Azamat Bolgonbaev
@azamat_bolgonbaev
Azamat Bolgonbaev

Подписчики: 19970
Посты: 1070
Подписки: 1472
КР эмгек синирген артисти, төкмө акын. КТРК Коомдук Байкоочу кеңештин төрагасы.
http://www.facebook.com/azamat.bolgonbaev


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
690   7
10.05.2020 Бишкек Филармония
Маэстро кутман курак куттуу болсун! Бүгүн КР Эл артисти, кыргыз элин дүйнөгө тааныткан Чалагыз Исабаев атындагы "Камбаркан" фольклордук этнографиялык ансамблинин көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру Рысбек Жумакунов агайыбыз жана залкар замандашыбыз 60 жаш кутман куракка келип олтурат. Маараке куттуу болсун!!! Алтымыш жаштын кырына, Аргымак сындуу чаптыңыз. Өмүрдүн ачкан ажарын, Өнөрдө болду бактыңыз. Сырларын ачкан музанын, Сыйкырдуу таяк таптыңыз. Ал таяк менен чеги жок, Ааламын ырдын ачтыңыз. Тарыхтын улуу кайрыгын, Жүрөгүңүзгө бактыңыз. Ыр деген кезде мемиреп, Ысык-көл болуп жаттыңыз. Дабышын укса жакшы ырдын, Дайрадай толкуп актыңыз. Жүрөгүм ооруп жатат деп, Эркелеп бир аз жаттыңыз. Аалы экөөбүздү көргөндө, Тамаша сөздү чачтыңыз. Сиз менен элдин куту бар, Сиз менен биз да жакшыбыз. #камбаркан #музыка #дирижер #филармония #рысбекжумакунов #саламатсадыкова #аалытуткучев #азаматболгонбаев