Чынар Капарова
@chynara_kaparova
Чынар Капарова

Подписчики: 128584
Посты: 598
Подписки: 362
Журналист, телеведущая, преподаватель, Journalist, TV presenter, lecturer
Загрузка...
Бардык айым – жагымдуу😘😘😘 Жаш жана жагымдуу көрүнүүнүн сыры менен бөлүшкүм келди. Анткени менин жеке баракчама бул багыттагы суроолорду берген кыз-келин, эже-сиңди, курбулар көп! Азыр мен 43 жаштамын🤫! Албетте карылыктын да бактысын көргүм келет🙏, бирок “карыгым” келбейт😏! Косметологиядагы менин принцибим: кеч боло электе!!!тери көйгөйлөрүн алдын алуу☺️☺️☺️. Ошондуктан мүмкүнчүлүккө жараша жакшы косметика менен косметологдон акчаны аябай!!!......😊😊😊😘. - Мезатерапия. Мен бул процедураны 35 жашымда баштагам. Бул бет териге гиалурон, витаминдерди жана сергитүүчү каражаттарды киргизүү; - Нейронокс. Бул процедура чекедеги жана көздүн айланасындагы майда мимикалык бырыштарды болтурбоо үчүн сунушталат; - Пилинг RX, жаз алды бул процедураны алуу менен бет терисин бир жылда бир “жаңылоо”. - Терини тазалоо, бул кызматты дагы бир жылда бир жолу пайдаланам; - Бет териге массаж, каалаган учуруңузда пайдалана бересиз! Албетте, бул үчүн көп акча келектелет деп ойлошуңуз мүмкүн. Жок😡! Жылына бир жолу өзүңүзгө бир аз каражат бөлүп коюңуз. Айрым косметологдор бул процедураларды жарым жылда бир жасоо керектигин айтышат. Андай эмес! Мен бир жылда бир гана жолу, жаз алды өзүмө убакыт да, акча да камдап, косметологдун кызматын пайдаланам🙋‍♀️ Эгерде 30 же 40 жаштан кийин кымбат крем жардам берет деп ойлосоңуз жаңылышасыз! Эч кандай крем Сизге жардамчы боло албайт! Кремдин кызматы башка)) Сиздин маселени косметология жана мыкты косметолог гана чечип бере алат. Мындай учурда косметологду да туура тандоо өзгөчө маанилүү😉 Сулуу жана жагымдуу болуңуз, курбум!😘😘😘. @tsarevna.kg @million_fashion_kg. РS: Баса, косметологго такыр шартыныз болбосо, менден арзан, текшерилген, уй шартына ылайыктуу пилинг; бир таблетка аспирин менен бир таблетка аскорбинканы ундай майдалап, жакшы аралаштырып, ага бир чай кашык слив.йогурт кошунуз. Бул уч кошулманы жакшы аралаштырып, тазаланган бетке жабыныз. 15-20 мин кийин жылуу суу менен жууп, муздак сууга жузунузду чайкап, крем суйкоп коюнуз! Бул процедураны жумасына 2 Жолу гана жасаныз! Жыйынтыгы менен болушосуз деп ишенем😊😊😊

Загрузка...
1864   95
28.06.2020
Чоң апамдын кара таш. Чоң апамдын 5-6 чакан кара ташы бар эле. Кимдир бирөөбүз тумоолоп калсак ошол кара таштарды казанга ысытып, суу чачып, буулап айыктырып салчу. Мен да ошол ыкманы көп колдонуп жүрдүм. ______________________________________________________________ Балдарыма дайыма айтчу элем. “Мурдуңар бир аз агып, же тамагыңан кычыша баштаганын, бутуңар муздап турганынын байкасанар дароо айткыла. Болбосо дары берем, же ийне сайдырам” деп коркутуп койчумун. Дароо чуркап келишээр эле. Мен да чоң апамдын ыкмасы менен алардын бутун, бети-башын ысыта буулап, ысык сүт берип, жылуу жаткырып кочумун. Ооруну учурунда баскандан бекен, айтоор биздин үйдө тумоо көпкө жашачу эмес. ______________________________________________________________ Жакынкы күнү да уулум тамагым кычышкансып турат дегенинен буулап, ысытып, ысык сүткө бал кошуп берип жаткырып койдум. Эртеси чуркап кетти. ______________________________________________________________Эми бул коронавирус “чоң апалардын ыкмасын” тоотпосо керек, а мүмкүн алдын алып койгон деле оңбу дейм... Менин ыкмам: кокус тамак кычыша баштаса мурун, ооз көңдөйлөрүн туз кошулган суу менен тазалап, бутту ванна тузу кошулган сууга буулап, ысыгыраак лимон чайдан ичип, тердеп, бир сутка үйдөн чыкпай байкоо жүргүзүңүз. Бир тердеп тургандан кийин шорпо пайдалуу. Бул албетте башталайын деп турган кадимки тумоого жардам берет... Элдик ыкмалардан болушобуз, достор!