып өткөн жолум, “тарыхым” маанилүү! Азыркы жашоодо билебиз кандайларга жол ачылып аткан учуру, бирок элиме таазим, эл тараза, эл көтөрөт, эл айтат, анткени биз Манастын урпактары - намыска бек КЫРГЫЗБЫЗ☝️ . Күтүүсүз сюрпиз, жагымдуу маанай белек кылган бүгүнкү кеченин уюштуруу тобуна, айрыкча @dana_pro_kg эжекеме 🙏 Мына ушинтип жаратман апаларыбыздын, айымдарыбыздын жана кыздарыбыздын эмгектерин көзү тирүүсүндө баалап, майрам алдында эсте калаарлык, жагымдуу маанай тартуулап бергениңиздер үчүн дагы бир ирет ыраазычылык билдирем 🙏 Ишиңиздерге мол ийгилик каалайм! Достор, куттуктооңуздарга ыраазымын... Айтылган ар бир каалоо-тилектериңиздер ылайым орундалсын. Ийгиликтер, жакшылыктар көп болуп, баарыбызда тең болсун! Аманчылыкта эл арасында бирге бололу!