Чынар Капарова
@chynara_kaparova
Чынар Капарова

Подписчики: 128584
Посты: 598
Подписки: 362
Журналист, телеведущая, преподаватель, Journalist, TV presenter, lecturer
Загрузка...
Кыргызско-Турецкий университет \u00abМанас\u00bb
ЧҮКӨ! Студеттеримдин арасында жаңыча ойлонгон, окуу менен ишкерликти бирдей алып кеткен жаштар бар. Алардын бири - Алтынбек Айбек уулу. Алтынбек чүкө топтоп, аны тазалап, боеп, улуттук табитте жасалгаланып тигилген баштыкчага салып, бизге жана биздин меймандарга сунуштап келет. Аны менен чүкө оюндарын да жайылтуу аракетин көрүүдө (телефондошкон заманда жакшы аракет!). Бүгүнкү сабагыбыздын он мүнөтүн Алтынбектин чүкөсүнө арнап, кызыктуу маалыматтарды алдык. Эсимде, уулдуу болгуң келсе ырымдап чүкө чогулт дегенинен, чүкө чогулткан элем. Ооба, уулдуу болгом. Демек, чүкө менен оюн, улуттук белек гана эмес, ырым-жырымдар да байланыштуу. Кошумча пикирлериниздерди күтөм... PS: Эгерде чет элден келген мейманга, уулдуу болгон жакынынызга ж.б чүкө топтомун белек кылгыныз келсе, кайрылыныз #chukoland. _______________________________________________________________ Chuko is an attribute of Kyrgyz people, which is used in many national games.😊👍

Загрузка...
1864   95
28.06.2020
Чоң апамдын кара таш. Чоң апамдын 5-6 чакан кара ташы бар эле. Кимдир бирөөбүз тумоолоп калсак ошол кара таштарды казанга ысытып, суу чачып, буулап айыктырып салчу. Мен да ошол ыкманы көп колдонуп жүрдүм. ______________________________________________________________ Балдарыма дайыма айтчу элем. “Мурдуңар бир аз агып, же тамагыңан кычыша баштаганын, бутуңар муздап турганынын байкасанар дароо айткыла. Болбосо дары берем, же ийне сайдырам” деп коркутуп койчумун. Дароо чуркап келишээр эле. Мен да чоң апамдын ыкмасы менен алардын бутун, бети-башын ысыта буулап, ысык сүт берип, жылуу жаткырып кочумун. Ооруну учурунда баскандан бекен, айтоор биздин үйдө тумоо көпкө жашачу эмес. ______________________________________________________________ Жакынкы күнү да уулум тамагым кычышкансып турат дегенинен буулап, ысытып, ысык сүткө бал кошуп берип жаткырып койдум. Эртеси чуркап кетти. ______________________________________________________________Эми бул коронавирус “чоң апалардын ыкмасын” тоотпосо керек, а мүмкүн алдын алып койгон деле оңбу дейм... Менин ыкмам: кокус тамак кычыша баштаса мурун, ооз көңдөйлөрүн туз кошулган суу менен тазалап, бутту ванна тузу кошулган сууга буулап, ысыгыраак лимон чайдан ичип, тердеп, бир сутка үйдөн чыкпай байкоо жүргүзүңүз. Бир тердеп тургандан кийин шорпо пайдалуу. Бул албетте башталайын деп турган кадимки тумоого жардам берет... Элдик ыкмалардан болушобуз, достор!