Azamat Bolgonbaev
@azamat_bolgonbaev
Azamat Bolgonbaev

Подписчики: 19970
Посты: 1070
Подписки: 1472
КР эмгек синирген артисти, төкмө акын. КТРК Коомдук Байкоочу кеңештин төрагасы.
http://www.facebook.com/azamat.bolgonbaev


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
726   20
19.05.2020
Туулган күн куттуу болсун!!! Ырларды чагылгандай жазып жашап, Дайралардай ээ бербей ташып жашап. Тарых менен байыркы замандарды, Табериктей жүрөккө катып жашап. Бүткөн боюң ыр болуп толкуп турат, Поэзия сырларын ачып жашап. Сен өткөргөн ыр менен ар бир күндө, Ааламга да сыйбаган бакыт жатат. Ырдап жаша, ыр менен кенен жаша, Ырыскысы төгүлүп белен жаша. Ала Тоодой асманды тиреп жаша, Ысык-Көлдөй чайпалып терең жаша. Ак калпактын ар дайым кабыл болсун, Акындардын асылы деген бата. Сөз сөөлөтүн сыйлаган мурас жигит, Көкүрөктө намысы кубат жигит. Сен сүйлөгөн сөздөрдө баатырлардын, оттуу көзү жалындап турат күйүп. Узак жаша ырлардын кадырындай, Элге батып дарактын тамырындай. Чагылгандай чарт этип ар бир кебиң, Чачырап тур жанардын жалынындай! #мирлансамыйкожо #акын #поэзия #туулганкун #азаматболгонбаев @mirlan_samyikojo @mirlan_samyikojo @mirlan_samyikojo
690   7
10.05.2020 Бишкек Филармония
Маэстро кутман курак куттуу болсун! Бүгүн КР Эл артисти, кыргыз элин дүйнөгө тааныткан Чалагыз Исабаев атындагы "Камбаркан" фольклордук этнографиялык ансамблинин көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру Рысбек Жумакунов агайыбыз жана залкар замандашыбыз 60 жаш кутман куракка келип олтурат. Маараке куттуу болсун!!! Алтымыш жаштын кырына, Аргымак сындуу чаптыңыз. Өмүрдүн ачкан ажарын, Өнөрдө болду бактыңыз. Сырларын ачкан музанын, Сыйкырдуу таяк таптыңыз. Ал таяк менен чеги жок, Ааламын ырдын ачтыңыз. Тарыхтын улуу кайрыгын, Жүрөгүңүзгө бактыңыз. Ыр деген кезде мемиреп, Ысык-көл болуп жаттыңыз. Дабышын укса жакшы ырдын, Дайрадай толкуп актыңыз. Жүрөгүм ооруп жатат деп, Эркелеп бир аз жаттыңыз. Аалы экөөбүздү көргөндө, Тамаша сөздү чачтыңыз. Сиз менен элдин куту бар, Сиз менен биз да жакшыбыз. #камбаркан #музыка #дирижер #филармония #рысбекжумакунов #саламатсадыкова #аалытуткучев #азаматболгонбаев