Чынар Капарова
@chynara_kaparova
Чынар Капарова

Подписчики: 128584
Посты: 598
Подписки: 362
Журналист, телеведущая, преподаватель, Journalist, TV presenter, lecturer
Загрузка...
ДЕПУТАТ ИЗДЕЙМ! _____________________________________________________________ Биздин заманга чейин жашап өткөн белгилүү философ Диоген афиналыктарга "силер адам деген жогорку атка татыктуу эмессинер!” деп чакырык таштап, чак түштө колуна шамчыракты жандырып алып “Адам издейм!” деп көчөмө-көчө адам издеп жөнөйт..! ______________________________________________________________Анын сыңары, мен да Жогорку Кеңешке кирип барып “Депутат издейм, чыныгы депутат издейм...” деп зал ичин кыдыргым келген учурлар болду🤔🤔🤔 Ооба, депутаттар көп, бирок аты затына туура келбеген да өкүлдөр бар же жок экенин коомчулук өзү баалап, баамдап калды😏😏😏 Эмне айткым келди... _______________________________________________________________ 1. Депутат деген ким? Бул суроону мен студенттерге бердим👏👏👏 Бактыга жараша депутат деген терминди жана алардын милдеттерин бардыгы билет экен... _______________________________________________________________ 2. Биздин депутаттар кандай иш аткарат?🤔 Бул суроо албетте, талаш жаратты. Бири депуттар маселелерди чечип, эл үчүн иштеп жатат десе, башкалары депутаттар эч нерсе кылбай эле акча алган адамдар деп да жооп берип жатышты. 3. Бизде канча депутат бар жана кимдерди тааныйсыздар? 🤫 Студенттер 120 депутат бер экенин билет. Бирок тамашакой жаштар “Эже, алардын санын деле билбейт элек, 120 кой дегенден кийин эле депутаттар 120 турбайбы деп билип калдык” дешти. Бирок кимдерди таанышат? Болгону 20-30 гана депутатты студенттер тааныйт! Эми Сиздерге суроом: депутаттарды бардыгы таанышы керекпи, же шайланып келген аймагы тааныса жетеби? (Мен жооп билем)) Сиздерден жооп күтөм...

Загрузка...
1864   95
28.06.2020
Чоң апамдын кара таш. Чоң апамдын 5-6 чакан кара ташы бар эле. Кимдир бирөөбүз тумоолоп калсак ошол кара таштарды казанга ысытып, суу чачып, буулап айыктырып салчу. Мен да ошол ыкманы көп колдонуп жүрдүм. ______________________________________________________________ Балдарыма дайыма айтчу элем. “Мурдуңар бир аз агып, же тамагыңан кычыша баштаганын, бутуңар муздап турганынын байкасанар дароо айткыла. Болбосо дары берем, же ийне сайдырам” деп коркутуп койчумун. Дароо чуркап келишээр эле. Мен да чоң апамдын ыкмасы менен алардын бутун, бети-башын ысыта буулап, ысык сүт берип, жылуу жаткырып кочумун. Ооруну учурунда баскандан бекен, айтоор биздин үйдө тумоо көпкө жашачу эмес. ______________________________________________________________ Жакынкы күнү да уулум тамагым кычышкансып турат дегенинен буулап, ысытып, ысык сүткө бал кошуп берип жаткырып койдум. Эртеси чуркап кетти. ______________________________________________________________Эми бул коронавирус “чоң апалардын ыкмасын” тоотпосо керек, а мүмкүн алдын алып койгон деле оңбу дейм... Менин ыкмам: кокус тамак кычыша баштаса мурун, ооз көңдөйлөрүн туз кошулган суу менен тазалап, бутту ванна тузу кошулган сууга буулап, ысыгыраак лимон чайдан ичип, тердеп, бир сутка үйдөн чыкпай байкоо жүргүзүңүз. Бир тердеп тургандан кийин шорпо пайдалуу. Бул албетте башталайын деп турган кадимки тумоого жардам берет... Элдик ыкмалардан болушобуз, достор!