БАКЫТ БАЙСАРИЕВ
@bakyt_baisariev_official
БАКЫТ БАЙСАРИЕВ

Подписчики: 181005
Посты: 784
Подписки: 4756
ПРАЗДНИК ТАМ ГДЕ МЫ ! 🎤#ВЕДУЩИЙ 🎤 🎤 #ТАМАДА 🎤 🎤 #SHOWMEN 🎤 📞+996559789988📞 📱+996707777888📱
https://wa.me/996559789988


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
2698   404   49129
10.05.2020
Оренбург облусунда талаада калып, ары, же бери кете албай калган кыргызстандыктардын жаңы видеосу тарады. Анда талаада бактардан арасында желим менен тосулган жерде отурган аялдарды көрүүгө болот. Алардын басымдуу бөлүгү ыйлап жатат. Видеону чыгарган Нурбек Аблазав аттуу жигиттин жазышынча, Оренбургдунгубернатору кыргыз бийлиги эле кол коюп берсе, алар жарандарды Кыргызстанга чейин коштоп барууга макул экенин айткан «Биздин эле бийлик, кол койсо жол ачык деп губернатор айтып жатат. Биздин бийлик даана "АШКОР" болду! "Жаманды кудай эмне албайт, жаткан төөгө мине албайт" - деп бекеринен айтылбаса керек», - деп жазды ал. Видеодо сүйлөп жаткан жигит аларга жолдон ары-бери өткөндөр тамак-аш таштап кетип жатканын да кошумчалады. Эске салсак, Орунбург облусунда талаада калган кыргыз мигранттар боюнча ТИМ дагы "Барометр" маалымат агенттигине маселени чечүү ойлогондой жеңил эместигин билдирген. Ошентсе да, алар качан, кантип алып келинери боюнча маселе ачык бойдон. Буга чейин КР ИИМдин Россиядагы өкүлү Аскат Алиев айрым таксисттер мигранттарды Кыргызстанга алып кетет деп алдап, орус-казак чек арасына чейин алып келип жатканын айтып, элди сабырдуулукка чакырган болчу.
Загрузка...