🎨БАЯН🎨 АКМАТОВ🎨
@bayan_akyn_official
🎨БАЯН🎨 АКМАТОВ🎨

Подписчики: 9841
Посты: 865
Подписки: 28
🌹0️⃣5️⃣5️⃣6️⃣6️⃣6️⃣9️⃣1️⃣6️⃣1️⃣🌹 🎶 КОМУЗ ҮЙРӨНҮҮ ✒Жазма, Төкмө АКЫН 🎤АЛЫП БАРУУЧУ 🎥 ЦЕНАРИЙ ⬇️ Ушул телеграмм сизге пайдалуу!
https://t.me/BayanAkmatov


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
154  
01.01.2020
Эски жыл кандай жыл болду? Кетчи жыл кандай сыр болду? Соодасы чыгып ачыкка, Солтон сары чыр болду! Ырчыларга той болду. Сынчыларга мол болду, Темир тордун ичинде, Текебаев кор болду. Азамат мойнун жок кесе, Аргымак мойнун ок кесе. Жаш чыгарчы көздөрдөн, Жалындуу иштер жокко эсе. Жалдан балдар сабалды, Жаман кылды адамды. Аттиң жашоо кызык ээ.. Атамбаев камалды. Эски жыл мынча жым болду, ЭРЕМдер гана тың болду. Сооротуп элди башчыбыз, Соскесин берген жыл болду. Өткөнгө кимдер таң берди Өчкөнгө кимдер шаң берди Күрөшүп жатып эки дос, Күнөөсүз аскер жан берди. Журтум алга аттанды, Жумуп көздү шаттанды. Журт атасы көрүнбөй Журналисттер башкарды. Өгүзгө ээр токудук, Өң бозоруп чочудук. Кошунага шылдыңбыз, Контейнерде окудук. Бирөөлөр келди жарыкка Бирөөлөр жатты табытка Таламай, сабамайларды, Тапшырдык Кудай калыска. Таңкалбай деле калышты, Арданбай деле калышты. Карапайым эл байкуш, Өздөрүн өзү багышты. Жоболоң эмес ак кебим, Жоготуп бирден аскерин. Баягы эле боюнча, Баткеним менин Баткеним! Көзүңдү алба уул кыздан, Сөзүңдү арна жылдыздан. Уулдарың келе жатышат! Ураганды тургузган.. Акылдан найза сунгузган. Алдыда жакшы жылдар бар, Аз калды чыда! Кыргызстан!
Загрузка...
148   6
27.08.2020
Энекемдин даанышмандыгы. Эки үч ирээт энекем экөөбүз кошунаныкынан туз сурап, алып келдик. Үйдө туз жок калса керек деп ойлоп койчумун. Бирок карасам үйдө деле туз бар экен, болгондо да ашыгы менен. Кызыыыык.. энекем неге туз сурады экен деп табышмакка дуушар болдум. Бир күнү энекем- "Жүрү балам кошунаныкынан туз алып келели" деди. Мен таң кала-" Энеке үйдө туз бар экен го" дедим. Энекем мени жылмайа карап, маңдайыман сылап берекелүү ойлорун айтты. Балам кошуна бул эң ыйык жана урматтуу жандар! Кошунабыздын жашоо турмушу оор болгондуктан бизден дайыма ар нерсе сураганга муктаж болушат. Мен дагы сурап турушун каалайм. Уялып эч нерсе сурабай калбаса экен деп эң арзаныраак болгон тузду мен дагы алардан сурап турам. Сарсанаа болбо балам, эки кашык гана туз алабыз. Көрсө менин энем даанышмандардын даанышманы экен!!!
144   7
28.08.2020
Паук партия Кыргызчасы жөргөмүш, дал ошол жөргөмүштүн желесин эркеги салып, аяктаган соң ургаачысы ошол эркегин жеп салат экен. Желени салуу максаты-өлтүрүү, канын соруу, камакка алуу сыяктуу жалаң гана жамандыктар. Бул фактыны ойуман чыгарган жерим жок, касиеттүү курандын аяттарынан окудум... жана мисалдадым. Жөргөмүштөй каныңды соргон ким? Жериңди сатып, Эриңди атып сойгон ким? Илим менен билимди камаган ким? Маданият менен менен адабиятыңды сабаган ким? Кумтөр, Каркыра, Үзөңгүкуушту тоногон ким? Тендер менен кендериңди сологон ким? Албетте паук партия! Паук система! Паук башкаруу! Кыргызым пауктун желесинен кутулуп пайдубалың бекем, пайгамбардай жигитиң эсен болуп падышадай карылар көсөм болуп Эгемендик күнүңдүн асылын майрамда! Жөргөмүштүн желеси бузулуп ордуна булбул уя салып, тынчтыктын обонун созсун!
139   4
22.05.2020
Эки колуңузду караңыз🤲! оң колдо беш манжа, Сол колдо беш манжа бар туурабы? Эми оң колдун манжаларын тизмектейли. Бармак- Баймын Сөөмөй- Сөзүм өтүмдүү Ортон- Оорубаймын Атыжок- Арманым жок Чыпалак- чыдамкай баатырмын. Эми сол кол. Бармак- Бай эмесмин. Сөөмөй- Сөзүмдү эч ким укпайт Ортон- Ооруп калсам кантем Аты жок- Арманым көп Чыпалак- Чыдамым жок, алсызмын. Өзүңүзгө суроо бериңиз. Оң колдогуларды көп ойлоносузбу же сол колбу? Кайсынысын көп ойлонсоңуз ошол сизде болот. Ойлор, кыялдар дуа же аруу тилек деп билиңиз. Алла таала күрөө тамырыңыздан да жакын☝️Кимисин көп ойлонсоңуз Алла таала сизге ошону берет. Эки колдун ортосунда сиз барсыз. Эки кол дегеним эки жол! Бакытка жана бактысыздыкка! Азыр дагы кеч эмес! Баса мындай суроо-Сиз буга чейин кайсыл колуңуздагы ой кыял менен жашап келдиңиз? Калп айтпай ачык жазсаңыз жакшы болот.