Чынар Капарова
@chynara_kaparova
Чынар Капарова

Подписчики: 128584
Посты: 598
Подписки: 362
Журналист, телеведущая, преподаватель, Journalist, TV presenter, lecturer
Загрузка...
Halloween, же Хеллоуин! Ар бир элдин, же улуттун, уруунун озуно тиешелуу салты, адаты, майрамы бар. Америкалыктар бул кунго кылдат даярданат. Майрамдын тарыхына кайрылсак, Илгери Европада 1-ноябрга караган туну жаны жыл башталат жана кыш мезгилине отуу деп эсептелген. Дал ушул туну козу отуп кеткен туугандардын жаны асмандан жерге тушот делет. Бирок алар менен коркунучтуу арбактар кошо келет деп билишкен. Эл ошол коркунучтуу, каардуу арбактарды адаштырып, алардан качуу максатында оздору да алардын кебетесине окшоп кийинип, боенуп алышчу тура... ушул жерден мен чон апамдын ырым-тарбиясын эстедим. Бала кезде бири-бирибизди коркуталы деп шейшеп жамынып, чачыбызды саксайтып ойномокчу болдук. Ошондо чон апам бизге «балдарым, силерди биздикидер экен деп арбактар жетелеп кетет, антип ойнобогула» деп тилдеген... демек, биздин тушунук башка. Эмне учун Хеллоуин жонундо кеп козгодум? Биле журолу, туурабайлы, сындабайлы. Ар бир эл оз эркиндигине ээ! Сиздерге америкалыктардын Хеллоуин майрамына жеринде кубо болуп жургон менден салам! ___________________________________________________ Halloween is one of the most loved holiday in the US and all around the world. Everyone can show his or her creativity and make dreams come true. My children always dress up for Halloween, but there I saw the atmosphere of REAL holiday!! It was magnificent!!

Загрузка...
1864   95
28.06.2020
Чоң апамдын кара таш. Чоң апамдын 5-6 чакан кара ташы бар эле. Кимдир бирөөбүз тумоолоп калсак ошол кара таштарды казанга ысытып, суу чачып, буулап айыктырып салчу. Мен да ошол ыкманы көп колдонуп жүрдүм. ______________________________________________________________ Балдарыма дайыма айтчу элем. “Мурдуңар бир аз агып, же тамагыңан кычыша баштаганын, бутуңар муздап турганынын байкасанар дароо айткыла. Болбосо дары берем, же ийне сайдырам” деп коркутуп койчумун. Дароо чуркап келишээр эле. Мен да чоң апамдын ыкмасы менен алардын бутун, бети-башын ысыта буулап, ысык сүт берип, жылуу жаткырып кочумун. Ооруну учурунда баскандан бекен, айтоор биздин үйдө тумоо көпкө жашачу эмес. ______________________________________________________________ Жакынкы күнү да уулум тамагым кычышкансып турат дегенинен буулап, ысытып, ысык сүткө бал кошуп берип жаткырып койдум. Эртеси чуркап кетти. ______________________________________________________________Эми бул коронавирус “чоң апалардын ыкмасын” тоотпосо керек, а мүмкүн алдын алып койгон деле оңбу дейм... Менин ыкмам: кокус тамак кычыша баштаса мурун, ооз көңдөйлөрүн туз кошулган суу менен тазалап, бутту ванна тузу кошулган сууга буулап, ысыгыраак лимон чайдан ичип, тердеп, бир сутка үйдөн чыкпай байкоо жүргүзүңүз. Бир тердеп тургандан кийин шорпо пайдалуу. Бул албетте башталайын деп турган кадимки тумоого жардам берет... Элдик ыкмалардан болушобуз, достор!