🎨БАЯН🎨 АКМАТОВ🎨
@bayan_akyn_official
🎨БАЯН🎨 АКМАТОВ🎨

Подписчики: 9841
Посты: 865
Подписки: 28
🌹0️⃣5️⃣5️⃣6️⃣6️⃣6️⃣9️⃣1️⃣6️⃣1️⃣🌹 🎶 КОМУЗ ҮЙРӨНҮҮ ✒Жазма, Төкмө АКЫН 🎤АЛЫП БАРУУЧУ 🎥 ЦЕНАРИЙ ⬇️ Ушул телеграмм сизге пайдалуу!
https://t.me/BayanAkmatov


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
341   13
02.06.2020
Негативдерден качканды үйрөнүп келе жатам, албетте коучтардын жардамы менен. @maksat_muktarov Жакшы кыял, жакшы ой, үзүлбөс үмүт чексиз пайдалуу экенин жөн гана билген жокмун, изилдедим! Сөздүн күңгөй, тескейин иликтеп, жиликтеп жүргөн учурдамын азыр. Буюрса дал ушулар тууралуу сабак берип калам жакында... Президент ойлонбогон, Минбардагы имамдын тиши өтпөгөн ачылыштарга күбө болуудамын го чиркиндики... Башыңарды көтөргүлө! Эртең Кыргызстан Кытай мамлекетине акыл үйрөтөт. Кантип деп ойлондуңуз э? Эгер "кантип" деп ойлонсоңуз комментке калтырыңыз. Жообун азыр эле айтам. Ушул кантип деген сурооңуз максаттарга жеткирбей жатат. Ал кантип деген сурооңузду Алла тааланын астына таштаңыз. Кантип деген суроону моюнуңузга жүктөп жүргөн үчүн Оорудуңуз, Сүйүүңүзгө жетпедиңиз, Акчаңыз аз, көңүлүңүз супсак, Кредит түйшүк, элдер менен сүйлөшө албайсыз, планыңыз ишке ашпайт, күнүмдүк эле өзгөрүүсүз жашап жүрөсүз. Бирок билип койуңуз! Адам атадан бери карай сиз бир жаралган, эч кимге окшобогон, бир келип кетүүчү инсансыз. Ал инсанды кордобоңуз, коргоңуз. Ал өзүңүз. Өзүңүз жөнүндө шашпай айтып берем, ал тема океан... Океандан бир аяк сузуп алсак жетиштүү. Сыр дайрада кең туруп, сыр аякка баткан суу. Чайпалсаң чайпал бирок төгүлбөгүн замандашым!
Загрузка...
328   6
28.08.2020
Максаттуу адамдар үчүн убакыт өтө маанилүү!Максатсыз адамдар үчүн гана мааниси жок. Ал эми кээ бир айбанаттар үчүн убакыт баарынан маанилүү... Жорголордун жана күлүктөрдүн тагдырын секундалар гана чечип койот эмеспи. Кумурскаларды убакыт менен иши жок деп ойлошубуз мүмкүн, бирок такыр андай эмес. Күндүн чыгышын, булуттардын жылышын жон териси менен сезип турат. Саресеп салып карап көрсөң жеп, ичип уктап гана күн көргөн чочколор үчүн убакыт маанилүү эместей сезилет. Секундалар, минуталар тагдырды өзгөртүшү мүмкүн... Өз убактыңдын баркын билбей, өлкөнүн убактысы тууралуу башыңды оорутуп не кыласың. Убакыт баарыбыздын устатыбыз. Кай минута? кай секундаларда бирөөлөр жарыкка келип, бирөөлөр жалгандан өтүп жатканы жаратуучунун убакыт ааламында сансыз эсептерге толуп жатса керек. Убакытка ант болсун!