Чынар Капарова
@chynara_kaparova
Чынар Капарова

Подписчики: 128584
Посты: 598
Подписки: 362
Журналист, телеведущая, преподаватель, Journalist, TV presenter, lecturer
Загрузка...
Virginia city., USA🇺🇸. __________________________________________________________ Вирджиния-Сити - город призрак🤦‍♀️😱💀. ___________________________________________________________ Мындай аталып калганынын себеби, XVIII кылымда бул аймакта алтын лихорадка башталып, алтынга башы айлангандардын шаарчасына айланган экен. Алтын учун кандай гана окуялар болбогон... Бирок алтын кору тугонгон сон эл кете баштап, шаар бош калат. Кийинчерээк бул аймак ковбой шаарчасы аталып, туристтик аймакка айланыптыр. Шаарда азыр да ковбой стили менен «ооругандар» бар экен. Керек болсо шаар башчысы да ковбой кийим менен журот 😏 __________________________________________________________ A famous gold rush period created Virginia city. People established this town, when they had found a huge gold deposit there. Unfortunately, natural resources have a limit and a lot of people moved off. Since then, the town has been almost completely abandoned, that is why it is a “ghost town”

Загрузка...
1864   95
28.06.2020
Чоң апамдын кара таш. Чоң апамдын 5-6 чакан кара ташы бар эле. Кимдир бирөөбүз тумоолоп калсак ошол кара таштарды казанга ысытып, суу чачып, буулап айыктырып салчу. Мен да ошол ыкманы көп колдонуп жүрдүм. ______________________________________________________________ Балдарыма дайыма айтчу элем. “Мурдуңар бир аз агып, же тамагыңан кычыша баштаганын, бутуңар муздап турганынын байкасанар дароо айткыла. Болбосо дары берем, же ийне сайдырам” деп коркутуп койчумун. Дароо чуркап келишээр эле. Мен да чоң апамдын ыкмасы менен алардын бутун, бети-башын ысыта буулап, ысык сүт берип, жылуу жаткырып кочумун. Ооруну учурунда баскандан бекен, айтоор биздин үйдө тумоо көпкө жашачу эмес. ______________________________________________________________ Жакынкы күнү да уулум тамагым кычышкансып турат дегенинен буулап, ысытып, ысык сүткө бал кошуп берип жаткырып койдум. Эртеси чуркап кетти. ______________________________________________________________Эми бул коронавирус “чоң апалардын ыкмасын” тоотпосо керек, а мүмкүн алдын алып койгон деле оңбу дейм... Менин ыкмам: кокус тамак кычыша баштаса мурун, ооз көңдөйлөрүн туз кошулган суу менен тазалап, бутту ванна тузу кошулган сууга буулап, ысыгыраак лимон чайдан ичип, тердеп, бир сутка үйдөн чыкпай байкоо жүргүзүңүз. Бир тердеп тургандан кийин шорпо пайдалуу. Бул албетте башталайын деп турган кадимки тумоого жардам берет... Элдик ыкмалардан болушобуз, достор!