🎨БАЯН🎨 АКМАТОВ🎨
@bayan_akyn_official
🎨БАЯН🎨 АКМАТОВ🎨

Подписчики: 9841
Посты: 865
Подписки: 28
🌹0️⃣5️⃣5️⃣6️⃣6️⃣6️⃣9️⃣1️⃣6️⃣1️⃣🌹 🎶 КОМУЗ ҮЙРӨНҮҮ ✒Жазма, Төкмө АКЫН 🎤АЛЫП БАРУУЧУ 🎥 ЦЕНАРИЙ ⬇️ Ушул телеграмм сизге пайдалуу!
https://t.me/BayanAkmatov


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
177   9
14.03.2020
Корона вирус тарбия! Калайык эске алгыла. Эске албастар кудайды, Эсеп жообун алдыда. Курттан алсыз экенбиз, Кудайым эске салдыда. Кытайдан эмес Кудайдан, Кыйыр маани бар мына. Эвропаны бейиш деп, Эңсегендер баргыла. Алы жетпес вируска, Америка бай... мына. Алыстап кеткен уул кыздар Аргасыз барды айлына. Антпесе келбейт элең деп Ата эне кучак жайды да. Илерки ислам өлкөсү, Италия ал мына. Таба эмес тобо деп, Тагдырга назар салгыла. Ааламга тилеп тынчтык, Алакандарды жайгыла. Башка жазганды көрөбүз, Батканда эмне кайгыга. Ажонун түрүн шайладык, Аскага кептеп салды да. Суречкини аңдыган, Сугалак мерген кайгыда. Садака зекет бербестен Сансыз кылдык малды да. Байкуштун көзүн күйгүзүп, Бажыраттык тамды да. Тоолук кыргыз элимдин Тойдон эси танды да. Жазыгы көп жарандар, Жан соога деген жан мына. Микроскоп көрбөс мителер, Милтесин такап калды да. Кашаң ат ашка сойулсун, Азамат бизде барбы ыя? Азаматтарды иргеген, Ал вирус балким тарбия!!! #коронавирус