Чынар Капарова
@chynara_kaparova
Чынар Капарова

Подписчики: 128584
Посты: 598
Подписки: 362
Журналист, телеведущая, преподаватель, Journalist, TV presenter, lecturer
Загрузка...
Шайлоо: тобокелдик жана таарынычтар. Азыр коомдун көңүлү күздө боло турган шайлоодо... Партиялар катарын топтоо, жаңылоо, биригүү, каржысын тактоо менен, ал эми акчасы, же атагы барлар партия тандоо менен алек болуп жаткандай))) ______________________________________________________________ Шайлоо – тобокелдик! Албетте өтө турган партиялар 3-4 болушу мүмкүн, алардын каржысы да чечилип, батасы да берилип калды деген кепти баарыбыз эле угуп жатпайбызбы)) Өтөөр-өтпөсү арсар, же “өтөм!” деп көкүрөк кагып сүйлөгөнү менен, кабинетинде “кандай болуп кетээр экен...” деп санаага батканы андан да көп... Ооба, тобокелдик. Эң оболу каржылык тобокелдик. Шайлоонун өзү акча. Акчасыз шайлоого баруу, куралсыз согушка аттангандай эле көрүнүш. “Акча албай шайлайлы!!!” деп кыйкырык салып жаткандар деле акыры акчанын кулу болуп бериши турган иш! Бул биздин элдин салты болуп калгандай... Бирок, элдин пикирин эске алган айрым партиялар катарын жаңы жүздөр, билимдүү инсандар, кадырлуу адамдар менен толуктоо аракетинде болуп жатканы да жакшы көрүнүш. Демек элдин талабы менен эсептешкендик! Эл акча алат, албайт... Ошондой болсо да азыр партиянын курамына бир аз болсо да көңүл бурулаары анык. Шайлоо – таарынычтар! Ошол топтолгон адамдардын бардыгы эле депутат болуп калаар-калбасы да маселе. Саналуу адамдар депутат болуп келет, эң азы 11. Депутат болбой калганы таарынычын чыгарат. Өзүнүн да, тобунун да абийирине шек келтирет. Анткени акча. Акча салган, чачкан, тараткан... Бул жерде адамгерчилик жана адеп-ахлак маселеси биринчи орунда. Партияны тандадыңбы, ошол партиянын уставына баш ий, сөзүн сүйлө, лидерди туу тут! Лидер сени депутат кылам деп убада бербейт! Анан акча маселеси. Чачылдыңбы, демек үй бүлөңдөн ашып жаткан каржың бар да. Тараттың. Өзүң үчүн, партия үчүн чачылдың. Буга моралдык жактан даярданып бардың. Өтпөй калдыңбы, капа болбо, командаңды жамандаба, унчукпа! Өтүп кеттиңби, бирок жетиштүү, команда талап кылган добуш ала алган жоксуңбу, капа болбо, сөз бергенсиң, татыктуу добуш алган талапкерге орун бошот. Бул шайлоо... Биздин шайлоо... Жөн эле ойлор...

Загрузка...
1864   95
28.06.2020
Чоң апамдын кара таш. Чоң апамдын 5-6 чакан кара ташы бар эле. Кимдир бирөөбүз тумоолоп калсак ошол кара таштарды казанга ысытып, суу чачып, буулап айыктырып салчу. Мен да ошол ыкманы көп колдонуп жүрдүм. ______________________________________________________________ Балдарыма дайыма айтчу элем. “Мурдуңар бир аз агып, же тамагыңан кычыша баштаганын, бутуңар муздап турганынын байкасанар дароо айткыла. Болбосо дары берем, же ийне сайдырам” деп коркутуп койчумун. Дароо чуркап келишээр эле. Мен да чоң апамдын ыкмасы менен алардын бутун, бети-башын ысыта буулап, ысык сүт берип, жылуу жаткырып кочумун. Ооруну учурунда баскандан бекен, айтоор биздин үйдө тумоо көпкө жашачу эмес. ______________________________________________________________ Жакынкы күнү да уулум тамагым кычышкансып турат дегенинен буулап, ысытып, ысык сүткө бал кошуп берип жаткырып койдум. Эртеси чуркап кетти. ______________________________________________________________Эми бул коронавирус “чоң апалардын ыкмасын” тоотпосо керек, а мүмкүн алдын алып койгон деле оңбу дейм... Менин ыкмам: кокус тамак кычыша баштаса мурун, ооз көңдөйлөрүн туз кошулган суу менен тазалап, бутту ванна тузу кошулган сууга буулап, ысыгыраак лимон чайдан ичип, тердеп, бир сутка үйдөн чыкпай байкоо жүргүзүңүз. Бир тердеп тургандан кийин шорпо пайдалуу. Бул албетте башталайын деп турган кадимки тумоого жардам берет... Элдик ыкмалардан болушобуз, достор!